Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасы каралды. Соттук коллегия райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Муну менен Икрамжан Илмиянов 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Жактоочу Сергей Слесарев Илмияновдун камалышына негиз жок экенин айтты. "Аны мыйзамсыз кармап, УКМКнын СИЗОсуна алып келишкен. Ага чейин УКМКга суракка чакыруу алган эмес. Сот жана тергөөчүлөр кылмыш иши тууралуу кенен маалымат бербей жатышат. 5 күндүн ичинде Жогорку Сотко кайрылабыз", - деди.
Буга чейин Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кетип кайрылып келбегени маалымдалган. Ага УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмияновдун кармалганы белгилүү болгон. 20-октябрда аталган сот Илмияновдун баш коргоо чарасын карап, аны 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо чечимин чыгарган.