Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамды өлтүргөн деп айыпталып өмүр бою соттолгон Чынтемир Аширалиевдин жактоочусунун апелляциялык арызын кароо улантылды.
Бүгүнкү процессте айыпталуучу Чынтемир Аширалиев көрсөтмө берүүсүн улантты.
Буга чейин 10-январдагы отурумда Аширалиев окуя так эсинде жок экенин, маркум уулу менен кызды ал өлтүрүшү мүмкүн эмес экенин айткан. Ошондой эле балдар апасы Алтынай Канзаманованын колунан каза тапкан болушу мүмкүн деп, күнөөнү маркум аялга оодарган.
Бүгүнкү процессте прокурор соттолуучудан “Алтынай Канзаманованы ким өлтүргөн?” деген суроо узатты.
Аширалиев “Балким мен, балким кызы” деген жооп узатты.
Андан кийин прокурор “Анда кызды ким өлтүрдү?” деп, Аширалиевдин өткөндөгү жана бүгүнкү көрсөтмөлөрү карама-каршы келип жатканын белгиледи.
Аширалиев “Ал өзү терезеден секирип кеткен” деди.
Маркум баланы ким өлтүргөн деген суроого ал “Алтынай Канзаманова” деп, күнөөнү кайра балдардын апасына шылтады.
Эске салсак, 2023-жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
3-ноябрда Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди үч адамды өлтүргөн деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.
Анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган болчу.
Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.