Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 6-бөлүк

Эртең, 21-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 4-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 5-бөлүгү ушул шилтемеде.

(Уландысы)

Л.Маевскийдин айткандары жалган экенин биз келтирген далилдер гана жокко чыгарбастан Л.Маевскийдин көрсөтмөсүндөгү карама-каршылыктар көргөзүп турат. Л.Маевский окуя кечээ эле болгондой, майда-барат деталдарына чейин төкпөй-чачпай айтып берип жатат. Ошол эле кезде унутууга мүмкүн болбогон негизги моменттер жөнүндө көрсөтмөсүн өзгөртүп жатат.

Мисалдар:

1-мисал: Л.Маевский 13-май күнү түштөн кийин Текебаевдин кабинетинде жолугушуу болуп, ал бир жарым саатка созулган (I том, 104-бет; I том, 129-бет; I том, 243-бет), ал эми кечинде саат 18:00-19:00дөрдө «Хаят» мейманканасынын ресторанында (I том, 104-бет; I том, 129-бет; I том, 243-бет) жолукканбыз деп көрсөтмө берет. Ушундай эле көрсөтмөнү А.Модин да берет (I том, 238-бет; I том, 249-бет).

Бирок Ө.Текебаев 13-май күнү саат 17:30-20:30дарда «Пинара» мейманканасында Конституциялык кеӊешменин жыйналышында болгонун билишкенден кийин тергөөчүлөр март айында А.Модин менен Л.Маевскийди кайра сурашып, алар тергөөчүлөрдүн жардамы менен көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүп, 13-май күнү кечки жолугушуу «Хаятта» эмес, «Супара» ресторанында болгон дей башташты (III том, 232-бет; V том, 79-бет). УКМКнын сценарист-фальсификаторлорунун бул ирет да жолу болбоду.

Анткени 13-май күнү Убактылуу Өкмөттүн чукул жыйналышы саат 14:00-24:00гө чейин болуп, ал жерде Ө.Текебаев саат 14:00-17:00гө чейин, андан кийин саат 21:30-22:00дөн 4:00гө чейин болгонун күбөлөр жана документтер тастыктады.

2-мисал: Л.Маевский 2010-жылдын 13-май күнү Ө.Текебаевдин кабинетинен Ө.Абдрахманов менен жолуккам, таанышкам деп алты жолу көрсөтмө берген (I том, 104-бет; I том, 122-бет; I том, 129-бет; I том, 134-бет; I том, 185-бет; I том, 249-бет). А.Модин да Ө.Абдрахманов менен Ө.Текебаевдин кабинетинде, Л.Маевский менен Ө.Текебаевдин биринчи жолугушуусунда таанышкам деп алты жолу көрсөтмө берген (I том, 39-бет; I том, 45-бет; I том, 51-бет; I том, 91-бет; I том, 229-бет; I том, 239-бет).

Л.Маевский, А.Модин ар башка күндөрү, ар башка кырдаалда көрсөтмө беришкен. Кокусунан жаӊылып калдым деп бул жерде айтыш мүмкүн эмес.

2010-жылдын 13-майында Ө.Абдрахманов АКШдан Кыргызстанга келе элек болгон. Ал 20-майларда Кыргызстанга кайтып келген. 13-майдагы жолугушуу физически мүмкүн эмес эле (I том, 185-бет). Бул жагдай белгилүү болору менен тергөөчүлөр Л.Маевский менен А.Модинди кайра сурап, көрсөтмөлөрүн өзгөртүшкөн.

2017-жылдын 10-мартындагы кошумча суракта А.Модин: "Мен жана Л.Маевский Ө.Абдрахманов менен Текебаевдин кабинетинде жолукканбыз. Алгачкы сурактарда мен жаӊылышып, 2010-жылдын май айында жолуккам деп айтып алдым. 2010-жылы декабрда Маевский менен мен Текебаевдин кабинетине киргенде ал жерде Чотонов бар экен. Абдрахманов кабинетке бир аздан кийин келди", - деп, көрсөтмөсүн радикалдуу өзгөрткөн (III том, 231-бет).

2013-жылдын 26-мартындагы кошумча суракта Л.Маевский да: "Биринчи жолу Ө.Абдрахманов менен Текебаевдин кабинетинде 2010-жылдын декабрь айында жолуккам. Ал жолугушууда А.Модин да болгон. Мурунку суракта Ө.Абдрахманов менен майда жолуктум дегем, эстеп көрдүм, декабрда жолугуптурмун", - деп көрсөтмөсүн А.Модинге тууралап өзгөрткөн (V том, 78-бет).

2010-жылдын 15-мартындагы кошумча суракта тергөөчүлөр Ө.Абдрахмановго төмөндөгүдөй суроо берип: "А.Модин Текебаевдин кабинетиндеги жолугушуу декабрь айында болгон деп жатат. Сиз 2011-жылдын январь-февраль айларында дедиӊиз эле. Буга эмне дейсиз?" - деп, Ө.Абдрахмановдун көрсөтмөсүн өзгөртүшөт. Ө.Абдрахманов: «Чын эле ошондой дегем. Көп жыл өттү, так эсимде жок. Азыр эстесем 2010-жылдын аягында мен Жогорку Кеӊештин комиссиясын ЖЕТЕКТЕГЕН экенмин. Ошондуктан орус бизнесмендери менен 2010-жылдын аягында жолугушум мүмкүн" (IV том, 68-бет).

«Калптын казаны кайнабайт», «Калптын өмүрү кыска» - деп коёт кыргызда.

Тергөөчүлөр бир убакта (21-декабрь), бир жерде (менин 7-этаждагы кабинетимде), ушул составдагы (Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Модин, Ө.Абдрахманов) адамдарды жыйнай алыштыбы?

Тергөөчүлөр, генпрокуратура «айыптоо тыянагында» мындай дейт: "2010-жылдын 21-декабрында Л.Маевский, А.Модин, жардамчысы Б.Звездарев менен Текебаевдин кызмат кабинетине келишти. Ө.Текебаев Ө.Абдрахмановду кабинетине чакырып, «Альфа Телеком» ЖАКсын улутташтырып, анан кайра приватташтыруу мүмкүндүгүн карап көр деп тапшырма берди".

Ушунун өзү эле тергөөчүлөр менен генпрокуратуранын далилдери фальсификация кылуу аракетин далилдеп турат. Бул кылмыш. Бул кылмышты иштин материалдары эле далилдеп турат. Шашпай, көӊүл буруп карап көрөлү.

Л.Маевский 21-февралда берген көрсөтмөсүндө мындай деген: "21-декабрда Бишкекке учуп келдим. Дүйшөнкулдун телефону албайт. Ал жок болуп кетти. Мени Модин алып жүрдү. Ал бардык сүйлөшүүлөрдө болгон. Мен Текебаевдин кабинетине түз эле кирдим…" (I том, 110-бет).

Ө.Абдрахманов жөнүндө сөз жок. Модиндин кабинетке кирген-кирбегенин айткан жок.

Л.Маевский 22-февралда мындай деп көрсөтмө берген: "2010-жылдын 21-декабрында Бишкекке учуп келдим. «Хаят» мейманканасына токтодум. Текебаевге "звонок" кылдым. Ал кабинетке кел деди. Мен ал айткан жерге келдим. Мени секретарь кабинетке киргизди. Ал жерде бир киши бар экен. Ал тез эле чыгып кетти" (I том, 132-бет).

Маевский кабинетке ɵзүм жалгыз кирдим дейт. Абдрахманов, Модин жɵнүндɵ сɵз жок.

Л.Маевский: "Мени бул жолу Бишкекке Звездарев Б. коштоп келди. Ал жолугушууга катышкан жок. Ал дайыма мейманканада болду" (I том, 132-бет). Тергɵɵчүлɵр менен генпрокуратуранын абийирин ачты.

Л.Маевский 2017-жылдын 29-июлунда сотто: "Звездарев 2010-жылдын 21-декабрындагы жолугушууга катышкан жок", - деп көрсөтмө берди.

Иштин материалында Звездаревдин 21-декабрда Ө.Текебаев менен жолугушууга катышканы жөнүндө сөз жок болсо да, тескерисинче, Л.Маевский Звездарев катышкан жок деп турса да, Генпрокуратура айыптоо корутундусунда Звездарев 21-декабрда Ө.Текебаев менен жолуккан деп жазып жатат. Бул ачыктан ачык фальсификациянын далили.

26-февралда Маевскийдин Текебаев менен беттешкендеги кɵрсɵтмɵсүнɵн: "Мен ишти аягына чыгайын дедим. 21-декабрда билет алып, Бишкекке учуп келдим. Текебаевге "звонок" кылдым. Ал кабинетке кел деди. Бул башка имарат экен. Мени дароо кабинетке киргизди. Ал жерде бир адам бар экен. Ал тез эле чыгып кетти" (I том, 183-бет).

Модин, Абдрахманов жɵнүндɵ сɵз жок.

Маевскийдин Чотонов менен 26-февралдагы беттешкендеги кɵрсɵтмɵсү: "Бишкекке учуп келдим. Дүйшɵнкул Чотоновду кɵргөн жокмун, ал житип кетти, телефону албайт. Мен Текебаевге "звонок" кылдым. Ал жаңы адрес берди: Мен Модин менен машинага отуруп, Текебаевдин кабинетине Модин менен келдим" (I том, 246-бет).

Л.Маевскийдин тɵрт кɵрсɵтмɵсүндɵ бир да жолу Д.Чотонов, Ɵ.Абдрахмановду 21-декабрдагы жолугушууда болду деп айтпады. Бир жолу гана Текебаевдин кабинетине Модин менен кирдим деди. Буга А.Модин эмне дээр экен? А.Модиндин кɵрсɵтмɵлɵрүн карап көрөлү.

26-февралдагы А.Модиндин Ө.Текебаев менен беттешкендеги көрсөтмөлөрүнөн: "2010-жылдын декабрь айында Л.Маевский Бишкекке акыркы жолу учуп келди. Л.Маевскийдин сөзүнөн жолугушуу Ак үйдө болгонун билем. Бул жолу аны мен алып жүргөн жокмун, ошондуктан эмне жөнүндө сөз болгонун билбейм" (I том, 239-бет).

26-февралдагы А.Модиндин Д.Чотонов менен беттешкендеги кɵрсɵтмɵсүнɵн: "Л.Маевский Бишкекке беш жолу келди. Май, июль, август, сентябрь жана декабрь айларында. 2010-жылдын декабрында Текебаев менен Маевскийдин жолугушуусунда кимдер катышканын билбейм, анткени мен ɵзүм бул жолугушууга катышкан жокмун" (I том, 234-бет).

Кɵрүнүп тургандай, А.Модин 21-декабрдагы жолугушууда болгон эмесмин деп эки жолу кɵрсɵтмɵ берген.

Тергɵɵчүлɵр менен генпрокуратура А.Модиндин кɵрсɵтмɵсүн ɵзгɵртүп, «21-декабрда жолугушууда катышкан» десе эле далилденип калат деп кыска ой жүгүртүшкɵн.

А.Модин 2010-жылдын 21-декабрындагы жолугушууга катыша алмак эмес. Анткени ал декабрда Кыргызстанда болгон эмес.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын Бишкек филиалынын директору М.Бегалиев 2017-жылдын 29-мартында А.Модиндин 2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин «Манас» аэропортунан учуп кеткен, келген боюнча толук информация берген. А.Модин 2010-жылдын 22-ноябрында саат 6:00дө «Бишкек-Москва» маршруту боюнча №SU180 авиарейси менен 25В местосуна отуруп учуп кеткен. Ошол бойдон 2010-жылдын 31-декабрына чейин ал Кыргызстанга келген эмес. (III том, 1-173-бет; VII том 71-72-бет).

Тергɵɵчүлɵр менен Генпрокуратура кыска ой менен, эптеп эле Ɵ.Абдрахмановду «21-декабрда Ɵ.Текебаев, Д.Чотонов, Л.Маевский, А.Модин менен Текебаевдин кабинетинде жолуктум» деп айттырып алсак, далил камсыз болуп калат деп ойлошкон.

Эми Ɵ.Абдрахмановдун кɵрсɵтмɵлɵрүн анализ кылып кɵрɵлү.

Абдрахмановдун түшүндүрмө катынан (I том. 21-24 бет) 9-февраль, 2017-жыл.

«2011-жылдын январь-февраль айларында «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Ө.Текебаев кабинетине чакырды. Кабинетке кирсем Чотонов бар экен. Менден кийин кабинетке үч киши кирди. Алар «Мегафондун» президенти, вице-президенти жана аткаруучу директору катары таанышты» (I том. 22-бет).

«Текебаев мени убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы катары тааныштырды» (I том, 22-бет).

Суроо: 2011-жылы Текебаевдин кабинетинде сиз жолуккан россиялык бизнесмендердин аты-жөнүн айта аласызбы?

Абдрахманов: «Жок, аты-жөндөрү эсимде жок. Алар «Мегафондун» президенти, вице-президенти жана аткаруучу директору катары таанышты» (I том, 23-бет).

Абдрахмановду сурак протоколунан. 24-февраль, 2017-жыл. (I том, 136-140-бет).

«2010-жылдын 29-октябрында Жогорку Кеӊештин токтому менен «Альфа Телекомдун» 49% акциясын улутташтыруунун максаттуулугун жана негиздүүлүгүн иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Төрагалыкка мени шайлашты».

«2011-жылдын январь-февраль айларында, «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Ө.Текебаев мени кабинетине чакырды. Орусиялык бизнесмендер менен жолукмакпыз. Кабинетте Д.Чотонов бар экен. Бир аздан кийин 3 киши келишти. Алар «Мегафон» орусиялык компаниянын президенти, вице-президенти, исполнительный директорубуз деп таанышышты».

«Текебаев мени орусиялыктарга убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы катары тааныштырды…» (I том, 138-бет).

Суроо: Орусиялык бизнесмендердин аты-жөндөрү сизге белгилүүбү?

Абдрахманов: «Жок, аты-жөндөрү эсимде жок. Алар мага «Мегафондун» президенти, вице-президенти, аткаруучу директорубуз деп таанышышты» (I том, 139-бет).

Абдрахмановду кошумча сурактын протоколунан. 15-март, 2017-жыл. (IV том, 67-69-бет).

Суроо: «А.Модин Текебаевдин кабинетиндеги жолугушуу 2010-жылдын декабрь айында болгон деп жатат. Сиз 2011-жылдын январь-февраль айларында дедиӊиз эле. Буга эмне дейсиз?

Абдрахманов: «Чын эле ошондой дегем. Көп жыл өттү, так эсимде жок. Азыр эстесем 2010-жылдын аягында мен Жогорку Кеӊештин убактылуу комиссиясын ЖЕТЕКТЕГЕН экенмин. Ошондуктан орус бизнесмендери менен 2010-жылдын аягында жолугушум мүмкүн» (IV том, 68-бет).

Суроо: Сиз берген көрсөтмөлөрүӊүздө Текебаевдин кабинетине орус бизнесмендери сизден кийин кирди дегенсиз. А.Модин сизди алардан кийин кирди деп жатат. Буга эмне дейсиз?

Абдрахманов: Азыр эсимде жок. Балким, орустар биринчи киришти (IV том, 68-бет).

Ө.Абдрахманов менен А.Шыкмаматовду беттештирүү протоколунан. 29-март 2017-жыл, (V том, 92-94-бет).

Абдрахманов: «2010-жылы декабрдын аягында Текебаевдин кабинетинде жолугушуудан кийин, мага Текебаев Маевский менен Модинден 1 миллион доллар алыптыр деген маалымат жетти» (V том, 93-бет).

Ө.Абдрахманов менен Ө.Текебаевди беттештирүү протоколунан. 17-март 2017-жыл.

Ө.Абдрахманов: «Мен Жогорку Кеӊештин депутаты болгондон кийин эле, эмне үчүн Убактылуу Өкмөт «Альфа Телекомдун» 51% акциясын Максимге калтырып койду деп маселе коё баштадым. Мен бул маселени бир-эки жолу көтөргөндөн кийин Жогорку Кеӊеш депутаттык комиссия түздү. Аны мен жетектедим».

«2010-жылдын декабрынын аягында Текебаев мени кабинетине чакырды. Кирсем Д.Чотонов жана мага белгисиз орус кишилер бар экен. Мага аларды Орусиянын «Мегафонунун» өкүлү катары тааныштырышты» (IV том, 90-бет).

Ө.Абдрахманов менен Д.Чотоновдун беттештирүү протоколунан. 17-март 2017-жыл (IV том, 96-100-бет).

Абдрахманов: «Жогорку Кеӊештин депутаты болгондон кийин эле мен эмне үчүн Убактылуу Өкмөт «Альфа Телеком» ЖАКсынын 51% акциясын Максим Бакиевге калтырып койду деп маселе көтөрө баштадым. Анан Жогорку Кеӊеш депутаттык комиссия түзүп, мен аны төрага катары башкарып калдым. Декабрь айынын аягында, 2010-жылдын, Текебаев телефон менен мени өзүнө чакырды. Орусиялыктар менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн. Мен Текебаевдин кабинетине кирсем, ал жерде Д.Чотонов, 2-3 орус кишилер бар экен». «Мегафон» - бай компания, аукционго катышып, сатып алсаӊар болот» дедим». (IV том, 98-бет).

Адвокат М.Эшперовдун Абдрахмановго берген суроосу: «Бакиевдердин убагында Кыргызстанды таштап, сыртка чыгып кеткениӊиз бүт элге белгилүү. Качан Кыргызстанга кантип келдиӊиз?»

Абдрахманов: «Мен 2008-жылдын октябрь айында кетип, 2010-жылдын май айынын аягында кайтып келдим» (IV том, 99-бет).

Кɵрүнүп тургандай, Ɵ.Абдрахманов «мүмкүн» деп жолугушуунун убактысын (күнүн) ɵзгɵрткɵнү менен негизги жагдайын ɵзгɵрткɵн жок. Ал жети жолку кɵрсɵтмɵсүндɵ жолугушуу учурунда мен убактылуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы болчумун деп кайталап айтып жатат.

2017-жылдын 28-июнунда сотто Ө.Абдрахманов орус делегациясы менен жолугуп жатканда депутаттык комиссиянын жетекчиси (мүчөсү) болчумун деп сегизинчи жолу айтты.

Абдрахманов Ө.Текебаевдин кабинетинде Орусиянын «Мегафон» компаниясынын өкүлдөрү менен жолуккам деп бир нече жолу (жети жолу) көрсөтмө берген.

«2010-жылдын 20-майындагы №44 «Альфа Телеком» ЖАКсынын 49% акциясын мамлекеттештирүү жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Ɵкмɵтүнүн Декретин, ошондой эле башка объектилерди мамлекеттештирүү жɵнүндɵ декреттердин негиздүүлүгүн жана максатка ылайыктуулугун иликтɵɵ боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жɵнүндɵ» Жогорку Кеңештин №80-V токтому 2010-жылдын 29-декабрында кабыл алынган (VI том, 79-80-бет).

Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, убактылуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы комиссиянын мүчɵлɵрү тарабынан шайланат.

Ɵ.Абдрахманов 2011-жылдын январь айынын экинчи жарымында гана комиссиянын тɵрагасы болуп шайланышы мүмкүн. Тɵрага катары Ɵ.Абдрахманов орусиялык бизнесмендер менен январдын аягы же февралда гана жолуга алмак.

Мейли, Ɵ.Абдрахманов комиссиянын мүчɵсү катары эле жолуксун дейли. Анда Ɵ.Абдрахманов Л.Маевский менен 29-30-31-январь күндɵрү гана жолугушу мүмкүн эле. Документтерге ылайык, Л.Маевский Бишкекке 20-декабрь күнү учуп келип, 22-декабрда учуп кеткен. Демек, декабрдын аягында Л.Маевский менен комиссиянын тɵрагасы Ɵ.Абдрахманов жолуга алмак эмес.

2017-жылдын 29-июнунда сотто Л.Маевский: «Орусиянын «Мегафон» компаниясына эч кандай тиешем жок, болгон да эмес», - деп көрсөтмө берди. Ушунун өзү Ө.Абдрахманов башка адамдар менен башка убакта жолугушуусу мүмкүн экенин көргөзөт. Абдрахманов Л.Маевский эмес, «Мегафондун» өкүлдөрү менен жолуккан.

Эми эң негизгиси.

Мен 2010-жылдын 21-декабрында Жогорку Кеңешке, жумушка келген эмесмин.

2010-жылкы парламенттик шайлоолордон кийин мен Жогорку Кеңештеги кабинетке келип отурдум. Мени менен кошо партиянын штабында жардам берип жүргɵн жигиттер, кыздар да Жогорку Кеңешке иштери жок болсо да катышып, жумуш күтүп жүрүштү.

22-декабрь – менин туулган күнүм. Ошол жылы 20-декабрдан баштап туулган күнү менен куттуктап, кɵп адамдар белек-бечкектери менен келе башташты. Жогорку Кеңешке эле биздин фракция 40тан ашык жардамчы, консультант, секретариатка кызматкерлерди алып жатканбыз. Кыскасы, жумуш сураган адамдар ɵтɵ эле кɵп болчу. Туулган күндүн шылтоосу менен белегин алып, кийин жок дей албай кыйналгандан кɵрɵ деп, мен 21-22-декабрда жумушка келбей койдум. Буга мени кабылдамамда жүргɵндɵр, мени издеп келген партиялаштар, депутаттар күбɵ боло алышат.

Мен болбосом, Чотонов болбосо, Модин болбосо, тɵрага Абдрахманов жок болсо Маевский ким менен, кайсы жерде жолуга алмак эле?

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
eddi.kg
2017-09-20 10:08:28
Бул жагы абдан кызык болуп жатат,супер инфо уландысын эртерээк жазгылачы
0
admin_superstan
2017-09-20 10:50:51
eddi.kg, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, уландысы бираз убакыттан соң чыгат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан