Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунда үйү түрттүрүлүп, андан кийин президенттин колдоосу менен жаңы үй салынган Марал Шаболотова жеринин кызыл китебин алды. Бул тууралуу Ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал кайрылуусунда президентке, кыргызстандыктарга жана Ак-Ордо элине ыраазычылыгын айтты.
Эскерте кетсек, Бишкектин чет жакасындагы Ак-Ордо-3 конушунун Марал Шаболотова аттуу тургунунун үйү 2023-жылдын 1-мартында түрттүрүлүп, аял балдары менен көчөдө калган видео социалдык тармактарга тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен.
Президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган аял менен жолуккан. Мамлекет башчысы күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.
Мындан сырткары Садыр Жапаров 6-мартта жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алган.
Ошондой эле министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 27-пункту жокко чыгарылды.