КҮНСЕРЕП: Кийинки президент ажыдаарга айланбашы үчүн референдум өтөбү?

Бүгүн, 1-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Чолпон-Ата шаарында Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчылыкка барбай тургандыгын айтып, акыркы убактардагы бир катар божомолдорго чекит койду. "Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен мени премьер-министр болуп калат экен деген сөздөр айтылууда. Андай болбойт", - деди. Референдум боюнча Алмазбек Атамбаевдин айтымында, кийинки президент ажыдаарга айланып кетпеш үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизилгени жатат. Мындан улам жүйөлүү суроо туулат. Эмне үчүн ушул Баш мыйзамдын алкагында иш алып барган президент ажыдаарга айланып кеткен жок? Эмне себептен Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн бири президенттин укугун кыскартуу менен премьер-министрдин укугун кеңейтүүгө барганы жатат? Ошол эле убакта мамлекет башчы референдумдан кийин Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы таркабай турганын да айтып өттү. Мындай сөздү кечээ парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков да КСДПнын съездинде билдирген эле.

Өлкө ичиндеги башкы маселеден тышкары Кыргыз мамлекетинин тышкы саясаты боюнча айтылган билдирүү да талкуу жаратты. Ал - Түркиядагы төңкөрүш жасоо аракетинен улам олку-солку абалга түшүп бараткан кыргыз-түрк алакасы. Түркия төңкөрүш жасоо аракетине дин аалымы Фетхуллах Гүленди айыптап чыгып, өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргыз жериндеги Гүлендин уюмуна таандык лицейлерди жабууну талап кылган. Эгерде Кыргыз мамлекети бул кадамга барбаса, түрк лицейлеринин айынан эки тараптуу мамиле да өзгөрөрүн эскертишкен. Бирок Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкө ички маселелерди чечүүгө өз кудурети жете турганын билдирген эле. Алмазбек Атамбаев: “Сөз мектеп тууралуу болуп жатса, биз, албетте, текшерип чыгабыз. Бирок бул мектептер өлкөбүздүн ичинде жана биздин стандарттарга ылайык иштеп жатат. Эгер ушунчалык акылдуу болушса, анда эмнеге өздөрүндө мындай төңкөрүшкө жол беришти? Бизди коркутуунун кереги жок”, - деп жооп кылды.

Өлкө боюнча илинген баннерлер тууралуу да оюн айтып жатып, хиджаб кийип жардыргандан көрө, кыска юбка кийип тынч жүргөн жакшы экенин белгиледи. “Биз баннерлерди илгенде кыска юбка кийгендерди сындаган акылдуулар чыгышты. Эгерде бул жерде жашоону жактырбасаңар, жаккан жериңерге барып жашагыла. Мамлекет керек болсо, Сирияга да жол кире төлөп берет”, - деп айтты.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев акталып чыкты. Мындай чечимди Лондон соту 29-июлда кабыл алганын чет элдик ММКлар жазышууда. Кыргыз Республикасынын соту 2014-жылы “британдык Шон Дейли аттуу жарандын өмүрүнө кол салган” деген жүйө менен Максим Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан. Улуу Британиянын Суррей графтыгында 5 миллион доллар турган хан сарайда жашап келген Максим Бакиев Лондон сотунун актаган чечими менен аталган өлкөдө күнөстөп күн кечирүүсү дагы көпкө созулчудай көрүнөт...

2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы баш аламандыкка катышкандардын дагы бири кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан 1-августта кабарлашкандай, 30-июль күнү аталган окуя боюнча 45 жаштагы Кенжебек Жумабаев аттуу жаран кармалып, камакка алынды. Бирок анын жактоочусу маалымат жыйын өткөрүп, Жумабаевди кармоо негизсиз экенин айтып чыкты. Жумабаев 2013-жылдын 24-октябрында да кармалып, күбө катары суралып, кайра коё берилген.

Бул баш аламандык “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция учурунда орун алган. Анда чогулгандар өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого алууга аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар делинип Жети-Өгүз районунун 18 тургуну кармалып, аларга “барымтадагыларды бошотпоо”, “бейбаштык” жана “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Наристе Калчаев менен Жыргалбек Маджитовду 8 жылга, Каныбек Мадаминов менен Улан Чибутовду 4 жылга күчөтүлгөн режимге эркинен ажыраткан. Ошондой эле окуяга катыштыгы бар болгон Калык уулу Аскат, Турдубай уулу Саламат жана Турсунбек уулу Азаматты 2 жылга, Бакай Акбаровду 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан