УКМК "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбековду кармады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Алмаз Жусупбеков кармалды, учурда ал УКМКнын тергөө абагында. Ал "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилерине уурулук боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин Бишкек ЖЭБди оңдоодо ири суммадагы уурулук фактылары аныкталып, буга байланыштуу "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев камакка алынган.