Кийинки аптада 26-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 4-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 5-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 6-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 7-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 8-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 9-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 10-бөлүгү ушул шилтемеде.
(Уландысы)
А.Модин 2017-жылдын 27-28-июнундагы соттук отурумда А.Базаркулов менен “Мегаком” жөнүндө эч качан сүйлөшпөгөнүн дагы бир жолу тастыктады. А.Модиндин июнь айында Москвада жүргөнүн сот отурумунан угуп, А.Модинден кийин сотто көрсөтмө берген А.Базаркулов: “А.Модин менен 2010-жылдын август айынын аягында “Вефа центрден” жолуккам”, - деп көрсөтмөсүн өзгөрттү.
Бирок дароо эле жалганчылыгы чыкты, анткени 2010-жылдын 12-августунда мамлекеттик мүлк министри өзүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы №58-п буйругун жокко чыгарган. А.Базаркулов 2010-жылдын 12-августунан кийин внешний управляющий болбой калган. А.Базаркулов айткан августтагы жолугушуу да болушу мүмкүн эмес эле.
А.Базаркуловдун 3-жүйөсү: Т.Маматкеримов "А.Силичти кантип алмаштырабыз? Варианттарын бер деп сураган". Муну да Базаркуловдон башка эч ким тастыктабайт. "Андай маалыматты уккан эмеспиз, Базаркулов менен жолуккан эмеспиз", - деп К.Байболов, Ш.Абдылдаев, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов көрсөтмө беришкен.
А.Базаркуловдун 4-жүйөсүн К.Байболов, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев жана фактылар жокко чыгарышты.
А.Базаркулов: “Жогорку Кеңешке шайлоолор башталганга чейин 2010-жылы август айынын аягында же сентябрь айынын башында кафеде Ө.Текебаев, К.Байболов, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, Т.Маматкеримов болуп жолукканбыз. Ал кезде мен (А.Базаркулов) внешний управляющий, К.Байболов Генпрокурор болчу. Биз “Мегаком” боюнча анын Гендиректору А.Силичти кызматтан алуу боюнча сүйлөштүк. Алар А.Силичти кызматтан алуу үчүн Генпрокурор К.Байболовдун бийлигин менин сунушум менен пайдаланмак болушкан”, - деп бир нече жолу көрсөтмө берген (V том, 188-189-бет; V том, 196-бет; VII том, 129-130-бет).
А.Базаркуловдун бул көрсөтмөсүнүн жалган экенин төмөнкү далилдер көргөзөт:
- Ал убакта А.Базаркулов внешний управляющий болбой калган;
- Ал убакта К.Байболов Генпрокурор эмес эле. К.Байболов 2010-жылдын 13-сентябрында Генпрокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган;
- Жолугушуу 13-сентябрдан кийин болушу мүмкүн эмес эле, анткени Жогорку Кеңешке шайлоолор 10-сентябрда башталып, Текебаев 10-сентябрда түштүк региондоруна шайлоочулар менен жолугушууларга жөнөп кеткен;
- К.Байболов, А.Шыкмаматов, Ш.Абдылдаев, Ө.Текебаев, Д.Чотоновдор А.Базаркулов жалган айтат, ал айткан жолугушуу болгон эмес деп тергөөдө да (II том, 17-18-бет; II том, 211-212-бет; V том, 189-бет; V том, 197-бет; VI том, 34-37-бет; VII том, 130-131-бет; VII том, 109-бет), сотто да көрсөтмө беришкен.
Эӊ негизгиси Генпрокуратура А.Базаркуловдун кеӊешин угуп, ал сунуш кылган токтомду кабыл алган эмес. А.Базаркулов, аны ээрчип тергөө менен Генпрокуратура мындай дейт: «2010-жылдын 5-октябрында «Альфа Телеком» ЖАКсынын улутташтырылбаган 51% акциясына арест койду…» (VI том, 40-42-бет).
Чындыгында Генпрокуратура «Альфа Телекомдун» 100% акциясына жана мүлкүнө арест коёт. 100% акцияга арест коюп, акционерлердин жыйын өткөрүү укугун жокко чыгарат. Ушунун өзү Генпрокуратура А.Базаркуловдун кеӊешин угуп, Мамлекеттик мүлк министрлигине 49% акция менен бардык маселелерди чече бере турган укук берди деген көрсөтмөсүн жокко чыгарат.
«Альфа Телекомдун» 49% акциясына толук ээлик кылуу укугунан ажыраган Мамлекеттик мүлк министрлиги түшүндүрмө сурап, Генпрокуратурага бир нече жолу кат жолдойт.
Генпрокуратура Улутташтырылган мүлктү башкаруу фондунун директору А.Мурзалиевге соттук териштирүү бүткөнчө, акционерлердин жыйыны өтүшү мүмкүн эмес деп жооп берет. Бул А.Силичтин пайдасына чечим эле. Эми эч ким, мамлекет да «жыйын өткөр, отчёт бер» деп А.Силичтен талап кыла албай калды. Устав боюнча А.Силич гендиректор болуп кала бермек. 2009-жылы А.Силич бир жылга гендиректор болуп шайланган. Бул «пат ситуациясын» жаӊы шайланган Жогорку Кеӊеш чечет. Жогорку Кеӊеш 2010-жылдын 29-декабрында №80-V токтомун кабыл алып, убактылуу депутаттык комиссия түзөт. Ал токтомдун 3-пунктунда: «Көрсөтүлгөн маселе биротоло чечилгенге чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүн «Альфа Телеком» ЖАКсынын жетекчиси (убактылуу башкаруучусу) кылып дайындоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын», - деп Өкмөткө тапшырма берилет (VI том, 79-80-бет).
Генпрокуратура А.Силичке каршы эмес, тескерисинче, анын пайдасына иштегени көрүнүп турат. А.Базаркуловдун 4-жүйөсү да суу кечпегени көрүнүп турат.
Генералдык прокурордун милдетин аткаруучу (2010-жылы) К.Байболов Генпрокуратуранын 2010-жылдын 5-октябрындагы токтому жөнүндө мындай дейт: «Ал токтом кабыл алынган жагдай жөнүндө эч нерсе айта албайм, анткени ал маселе боюнча билген эмесмин. Бул маселе боюнча эч кимге буйрук (көрсөтмө) берген эмесмин, анткени бул маселе менин алдымда турган эмес».
«Мен «Мегаком» маселесине аралашкан эмесмин. Мен негизинен 2010-жылдын 7-апрель окуяларына байланышкан кылмыш иштери менен алектенгем». «Мага белгилүү болгондой, Генпрокуратура А.Силич тарапта болгон…» (VI том, 34-37-бет).
А.Базаркуловдун 2017-жылдын 4-июлунда сотто берген көрсөтмөлөрүнөн
А.Базаркулов:
«Август айында Т.Маматкеримов мамлекеттик мүлк министрине барып жолугалы деди. Ш.Абдылдаев акционерлердин жыйналышын чакырып, гендиректорду алмаштыралы деди. Мага А.Модиндин резюмесин Т.Маматкеримов же Ш.Абдылдаев бергени эсимде жок. Бирөө резюмесин берди. Мен алдым. Менин колумдан эмне келмек, акционерлер чечет да».
«Чынын айтсам, эсимде жок. А.Модиндин резюмесин министр берди же Талант берди».
«2010-жылы жайында (чынында 2012-жылдын жайында – Ө.Текебаев) Ө.Абдрахманов массалык маалымдоо каражаттарынан интервью берип, «Ата Мекен» партиясына, Ө.Текебаевге орустар бир миллион доллар беришкен деп айткан. Мен Т.Маматкеримовдон: «Ушул чынбы?» - десем, «Чын», - деген. Фамилияларды айткан-айтпаганы эсимде жок».
Суроо: Сиздин Силичке биринчи заместитель болушуӊузга Маматкеримов жардам бердиби?
А.Базаркулов: Жок, жардам берген жок.
Суроо: Жардам берген жок дедиӊиз, “Айыптоо корутундусунда” Маматкеримовдун жардамы менен биринчи зам. Болду деп жазылып турат. Демек, сиздин биринчи зам. Болгонуӊузга Маматкеримовдун эч кандай жардамы болбоптур да?
А.Базаркулов прокуратуранын кызматкерлерин кайра-кайра карап: “Жок, жардам берди, эми неофициально” – деп, дароо көрсөтмөсүн өзгөртө койду. Ушунун өзү А.Базаркулов тергөөчүлөрдүн жана прокуратуранын айткандары менен көрсөтмө берип жүргөнүн далилдейт.
Суроо: Акционерлердин жыйналышы жыл сайын болуш керекпи?
А.Базаркулов: Албетте.
Суроо: Мамлекеттин кызыкчылыгындабы?
А.Базаркулов: Туура, туура.
Суроо: “Альфа Телеком” ЖАКсынын гендиректорлук кызматына А.Модинди кайсы акционер көргөздү? Ушундай документ барбы?
А.Базаркулов: Андай документти көргөн жокмун.
Суроо: Демек, Модиндин кандидатурасын мамлекет же “Пенвел” жылдырган жок деп айтасыз да, туурабы?
А.Базаркулов: Мен андай кагазды көргөн эмесмин деп айтып жатам. Бар болгонбу, бар болгон эмеспи – мен айта албайм. Мен андай кагазды көргөн эмесмин деп айтып жатам.
Суроо: Жолугуштум деп жатасыз, ушуну сизден башка бир адам тастыктайбы? Барбы документ, видео, аудиозапись же күбө?
А.Базаркулов: Жок, силер менен жолуккам, силер эле тастыктай аласыӊар. У меня никакой ...
Суроо: Бир адам барбы ушулардан башка?
А.Базаркулов: Жок, конечно. Нет других людей, что я могу сказать.
Суроо: Башка далил, башка күбө жок дедиӊиз. Биз сизди туура түшүндүкпү?
А.Базаркулов: Туура түшүндүӊөр.
Суроо: Сиз тергөөдө Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов, К.Байболов, Ш.Абдылдаев менен жолуктуӊузбу?
А.Базаркулов: Туура, жолуктум.
Суроо: Алар сиздин көрсөтмөлөрүӊүздү туура дештиби же туура эмес дештиби?
А.Базаркулов: Жок, болгон эмес дешти. Туура.
Суроо: Анда башка тастыктай турган далил сизде жок да?
А.Базаркулов: Жок, туура.
Суроо: Сиз айтып отурасыз, Маматкеримов айтты, орус бизнесмендери “Ата Мекен” партиясына бир миллион доллар акча берген деп. Сиздин ушул сөздөрүӊүздү сизден башка ким тастыктайт? Маматкеримовдун айтканын же айтпаганын?..
А.Базаркулов: Эч ким тастыктай албайт.
Суроо: Акчаны Текебаев алды деп Т.Маматкеримовдун айтканын ким тастыктайт? Сиз тастыктай аласызбы?
А.Базаркулов: Жок, тастыктай албайм, мен көргөн эмесмин, мен тастыктай албайм.
Ошентип соттук териштирүүдө:
Демек, А.Базаркулов тергөөдө айткан жолугушуулар болгон эмес.
Демек, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаевдер А.Модинди “Альфа Телеком” ЖАКсына гендиректор кылабыз деп аракет кылышпаганы далилденди.
Демек, А.Базаркуловдун бир миллион доллар жөнүндө айтканы - имиш сөздөр, ушак жана далил күчүнө ээ эмес.
Р.ОӉОЛБЕКОВДУН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА
Суроо: 1 миллион доллар жөнүндө эмне билесиз?
Жооп: 1 миллион жөнүндө эч нерсе билбейм. Ө.Абдрахмановдун ММК айтканын уккам.
Жооп: Мен башынан эле айткам, мен миллион долларды уккан эмесмин. 300 миӊ долларды да уккан эмесмин. 500.000 евро жөнүндө уккам. Бирок кимге, Текебаевге, Чотоновго же башка бирөөгө берилдиби билбейм.
Суроо: 300.000 доллар жөнүндө уктуӊуз беле?
Жооп: Жок, уккан эмесмин.
Суроо: Т.Маматкеримов 300.000 долларды Текебаев, Чотонов же Абдылдаевге бердим деп айтты беле?
Жооп: Жок, айткан эмес.
Суроо: А.Модин «Альфа Телекомдун» гендиректору болом деп кантип айтсын. Ага ким убада бериши мүмкүн?
Жооп: Мен дагы бир жолу айтам. Т.Маматкеримовдун сөзүнөн айтып жатам, директорбу, гендиректорбу - азыр айта албайм.
Суроо: А.Модин менен мамилеӊиз жакшы экен. Эмне үчүн А.Модин «Мегакомго» директор болом деп сизге айткан жок?
Жооп: Эмне үчүн экенин айта албайм.
Р.Оӊолбеков: «1 миллион доллар, 300.000 доллар жөнүндө эч нерсе укпаганын бир нече жолу тастыктады. 500.000 евро акчаны А.Модин Т.Маматкеримовго берген, ал «Ата Мекен» партиясынын шайлоо кампаниясына берген деп, Т.Маматкеримовдон уккам. Акчаны кимге бергенин билбейм. Текебаевге берилген жок, Чотоновго берилген жок, Абдылдаевге берилген жок», - деп тастыктады. А.Модин «Мегакомго» директор же зам.директора болом деп өз Р.Оӊолбековго айткан эмес. Аны да Т.Маматкеримовдон уккам дейт. Т.Маматкеримовдун айтканын тастыктай турган башка адам жок.
Р.Оӊолбеков сотто А.Модин: «Мегакомго» гендиректор болом дегенин баары эле уккан», - дейт. Кимдер укканын айта албайт.
А.Модиндин жакын адамдары Д.Жуков (VI том, 25-бет), М.Сидоренко (VI том, 29-бет): «А.Модин «Мегакомго» кандай кызматка барам дегенин билбейбиз, анткени ал эч нерсе айткан эмес», - дешип Р.Оӊолбековдун жалганын чыгарышты.
Ж.ТАШМАТОВАНЫН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА
Т.Маматкеримов 2010-жылдын жай айларында «Супара» ресторанында Россия бизнесмендери менен Ө.Текебаевдин жолугушуусун уюштурган. Таланттын сөзү боюнча эӊ биринчи жолугушуу болгон.
Суроо: Сиздин күйөөӊүз Текебаев, Чотоновдор менен Россия компанияларынан акча алды деп уктуӊуз беле?
Жооп: Жок, андай нерсени айткан эмес.
Ж.Ташматова «Супарадагы» жолугушуу жай айында болгон деп Л.Маевскийдин айтканын жокко чыгарды.
Ж.Ташматова күйөөсү – Т.Маматкеримов өзү орустардан акча албаганын, Ө.Текебаев, Д.Чотонов орустардан акча алды деп укпаганын айтып, А.Базаркуловдун: «Т.Маматкеримовдун орустар менен проблемасы бар. Орустар Т.Маматкеримовдон акчаны кайтар деп талап кылып жатышат», - дегенин жокко чыгарды. Чын эле Т.Маматкеримов ошондой проблемасын аялына айтат беле же А.Базаркуловго айтат беле?
(Уландысы бар)