Депутат Өмүрбек Текебаевге ачылган кылмыш иши боюнча сот жыйыны 2017-жылдын 5-июнуна дайындалды. Бул тууралуу 22-майда SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. 2 аптадан кийин депутат Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иштери боюнча соттук отурумдар башталмакчы.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарганы белгилүү.
Ал эми 16-майда УКМК депутат Текебаевге ачылган кылмыш ишин тергеп бүтүп Башкы прокуратурага кароого жиберген. Башкы прокуратура материалдарды сотко жөнөткөн.