Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 8-бөлүк

Эртең, 21-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 4-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 5-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 6-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 7-бөлүгү ушул шилтемеде.


(Уландысы)

ЭМИ 700.000 ДОЛЛАР ЖӨНҮНДӨ

Тергөө, генпрокуратура мындай дейт: «2010-жылдын 14-сентябрында Л.Маевский Ө.Текебаев менен макулдашууну аткарыш үчүн «ВТБ-24» банкынан 510 миӊ евро алып, ага доллар кошуп, 700.000 доллар кылып, Текебаевге телефон менен билдирет. Ө.Текебаев сентябрдын экинчи жарымында акчаны алып келүү үчүн өзүнүн ишенген адамын Москвага жөнөтөт. Келген адамдын ким экенин Л.Маевский Ө.Текебаев менен телефон аркылуу байланышып тактап, ага 700.000 доллар санап берет. Анан аны Москванын аэропортуна чейин узатып коюшат. Акчаны алышканын Ө.Текебаев, Д.Чотонов эртеси телефон менен тастыкташкан».

Биринчиден, 2010-жылдын 1-сентябрында Л.Маевскийдин столоваясында 10-15 адам тамак ичип отурушкан. Ал жерде акча жөнүндө сөз болгон эмес. Маевскийден башка эч ким Текебаев акча талап кылды деп айтышкан жок. Тескерисинче, Ө.Текебаев Н.Абдырахманов, С.Кутуков, Н.Самсонкина андай сөз болгон эмес деп көрсөтмө беришкен.

Экинчиден, Маевскийден ким акча алды? Ал акчаны Кыргызстанга качан, кантип алып келди? Ал акчаны кимге, качан, кайсы жерде, кантип берген? Бул суроолорго жооп жок. Бирок тергөө менен генпрокурор Маевскийдин курук сөзүн айыптоого негиз кылып алышты.

Л.Маевскийдин банктан 510 миӊ евро алганы чын. Ал окуя Москва шаарында болуп олтурат. Маевский бизнесмен катары акчасын алып-бериши - табигый нерсе. Ал акчаны ким алышы мүмкүн? Мен иштеги материалдарга таянып, ал акчаны А.Модин алышы мүмкүн дейм. Н.Самсонкина: «Кыргызстандан делегация 2010-жылдын жазында келген» (V том, 137-бет), - деп окуяларды чаташтырып, алмаштырып жатат. 2010-жылдын жазында Маевскийдин офисине Кыргызстандан А.Модин барган. Бул талашсыз факт. Н.Самсонкина эки окуяны аралаштырып жатат. Н.Самсонкина: «Акчаны Кыргызстандан мурун делегацияда келген, славян улутундагы, жашы 35-37лердеги кишиге бергем», - деп көрсөтмө берет (I том, 137-бет).

Л.Маевский да 700.000 долларды славян улутундагы, бою 175-178 см, жашы 35-38дердеги, чачы темный кишиге бергенбиз деп көрсөтмө берген (V том, 77-бет).

2017-жылдын 29-июнундагы сотто Л.Маевский: «Акча алган киши 2010-жылы 1-сентябрда Ө.Текебаев менен чогуу менин офисиме келген-келбегенин билбейм, көргөн эмесмин. Анткени Ө.Текебаев менен эле алек болгом. Н.Самсонкина делегация менен келген деп айтып жатат», - деп көрсөтмө берди.

Н.Самсонкина бир нече жолу 2010-жылдын жазында Кыргызстандан делегация келген деп айтып жатат. «Жазында Кыргызстандан делегация келген беле?» - деген суроого Л.Маевский: «Жазында Кыргызстан, Казакстандан адамдар келген. Н.Самсонкина путать этип жатат», - деп жооп берди.

2010-жылдын жазында А.Модин Москвада болгон (I том, 39-бет). А.Модин 2010-жылдын 10-сентябрынан 18-сентябрына чейин Москвада болгон (III том, 233-бет).

А.Модин 1974-жылы төрөлгөн, 2010-жылы 36 жашта болгон, славян улутунда, боюнун узундугу 175-180 см. А.Модин Л.Маевскийден 500.000 евродой акча алганына далил бар (I том, 47-бет; III том, 230-бет).

2017-жылдын 27-июнунда сотто А.Модин 2010-жылдын апрель айында Л.Маевскийдин Москва шаарына барган эмесмин деп тана баштады. Бул – шектүү. Анткени 2017-жылдын 21-февралында Л.Маевский: «А.Модин Москвадагы Колошина переулогундагы офисиме 2010-жылдын апрелинде келген», - деп көрсөтмө берген (I том, 103-бет).

2017-жылдын 26-февралында Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен беттешкенде А.Модин: «2010-жылдын апрель айында Москва шаарынын Колошина переулогундагы Маевскийдин офисине баргам», - деп көрсөтмө берген (I том, 228-бет; I том, 238-бет).

Эмне үчүн А.Модин тана баштады? Анткени 500.000 еврону А.Модин алган. Ачылып калбасын деп кооптоно баштады. 2017-жылдын 29-июнунда сотто Л.Маевский: «А.Модин менен 17 жылдан бери таанышмын. Мен ага көп жолу акча бергем. Бизде товарно-денежный мамилелер бар. Азыр да А.Модинге акча берип турам. Ал менин бизнесимде бар, мен анын бизнесинде бармын», - деп көрсөтмө берген.

А.Модин мурун Л.Маевскийден 500.000дей долларды 2012-жылдын февралында карызга алгам деп айтып жүрсө, сотто 2011-жылдын февралында алгам деп моюнуна алды.

2017-жылдын 10-февралында берген көрсөтмөсүндө А.Модин 500.000 евродой акчаны кайсы максатта алганын айта албай койгон. Ал: «Касательно целей займа указанной суммы денежных средств, в отсутствии показаний Л.Маевского, давать показания на сей счет воздержусь, так как могут быть существенные неточности в моих показаниях», - дейт. Карыз алганынан 6 жыл өтсө да, ал карызды эмне үчүн алганын айта албайт. Март айынан баштап А.Модин менен Л.Маевский 2012-жылы карыз берилген деп жалган айта башташты. 2012-жылы Россиянын массалык маалымдоо каражаттарында бул карыз жөнүндө маалыматтар чыккан. «Руспрес» (rospres.com) агентствосунун маалыматы боюнча карыз жөнүндө келишим 2011-жылдын февралында түзүлгөн.

Ошондо да Л.Маевский карыз кандай максатта берилген деген журналисттин суроосуна: «Бул ич ара талаш, чечилет» - деп, жооп бербей койгон. Ушул жагдай 2010-жылы сентябрда Л.Маевский А.Модинге акча берген (500.000 доллардай). Аны кийин 2011-жылы февралда келишим менен бекемдеген дегенге негиз берет. Ошондуктан 6 жыл өтсө да Модин менен Маевский акча эмне үчүн берилген деген суроого жооп бере алышпаган.

«2010-жылы 1-сентябрда Текебаев Москвага келип кеткенден кийин, анын сунушуна макул болуп, рисктерди билүүгө Р.Оӊолбековго телефон кылдым. Көпкө сүйлөштүм», - деп Маевский айтат.

Тергөө, генпрокуратура: «Л.Маевский Р.Оӊолбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, консультация жана мүмкүнчүлүктөрдү анализдеп көрүп, Ө.Текебаев 700.000 доллар бергенге макул болгон» - дейт.

Р.Оӊолбеков: «Сөз мен даярдаган справка жөнүндө болду. Негизинен «Мегакомдун» айланасындагы сот иштери жөнүндө болду», - деп көрсөтмө берет (V том, 114-бет).

Иштин материалдарында чын эле Л.Маевский Р.Оӊолбековго 1-сентябрь күнү саат 22:27, 22:47, 22:56ларда звонок кылган. Кошуунун узундугу 20, 1, 53 секунда гана болгон (VII том, 76-бет). Р.Оӊолбеков Л.Маевскийге саат 23:10до звонок кылган. Узундугу 19 секунда болгон.

Эмне, Л.Маевский ушундай көз ирмемде Р.Оӊолбеков менен консультациясын бүтүрүп койдубу? 20, 1, 53, 19 секунда – бул келген звоноктун эле убактысы. Ушундай кыска убактагы консультация белгисиз адамга 700.000 доллар берип койгонго негиз боло алабы? Албетте, жок.

Сотто Р.Оӊолбеков «Альфа Телекомго» байланышкан сот процесстери жөнүндө, соттук териштирүүлөр жөнүндө Л.Маевскийге кеӊеш, маалымат берип турдум деп көрсөтмө берген. Убагында Р.Оӊолбеков “БиМоКом LTD” ЖЧКсын мүлктөрүн рейдерлик жол менен М.Бакиевдин «Альфа Телекомуна» алып бергенге катышкан, негизги ролду ойногон.

2010-жылдын апрель айынан кийин “Penwell Business limited” компаниясы “БиМоКом LTD” ЖЧКсын мүлкүн кайтарып алуу аракетин баштайт.

“РТК Лизинг” ААКсын жана “БиМоКом LTD” ЖЧКсын атынан “БиМоКом LTD” ЖЧКсын мүлкүн кайтаруу талабы менен сотко кайрылышат. Бишкек райондор аралык соту алардын талабын 2010-жылдын 10-августундагы чечими менен канааттандырат.

Соттун чечими менен «Альфа Телекомдун» мүлкү “БиМоКомго” өтүп, «Альфа Телеком» банкрот болушу күтүлүп жаткан. Р.Оӊолбеков муну билет болчу.

«Пенвеллдин» позициясы ошол убакта күчтүү эле. («Пенвелл» 2010-жылы 15-октябрда Бишкек шаардык сотунан да утушат. Ал эми 2011-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунан да «Пенвелл» утат. Ошентип Кыргыз Республикасы 49% акциясына ээ болгон «Альфа Телеком» ЖАК банкрот болуп, мамлекет куру жалак калуу коркунучу реалдуу болот).

Эгер Р.Оӊолбеков 1-сентябрда Л.Маевскийге «Пенвелл» биринчи инстанциядан утканын, соттук териштирүүнүн перспективасын айтса, Л.Маевский ойлонбой эле 700.000 долларын белгисиз бирөөгө кармата коёт беле?

Акылга сыйбаган иш. Мындай 20 секунддук консультациядан кийин эч ким тобокелге бармак эмес. Абсурд.

Бул кырдаал Л.Маевский 700.000 долларын «Альфа Телеком» үчүн бирөөгө бербей турганын далилдейт.

Л.Маевский 29-июнда сотто Текебаев Москвага эффектно келди деп төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:

«Текебаев делегациянын составында учуп келди. Элчиликтин өкүлдөрү тосуп алышты. Андан кийин Ө.Текебаев «старая площадга» барып, «нормальный» адамдар менен жолукту. Текебаев өзүн царь же монархтай алып жүрдү деп айта албайм, бирок өзүн республиканын жетекчисиндей алып жүрдү. Телевидениеден делегация келгенин көргөзөт го, ошондой болду. Ушундан кийин мен 700.000 долларды берейин деп макул болдум».

«Текебаевден адам келди, телефондон Текебаев биздин адам, акчаны бере бергиле деп айтты».

«Акчаны санап бердик. Текебаев телефондон ал адамды аэропортко жеткирип койгула деди. Охрана аэропортко жеткирип койду. Адам учуп кетти. Эртеси телефондон звонок кылдым, акча жеттиби деп сурадым. Текебаев баары нормально, адам келди, акча ордунда деди».

Адвокаттардын: «Акча берген адам ким? Аты-жөнү кандай? Акча алдым деп расписка бердиби?» - деген суроолоруна Л.Маевский алгач: «Жок, аты-жөнүн сураган эмеспиз, Текебаевдин телефондон айткан сөзү эле жетиштүү болгон», - деп көрсөтмө берип келген. Бирок 29-июнь күнү сотто: «Ал адамдын өздүгүн тактаганбыз, видеокамера фиксация кылган, паспорт данныйларын алганбыз. Бирок срок хранения - 5 эле жыл. Беш жылдан кийин информация өчүп калат». «Расписка да бар эле. Биз сактап жүргөнбүз. 2016-жылы башка офиске көчкөнбүз. 2016-жылы өтө суук кыш болду. Биздин офисте суу агып, каптап кетти. Бүт документтер жок болду».

Л.Маевский акчаны кимге, кантип бергенин өзү да билбейт. Көрсөтмөлөрүн жеӊил, тез, радикалдуу өзгөртөт. Кыскасы, патологиялык жалганчы.

Сотто Л.Маевский «700.000 долларды бердиби? Берсе, кимге берди? Ал адамдын Ө.Текебаевге кандай тиешеси бар? Ал адам кайсы аэропортко жеткизилди? Жетсе, учтубу? Ө.Текебаевдин ушул адамга бер дегени чынбы? Эмне далилдер менен тастыкталат? Эӊ негизгиси, Ө.Текебаев 700.000 долларды качан, кимден, кайсы жерде, кантип алды?» – деген суроолорго жооп бере албады, айткан сөздөрүн далил келтирип бекемдей алган жок.

А.МОДИНДИН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА

А.Модин менен мен апрель айынын башында жолуккам. Мен кабинетимден сыртка чыгып бара жатканымда экинчи этаждын «лестничная площадкасында» бир нече адам алдымдан тосушту. Алар: «Максим Бакиев киргизген ар бир кошулган звонок үчүн 60 тыйындан кошумча төлөм боюнча сизге келдик. Бизди кабыл алып коюңуз», - деп суранышты. Мен: «Шашып баратам. Сөзүӊөр болсо, ушул жерден айта бергиле. Кабинетке киргенде деле отур деп айта албайм. Анткени белим операциядан кийин ооруп турат. Капа болбогула», – дедим.

Алар бири А.Модин экенин азыр билдим, кайрылуу катын мага беришти. Ошону менен жолугушуу бүттү. А.Модин менин кабинетиме кирген эмес. Ошондуктан менин кабинетим кайда экенин билбейт.

А.Модин менен Маевский 2010-жылдын 13-майында мени менен менин кабинетимде жолукканбыз дешет.

Бул ЖАЛГАН. Мен Л.Маевский, А.Модин менен 13-майда эч жерде жолуккан эмесмин. Муну Д.Чотонов, Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрү, менин охранамдагы жигиттер, кабылдамадагы жардамчылар, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү, секретариаттын мүчөлөрү жана башка документтер далилдеп турат.

Окуянын кырдаалын, жагдайын калыбына келтирүү жана көрсөтмөлөрдү ордунда текшерүү убагында, 2017-жылдын 14-февраль күнү А.Модин тегөөчүлөрдүн жана понятойлордун коштоосунда Өкмөт үйүнө кирип, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын кабинети деп, ошол убактагы Убактылуу өкмөттүн Төрагасынын Биринчи орун басары А.Атамбаев отурган кабинетти көргөздү (I том, 48-54-бет). А.Модин менин кабинетимде болбогондуктан анын кайда экенин билбейт эле. Ал Атамбаевдин кабинетин көргөзгөнү - менин кабинетимде жолугушуу болбогонун далилдейт.

А.Модин 2013-жылдын 13-майында Ө.Текебаевдин кабинетинде Ө.Абдрахманов менен жолукканбыз деп алты жолу көрсөтмө берди (I том, 39-бет; I том, 45-бет; I том, 51-бет; I том, 91-бет; I том, 229-бет; I том, 239-бет).

Бирок Ө.Абдрахманов бул жолугушууларга «физически» катыша алмак эмес. Ал АКШдан 2010-жылдын 20-майынан кийин келди (I том. 185-бет; IV том, 99-бет).

Демек, 13-май күнү менин кабинетимде жолугушуу болбогонун А.Модиндин бул көрсөтмөлөрү дагы бир жолу далилдеп турат.

Л.Маевский: “13-май күнү кечке маал саат 18:00-19:00дөрдө “Хаят” мейманканасынын ресторанында Ө.Текебаев, Д.Чотонов. Т.Маматкеримов, А.Модин болуп жолукканбыз. Ошол жолугушууда Ө.Текебаев менден 1 миллион доллар талап кылган”, - деп көрсөтмө берген (I том, 105-бет; I том, 129-бет; I том, 180-бет; I том, 243-бет).

Л.Маевский атаган адамдардын бири да Л.Маевскийдин сөзүн тастыкташкан жок.

А.Модин: “Мен “Хаят” ресторанындагы сүйлөшүүгө катышкан жокмун, эмне сөз болгонун билбейм”, - деп көрсөтмө берген (I том, 249-бет; I том, 238-бет). А.Модин ал сөздөрдү кийин Л.Маевскийден укканын айткан.

Тергөөчүлөрдүн “жетекчилиги” менен А.Модин, Л.Маевский март айындагы көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүп, 13-май күнү кечиндеги жолугушуу “Хаят” ресторанында эмес, “Супара” ресторанында болгон дей башташты. (III том, 232-бет; V том 79-бет). Бирок А.Модин “Супара” ресторанында да Ө.Текебаевдин Л.Маевскийден 1 миллион доллар сураганына күбө болгон жокмун. Мага Л.Маевский гана айткан деп көрсөтмө берген (III том, 232-бет).

13-майда мен кабинетимде гана эмес, “Хаят” ресторанында же “Супара” ресторанында Л.Маевский менен жолуккан эмесмин. Аны көптөгөн күбөлөр, документтер тастыктап турат. Л.Маевскийден Ө.Текебаев акча талап кылганын көргөм, күбө болгом деп А.Модин да айткан эмес.

Л.Маевский Ө.Текебаев 2010-жылдын 10-11-июлунда Москвадагы менин офисимде менден 1 миллион доллар талап кылган деп көрсөтмө берген. Кийинчерээк 1-сентябрда деп көрсөтмөсүн өзгөрткөн.

Бул жөнүндө А.Модин: “700.000 долларды ким аркылуу кантип, кимге бергенин билбейм. Ошол убакта Москвада болгом. Бирок жолугушууга катышкан эмесмин”, - деп айтып, эч нерсени жеке күбөлөндүргөн эмес (I том, 41-бет; I том, 47-бет; I том, 231-бет; III том, 233-бет).

1-сентябрда Л.Маевскийден акча талап кылганымды А.Модин да, жолугушууга катышкан бир да адам күбөлөндүргөн жок.

Айыптоо корутундусунда Генпрокуратура мындай дейт: “2010-жылдын 27-июлунда Л.Маевский Ө.Текебаевдин шартына макул болуп, Бишкекке спорт сумкасында 300.000 доллар алып келген. Ал акчаны “Хаят” отелинин номеринде Текебаев менен Чотоновго берип коюш үчүн А.Модинге берет”.

Бул боюнча А.Модин мындай дейт: “Л.Маевский кеткенден кийин эки жумадан кийин Т.Маматкеримов звонок кылып, акчаны алып кел деди. Мен анын офисине алып барып бердим” (I том, 46-бет; I том, 231-бет; I том, 239-бет; III том, 232-бет). Демек, А.Модин 300.000 доллар акчаны Т.Маматкеримовдун офисине алып барып жатат. Иштин материалдары боюнча А.Модин Т.Маматкеримов менен август айында эки күндө гана телефон менен сүйлөшүшкөн. 3-августта бир жолу байланыш болгон. Ал эми 31-августта 20 жолу сүйлөшкөн, анын 15ин А.Модин өзү звонок кылган. А.Модин Т.Маматкеримов эки жумадан кийин звонок кылган деп жатат. Т.Маматкеримов 10-15-августтарда звонок кылыш керек эле. Демек, Т.Маматкеримовдун А.Модинге эки жумадан кийин звонок кылганы жалган.

А.Модин Т.Маматкеримовго 300.000 долларын барып бергени жалган.

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUBI
2017-09-20 22:32:20
Ыйласан деле камаласын, белгилуу го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан