Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин эмне себептен кармалганын жактоочусу айтып берди

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурганын жактоочусу Учкун Каримов SUPER.KG'ге тастыктады. Анын айтымында, Зилалиев УКМК кызматкерлери тарабынан 7-декабрь күнү Бишкектеги үйүнөн кармалып кеткен.

"Зилалиев 7-декабрь күнү өз үйүнөн кармалган. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, анын кармалышы буга чейин толтурган декларациясына байланыштуу болуп жатат. Себеби УКМК айрым мүлктөрүн декларацияга көрсөткөн эмес деп жатат. Бул эми тергөөдө аныкталат", - деди Каримов.

Жактоочу Каримов Дүйшөнбек Зилалиевдин баш коргоо чарасы бүгүн Биринчи Май райондук соту тарабынан аныктала турганын кошумчалады.

Ал эми УКМК Зилалиевдин кармалганы боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек.

Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон.

Зилалиевдин жактоочусу ага "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголгонун айтты
Зилалиев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди
"Мыйзамсыз байыды" делген Зилалиев 2 айга камакка алынды

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bazake
2018-12-09 13:53:35
Коррупцияга каршы куроштун жыйынтыгы. Эми Атамбаев, Сегизбаев камалсын
0
jengoo
2018-12-09 14:00:14
Бул бомба качан эле камалган болчуго.
0
RusMos76
2018-12-09 14:01:59
Бомбасы жарылыптыр да акыры!
+2
AIA-TOO
2018-12-09 14:02:01
Муну да үй камагына же ооруканага которосуңар баарибир.
0
pat12
2018-12-09 15:06:12
Асылбек Жээнбековду да текшерип камаш керек. Болбосо Сооронбайдын туугандарын текшербесе, Соке уй булолук бийликти орнотуп, туугандары мыйзамсыз байып жаткандай.
0
Erik2018
2018-12-10 10:12:53
pat12, Буларды эмнеге текшерсин. Зилалиев мөңгү жылдырууга макул болгон ушул аткаминер болчу. Билип билбей эле ар кайсыны жаза бересинерби. Президент эч кандай үй-бүлөлүк башкарууга жол берген эмес.
0
Take_men
2018-12-09 15:41:26
Алтын кендерди кытайларга түрктөргө саткан ушул киши
+2
odin-takoy
2018-12-09 15:42:42
Муну эмне мынча еркелетет давно эле камаш керек болчу. Жээнбеков жакшы киши корунот бирок корупция менен курошто жумшагыраак болуп атат.
0
Erik2018
2018-12-10 10:13:32
Президенттин коррупция менен күрөшөм деген дымагы сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болуп жатат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан