Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 4-бөлүк

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.

(Уландысы)

Л.МАЕВСКИЙДИН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА

Л.Маевский, аны ээрчип Генпрокуратура мындай дейт: "2010-жылдын 13-майында Л.С.Маевский Бишкекке келип, Текебаев менен анын кызмат кабинетинде А.Модин, Т.Маматкеримов, Д.Чотонов, Л.Маевский болуп жолугушат. Ө.Текебаев өзгөчө бийликке ээ экенин, ошонун ичинде мамлекеттик ишканаларды приватташтыруу маселелерин да чече ала турганын айтып Л.Маевскийге «Альфа Телеком» ЖАКсынын акцияларын сатып алууну сунуш кылат. Ошол күнү кечинде Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун демилгеси менен «Супара» ресторанында жолугушат. Жолугушуу учурунда Ө.Текебаев Л.Маевскийдин адамдарын «Альфа Телеком» ЖАКсынын жетекчилигине дайындоону сунуш кылып, ал үчүн 1 миллион АКШ долларын талап кылган".

Л.Маевский менен Генпрокуратуранын бул сөздөрү чындыкка дал келбейт жана кара ниет жалаа.

Алгач ошол күндөрү, 12-13-14-май күндөрү, Кыргызстанда кандай кырдаал өкүм сүргөнүн эске салалы. 2010-жылдын 12-май күнү Бишкекте контрреволюциялык төӊкөрүшкө бакиевчилер аракет кылышкан. Ал аракеттерди эл колдобой, майнап чыкпаганын көргөн уюштуруучулар өз аракеттерин түштүк облустарына которушат. 13-май күнү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустук администрациялардын имараттары басып алынып, бакиевчил губернаторлор дайындалат. Түштөн кийин Ош, Жалал-Абад аэропортторун да бакиевчилер көзөмөлгө алышат. Минскиден К.Бакиев "мен азыр деле Кыргыз Республикасынын президентимин" деп жарыялайт. Контрреволюциялык реванш реалдуу эле. 12-13-14-май күндөрү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү өзгөчө режимде иштеп, өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлгө алып, оперативдүү чечимдерди кабыл алып турушкан. Ошондуктан ошол күндөрү Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү тынымсыз кеӊешип, маалымат алмашып, ситуацияны анализдеп, конкреттүү иш-чараларды аткаруунун үстүндө болушкан. 14-май күнү Жалал-Абад обладминистрациясын бошотуу үчүн Асилбек Текебаев баш болгон «Ата Мекен» партиясынын, Убактылуу Өкмөттүн тарапташтары тынч жүрүшкө чыгышат. 3-4 миӊ киши обладминистрациясынын имаратынын алдына келгенде бакиевчилер ок чыгарып, 60тай адам жарадар болуп, экөө курман болушкан. Түштөн кийин саат 16-17лерде обладминистрация бошотулат.

2010-жылдын 13-май күнү Кыргызстандын жаӊы тарыхында эӊ маанилүү жана окуяларга бай күндөрдөн болгон. Ошондуктан 13-май күнкү окуялар жакшы документтешип калган. Менин 2010-жылдын 13-май күнкү иш пландарым Убактылуу Өкмөттүн иш пландары менен түздөн-түз байланышта болгон.

12-май күнү саат 10дордо Тарых музейинде Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р.Отунбаева 2010-жылдын апрелинде курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Саат 12лерде «Ата Бейитте» 7-апрелде курман болгондордун 40 күндүгүнө куран окутуп, баатырлардын мүрзөсүнө гүл койдук. Ал жерде Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, А.Бекназаров, Т.Сариев, мен жана башкалар катыштык. Куран окутулуп бүткөндөн кийин шейит кеткендердин жакындары, Апрель революциясынын катышуучулары “Дасмияга” барып тамак ичип, куран окутканы кетишти. Мен жана Темир Сариев Жал кичи районунда апрелде шейит кеткендердин үй-бүлөлөрү үчүн курулуп жаткан үйдүн фундаментин куйганга катыштык. Мен андан ары “Ак кеме Пинара” мейманканасына Конституциялык кеңешменин ишине саат14: 00дөн - 19:30га чейин катышканы кеттим. Кечинде Убактылуу Өкмөттүн жыйналышына катышып, өлкөдөгү кырдаалды талкууладык.

