Бүгүн, 8-Мартта "Россия" кинотеатрынын алдында "Бишкек феминисттик демилгелер" деп аталган кыймылдын мүчөлөрү жүрүшкө чыгышты.
Буга чейин "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамында Бишкекте тынчтык жүрүшүнө чыгарын билдиришкен. 6-мартта акциянын уюштуруучулары Бишкек мэриясы жүрүшкө чыгууга тыюу салганын билдирген болчу.
Бирок кыймылдын мүчөлөрү жүрүшкө чыгууга тыюу салган соттун чечими берилбегендиктен жүрүшкө чыгуу максатынан кайтпай турганын айтышкан. Көп өтпөй алар бүгүн, 8-Мартта жүрүшкө чыгуусуна уруксат берилгенин жарыялашкан.
Мындан соң "Кырк чоро" бирикмеси "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын Бишкектеги жүрүшүнө каршы митингге чыгарын билдирген.
Аялдардын укуктарынын сакталышына коомчулуктун көңүлүн бурууга арналган "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мындай иш-чарасы Бишкекте 3 жылдан бери өткөрүлүп келет.
"Бишкек феминисттик демилгелер" деп аталган кыймылдын мүчөлөрү жүрүшкө чыгышты