Тегеран Сириянын жаңы бийлиги менен мамиле түзүүгө шашылбайт

Тегеран Дамасктагы жаңы бийлик менен мамиле түзүүгө шашылбайт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдиргенин жазды.

"Иран биринчи кезекте Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоону, чет элдик баскынчыларды сүрүп чыгарууну жактайт. Биз Сирияда элдин кызыкчылыгына жооп берген өкмөттү түзүүгө кызыкдарбыз. Биз алар менен сөзсүз түрдө мамиле түзөбүз. Бирок азырынча бул талкууда", - деген ал.

Эске салсак, Сирияда Башар Асаддын бийлиги өткөн жылдын 8-декабрында куралдуу төңкөрүштөн кийин кулатылган. Асад өзү Орусиядан башпаанек алууга жетишкен. Мындан улам Дамаскта жаңы бийлик түзүлүп, өлкөнүн өткөөл мезгилдеги президенти болуп “Хаят Тахрир аш-Шам” тобунун лидери Ахмед аль-Шараа дайындалган.

Болуп өткөн окуялардан кийин Асаддын бийлигине колдоо көрсөтүп келген Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Сириядагы аскердик төңкөрүшкө АКШ менен Израилди айыптап, бул ишке Түркиянын да тиешеси бар экенин кыйыткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан