Эмгек министрлиги Москвада сабалды делген кыргызстандыктар тууралуу маалымат берди

Москвадагы мончолордун биринде кармалган кыргызстандыктардын 24үнүн 20сы бошотулуп, 4ү Орусиядан чыгарылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрлик Москвадагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктардын укугун коргоого дароо кошулуп, өлкөнүн Орусиядагы элчилиги менен бирге полиция бөлүмдөрүнө кайрылганын белгиледи. Бирок 4 кыргызстандык эмне себептен чыгарыларын ачыктаган жок.

Эске салсак, кечээ, 12-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасында Москвадагы кыргызстандык ишкердин мончосунда кыргыз жаранды сабалганын билдирип, видео жарыялаган болчу. Көп өтпөй Тышкы иштер министрлиги Москванын Тимирязев райондук полициясына жеткирилген кыргызстандыктарга укуктук жардам берилип жатканын билдирген. ТИМ ошондой эле Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан эмгек мигранттарына жасалган мыйзамсыз аракеттер такталып жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
munar1980
2025-04-13 16:23:00
Чыгарылгандары да штраф менен чыкса керек
0
bazar
2025-04-14 02:29:00
Мындай "аракеттерди" Орус бийлиги колдойт негизи. Биздин ТИМ (Тышкы иштер министрлиги) жана элчиликтин колунан эшектин да тушоосу чечилбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан