Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалган. Өлкөдөгү айрым жалпыга маалымдоо каражаттары депутаттын Казакстандын да жараны болгонун жазышууда.
Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда алар депутаттын кош жарандуулугун тастыктаган маалымат келип түшкөнүн билдиришти.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынан мыйзам боюнча депутат кош жарандуулукка ээ болбошу керектигин, эгерде кош жарандуулугун жашырып жүргөн болсо, тийиштүү органдар тарабынан териштирилип чара көрүлөрүн кабарлашкан.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Ошондой эле бул операция бажыга байланыштуу тармакта укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу үчүн ишке ашырылган. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 2 айга камакка алынды.