12-13-май күндөрү мен А.Атамбаевди көргөн жокмун. Анын кайда жүргөнүн, эмне иш кылганын билбейм.

13-МАЙ. КҮНДҮН ХРОНОЛОГИЯСЫ

Эртеӊ менен саат 8дерде Р.Отунбаеванын кабинетинде Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаал боюнча чукул жыйналышка катыштык.

Саат 9:00дөн – 13:30га чейин “Хаят” мейманканасында “Кыргыз Республикасындагы Конституциялык реформа” деген тегерек столдун ишине катыштым.

Тегерек столду мен ачып, төмөндөгүлөргө сөз бердим:

  • Роза Отунбаева - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы;
  • Посол Шантель Эбберект - Европа союзунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы;
  • Нил Волкер - ООН системасынын координатору, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү;
  • Дени Пети - БДИПЧ ОБСЕнин департамент башчысы;
  • Сергей Кузнецов - Европа Союзунун Венеция комиссиясынын бөлүм башчысы.

Тегерек столдун ишине Венеция комиссиясынын мүчөлөрү, Польша, Германия, Финляндиядан келген эксперттер, соттор катышкан.

Роза Отунбаева сөз сүйлөп коюп эле, кечирим сурап, коомдук уюмдун өкүлдөрү менен жолугушканы чыгып кетти. Мен тегерек столдун биринчи бөлүгүнө катышып, “Хаят” мейманканасында обед кылып, саат 13:30дарда Баетов көчөсүндөгү №19-үйдөгү квартирама 15-20 минутага кирип чыктым. Менин квартирам “Хаяттын” жанында.

Саат 14:00- 17:00гө чейин Роза Отунбаеванын кабинетинде Убактылуу Өкмөттүн чукул отурумунда болдук.

17:00дөрдө 15-20 минута менин кабинетимде партия активисттери, жердештер менен Жалал-Абад облусундагы кырдаал боюнча сүйлөштүк. Аларга Убактылуу Өкмөт алган чечимдерди айтып берип, түнү менен Жалал-Абадда эртеӊкиге эл жыйнайлы деп Убактылуу Өкмөттүн атынан сурандым.

Саат 17:40тарда “Ак кеме - Пинара” мейманканасына келип, Конституциялык Кеңешменин ишине саат 20:30дарга чейин катыштым.

Өкмөт үйүнө саат 21лерде келип, мени күтүп турган партиялаштар, жердештер менен жолугуп, Жалал-Абаддагы кырдаалды талкууладык. Алар менен 14-майда Жалал-Абаддагы тынч жүрүштү уюштурууга жардам берүү планын түздүк. Саат 21:30-22:00дөн 24:00гө чейин Р.Отунбаеванын кабинетинде Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаалды кайра талкуулап, 14-майга иш-чараларды талкууладык. Бул күнү да мен Алмазбек Атамбаевди көргөн жокмун.

Жогоруда айтылган күндүн хронологиясын күбөлөр тастыктайт. 800-845терге чейин Р.Отунбаеванын кабинетинде болгонумду сотто көрсөтмө беришип, Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, К.Дүйшөбаев, А.Бекназаров, Ж.Сапарбаев, К.Боронбаев, Н.Абдырахманов жана башкалар тастыкташты.

Саат 900-1330дарга чейин “Хаят” отелинде тегерек столдун жумушуна катышканымды сотто көрсөтмө беришип, А.Салянова, Д.Нарымбаев, Н.Абдырахманов, К.Боронбаев, Ж.Сапарбаев, А.Сукенов, Э.Алымкулов тастыкташты.

Саат 1330-1400гө чейин Баетов көчөсү №19-үйдөгү квартирама кирип, андан кийин Өкмөт Үйүнө келгендигимди Н.Абдырахманов, А.Сукенов, Э.Алымкулов, К.Боронбаев, Ж.Сапарбаев тастыкташты.

Саат 1400-1700дөргө чейин Р.Отунбаеванын кабинетинде Убактылуу Өкмөттүн чукул отурумунда болгонумду сотто берген көрсөтмөлөрү менен Р.Отунбаева, Э.Каптагаев Т.Сариев, Э.Ибраимова, К.Дүйшөбаев, И.Исаков, К.Боронбаев, Н.Абдырахманов, Ж.Сапарбаев тастыкташты.

"13-май күнү саат 15-17лерде квадраттык залда түштүктүн аксакалдары менен жолугушуу болгон, жолугушууга Р.Отунбаева менен Ө.Текебаев келип сөз сүйлөгөн", - деп А.Эркебаев да көрсөтмө берди. Квадраттык зал - Р.Отунбаеванын кабинетинин жанындагы зал.

Ушул жерден айтып коюш керек, И.Исаков менен Д.Чотонов саат 16ларда “Фрунзе-1” аскер аэродромуна Ошко учуп кетүү үчүн жөнөшкөн. И.Исаков менен Д.Чотоновдун саат 16ларда аэродромго жөнөгөнүн сотто көрсөтмө беришип, Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, К.Дуйшөбаев, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Б.Калпетов, З.Аданов тастыкташты.

Саат 1730дардан 2030га чейин “Пинара” отелинде Конституциялык кеңешменин жумушуна катышканым кеңешменин видеозаписи, стенограммасы менен тастыкталат. Күбөлөр: А.Салянова, Д.Нарымбаев, Н.Абдырахманов, А.Сукенов, Э.Алымкулов, Ж.Сапарбаев, К.Боронбаев тастыкташты.

Л.Маевский: "Ө.Текебаевдин кабинетинде 13-май күнү бир саат жолугушуу болду (1400 - 1500), анан “Хаят” отелине келип эс алдым, кечке маал эки саат “Супара” ресторанында жолуктук (1600 - 1800)", - деп көрсөтмө берген.

Жогоруда күбөлөр көрсөткөндөй, мен кааласам да, Л.Маевский үчүн 10-15 минута да таба алмак эмесмин.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү (айта кетүүчү нерсе - сот дагы 25 күбөнү угуудан баш тарткан), Убактылуу Өкмөттүн отурумунун протоколу, декреттер, Конституциялык кеңешменин жумушунун видеозаписи, стенограмма, протоколдору Л.Маевский менен 13-май күнү жолугушуу болушу мүмкүн эмес экенин, Л.Маевский А.Модин жалган айтып жатканы далилдеди.

2010-жылдын июль айында мен Л.Маевский менен жолуккан эмесмин. Л.Маевский өзү да бир нече жолу Ө.Текебаев менен июль айында жолуккан эмесмин деп көрсөтмө берген (I том, 106-бет; I том, 130-бет; I том, 181-бет; I том, 186-бет).

«Текебаев тоже был закручен, был заверчен и поэтому Дюшон приехал ко мне ....» (I том, 106-бет).

«Текебаева в этот приезд я лично не видел, так как он был занят…» (I том, 130-бет).

«Я провел встречи со своими людьми. С О.Текебаевым я в этот приезд не встречался (I том, 181-бет).

«Я в Бишкеке с мая 2010 года по декабрь 2010 года находился 5 раз. Во время своих приездов я 4 раза виделся с О.Текебаевым. В свой первый приезд в мае, в третий приезд в августе, в четвертый приезд в сентябре и в пятый приезд в декабре (I том, 186-бет).

Июнь, августтагы жолугушуу кайсы жерде болгонун да билбейт. «Где именно были встречи, я назвать не могу, так как плохо ориентируюсь в Бишкеке” (V том, 81-бет).

А.Модин да июль, августтагы жолугушуулар кайда болгонун билбейт. (III том, 233-бет; I том, 231-бет).

Л.Маевский менен А.Модин мени менен 2010-жылы 29-сентябрдын аягында “Мимино” кафесинде жолукканбыз дешет.

Жалган. Мен алар менен бир жолу да жолуккан эмесмин.

2010-жылы Жогорку Кеңешке шайлоолор 10-сентябрда башталып, 10-октябрда аяктаган. Мен 10-сентябрда Бишкектен түштүк региондоруна чыгып кеткем. Жалал-Абад, Ош, Баткен, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын шайлоочулары менен жолугуп, Бишкекке 30-сентябрда кайтып келгем. 1-октябрдан баштап Бишкек, Чүй облусунун шайлоочулары менен жолугушуу баштагам. Бул фактыны сотто көрсөтмө беришкен А.Шыкмаматов, А.Сасыкбаева, Н.Никитенко, Н.Абдырахманов, К.Боронбаев тастыкташкан. Дагы бир жолу айта кетүү керек, сот 25 күбөнү суроодон баш тарткан. Ошол күбөлөрдүн арасында мени менен бүт шайлоо кампаниясында кошо жүргөн адамдар бар.

Л.Маевский Ө.Текебаев менен 2010-жылдын 21-декабрында жолуккам деп көрсөтмө берет. Бул да - жалган. Андай жолугушуу болушу мүмкүн эмес.

2010-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңештин органдары түзүлүп, кызматкерлер алына баштаган. Декабрь айында өкмөт түзүлүп, көп кызматчылар алмашып жаткан убакыт эле. Партиянын борбордук штабында иштеген активисттер, кандидаттар ошол убакытта күндө Жогорку Кеңешке келишет эле. Региондон да партиянын активисттери келип, өздөрүнө же балдарына жумуш үмүт кылышат эле.

22-декабрь - менин туулган күнүм. Ошол жылы 20-декабрдан (дүйшөмбү күн болчу) баштап эле мени туулган күнүм менен куттуктап, белек бергендер көбөйдү. Белегин алып коюп, эртеси жумуш сураганда, бар же жок дей албай ыңгайсыз абалда калбайын деп, кабылдамадагы балдарга (волонтёрлор көп эле) 21-22-декабрда жумушка келбейм деп айтып кетип калдым.

Ошентип, 21-декабрь күнү мен жумушка барган эмесмин.

“Ар-намыс”, “Ата Мекен” партиялары оппозицияда калып комитеттерди, вице-спикерлик кызматты бөлүштүрүү боюнча макулдашуу срочно керек болуп калды. Мени 21-декабрда “Ар-намыс” фракциясынын лидери Ф.Кулов, “Ата Мекенден” А.Сасыкбаева издешиптир. Мен эртеси, 22-декабрда келип, бир-эки саат жумушта болдум. Фракциянын жыйынын өткөрүп, вице-спикерликке А.Сасыкбаеваны, комитеттин төрагасына Т.Мадылбековду көргөзүп, протоколго кол коюп эле кайра жумуштан кетип калдым. Менин 21-декабрда жумушта болбогонум боюнча фактыны сотко көрсөтмө беришип, Ф.Кулов, К.Ташиев, Б.Шер, А.Сасыкбаева, Н.Никитенко, Г.Журабаева, К.Боронбаев, Н.Абдрахманов, Н.Исаков, Ж.Сапарбаев тастыкташты.

Ошентип, 2010-жылдын 21-декабрында Л.Маевский менен жолукпаганым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен жана башка документтер менен далилденди.

(Уландысы бар)


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
isabek1977
2017-09-19 15:52:27
Кимдердин кандай тастыктаганын кордук го.Бекназаровдой кубо болгондор болсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан