Сот экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасын кароодо

Сотто экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин баш коргоо чарасы каралууда.

Учурда сот отуруму Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда өтүп жатат. Отурумга кирип бара жатып Сатыбалдиев күнөөнү эч качан моюндабай тургандыгын айтты.

Эске салсак, 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилген.

Айта кетсек, июнь айында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да кармалып, камакка алынган. Андан сырткары да бир топ аткаминерлер кармалган.

Эске салсак, ушул жылдын январь айындагы катуу суукта Бишкек ЖЭБи аварияга учурап, шаар тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул окуяга байланыштуу 2017-жылы ири суммага модернизацияланган ЖЭБге карата сындар күчөп, Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, УКМК тергөө жүргүзө баштаган.

Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин SUPER.KG порталына ЖЭБди модернизациялоо боюнча кеңири маек берген. Аны төмөнкү шилтемеден окуй аласыздар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан