Жоомарт Оторбаев опера жана балет театрынын башчысын кызматтан алды

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын башчысы Тимур Саламатов кызматтан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун SUPER.KG`ге өкмөттөн билдиришти. 
Аталган театрдын сахнасын туулган күн өткөрүп, ичимдик ичүүчү жайга айландырган окуя коомчулуктун катуу кыжырдануусун жаратты. Сахнада чын эле өздүк майрам өткөрүшкөнүн кечеге катышкан ишкер, депутаттар моюнга алып билдирүү таратышса, мекеменин директору Тимур Саламатов "фотосессия болчу, мага сүрөткө түшөбүз деп уруксат алышкан, калганын билбейм" деген жообун узатты. 
Бүбүсара Бейшеналиева, Болот Миңжылкыевдердин талантын ачкан ыйык сахнаны тебелеп-тепсөө окуясына премьер-министр Жоомарт Оторбаев кескин сын айтып, 25-март күнү маданият, маалымат жана туризм министрине кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди. Театрдын башчысын иштен алуу сунушун маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов өкмөт башчыга ошол эле күнү жиберип, өкмөт башчы сунушту канааттандырды. 
 

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан