SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө бул жолу 23 жаштагы Жыргалбек Дехканов болмокчу. Ал учурда дүйнөдөгү эң кооз жана эс алуучулар көп барган Мальдив аралында эмгектенет.
Жыргалбек 2001-жылы Баткендин Жаңы-Бак айылында төрөлгөн. Мектепти ошол эле айылда окуп, андан соң Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Менеджмент бөлүмүн бүтүргөн. Каарманыбыз туристтерди тартуу үчүн эң биринчи ыңгайлуу транспорт, таза даараткана жана жакшы тейлөө өтө маанилүү экенин айтып өттү.
— Жыргалбек, саламатсызбы! Учурда Мальдив аралында иштейт экенсиз. Ал жакка кантип барып калдыңыз эле?
— Саламатсызбы? Негизи мектепте окуп жүргөндө чет өлкөгө баруу, саякат кылуу өтө жакчу. Университетке тапшыргандан кийин жайкы каникулда Түркияга барып иштеп келдим. Андан кийин Кипр өлкөсүнө бардым. Ал жерде жүргөндө Мальдив тууралуу угуп калдым. Ошентип ал жакка кетүүгө аракет кыла баштадым. Андан соң аларга (жумуш берүүчү компанияга) резюмемди жибергем, эки айдан кийин мага чакыруу келди. Ошентип бул жакта иштеп калдым.
— Жумушка орношуу үчүн кандай талаптар бар экен, канча убакыт даярдандыңыз?
— Мальдив - бул дүйнөдөгү эң белгилүү туристтик өлкө. Азыркы учурда бул жерде иштөө менен өтө чоң эл аралык тажрыйба алуудамын.
Мальдивге жумушка келүү үчүн эң биринчи англис тилин билиш керек. Андан кийин туризм же тейлөө тармагында тажрыйбанын болушу шарт. Анан, албетте, каалоо керек. Эгер каалоо күч болсо, ар бир адам Мальдивге келе алат деп ойлойм.
— Дүйнөдөгү эң кооз жерде иштейт экенсиз. Ал жакта башка дагы мекендештерибиз барбы?
— Негизи Мальдив миңдеген аралдардан турат. Алардын ичинде жүздөгөн резорттор бар. Тилекке каршы, мен иштеген аралда Кыргызстандан жалгыз элемин, башка арал резорттордо бар, бирок аз санда.
— Азаматсыз! Иш менен эс алууну бирге айкалыштырып алып жүрөт экенсиз да. Жумушуңуз тууралуу айта кетсеңиз…
— Мен бул жакта бартендер болуп иштейм. Эң негизгиси жумушум өзүмө жагат. Күнүнө 8 саат жумуш, жумасына бир күн эс алабыз. Бош убактымда океанга барып сүзгөндү жакшы көрөм, кээде борбор шаары Малеге барып эс алып келем. Анан бул жакта иштегендерге резорттордо эс алууга жакшы арзандатуулар болот.
— Жумушуңузга байланыштуу ар кайсы улуттагы адамдар менен иш алып барат экенсиз. Алар менен тил табышуу кандай болуп жатат?
— Ооба, кызматкерлер дүйнөнүн төрт бурчунан Индия, Шри-Ланка, Индонезия, Бангладеш, Кытай жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн келишет. Ар бир өлкөнүн өзүнүн акценти болгону үчүн башында тилин түшүнүү кыйын болгон. Азыр түшүнүп, сүйлөшүп калдым.
— Кыргызстанда дагы туризмди жакшыртуу үчүн, туристтердин санын көбөйтүүдө кандай ыкмаларды колдонсок болот деп ойлойсуз? Ал жактагы үйрөнгөн тажрыйбаңыз менен бөлүшө кетсеңиз...
— Мальдивде мамлекеттик бюджеттин 70 пайызын туризм тармагынан түшкөн акчалар түзөт. Бул көрсөткүч, тилекке каршы, Кыргызстанда 10 пайызга да жетпейт. Бирок биздин өлкөнүн потенциалы өтө жогору. Деңизибиз жок болсо да, кереметтүү Ысык-Көлүбүз бар, абасы таза ала-тообуз бар, келген туристтин жүрөгүнөн орун ала турчу кооз жаратылышыбыз бар.
Ал эми келген туристтердин санын көбөйтүү үчүн эң негизгиси - бул тейлөө: таза дааратканалар, туристтик жайларга ыңгайлуу маршурттук каттамдардын болушу, жергиликтүү калктын туристтерге кылган мамилеси да өтө маанилүү.
— Анан айта кетсеңиз, эмне үчүн Мальдив аралында иштөөнү чечтиңиз, сизди эмнеси таасирлентти эле?
— Мальдив - бул дүйнөнүн курорту болуп эсептелет. Кызматкерлерге бардык шарттар каралган. Жашаган жерибиз, тамак-ашыбыз баары акысыз. Айына 1500-5000 долларга чейин тапса болот. Андан сырткары англис тилин практика кылып жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси тажрыйба топтойсуң. Буюрса, керектүү тажрыйба алгандан кийин өлкөбүзгө кайтып туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошом деген ниеттер бар. Бирок акыркы бир-эки жыл бул жакта болом. Эгер Кыргызстандан жакшы долбоор, сунуштар болуп калса барып иштеп, өз тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын.
— Учурда чет өлкөдө иштөө үчүн англис тили өтө маанилүү. Буга канча убакыт сарптадыңыз? Негизи эле тил үйрөнүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?
— Ооба, англис тилин билсең көптөгөн эшиктер ачылат. Англис тилин үйрөнүү, негизи эле жаңы тил үйрөнүү үчүн эмгек, дисциплина, туруктуулук керек. Мен бир жылдай Кипр өлкөсүндө жашап, иштеп калдым. Ал жактан Африкадан келген көптөгөн досторду таптым. Алар менен күн сайын сүйлөшүп, практика кылып баштадым. Граматиканы болсо, өз алдымча онлайн окуп жаттым. Азыр да өтө жакшы билем деп айта албайм, өзүмдүн оюмду айтып, башка бирөөнү түшүнгөнгө жетет.
— Ишиңизге ийгилик! Маек үчүн ыраазычылык.
Мальдив аралынын сүрөттөрү