Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 9-бөлүк

Бүгүн, 21-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 4-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 5-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 6-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 7-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 8-бөлүгү ушул шилтемеде.

(Уландысы)

А.МОДИН ЖОЛУГУШУУЛАР ЖӨНҮНДӨ

2017-жылдын 10-февралындагы суракта А.Модин мындай деген: “2010-жылдын жазында мен жана Л.Маевский “Ак Үйгө” Текебаев менен жолукканы кирдик. Сүйлөшүү убагында (Д.Чотонов менен мен катышып отурганбыз) Л.Маевский Ө.Текебаевге “Мегакомду” сырткы башкарууга алуу жөнүндө өзүнүн сунушун айтты. Ө.Текебаев Л.Маевскийди угуп, өзүнүн кабинетине Ө.Абдрахмановду чакырды” (I том, 239-бет).

“Биринчи жоугушуудан бир айдан кийин Л.Маевский Ө.Текебаев менен кайра жолукканы Бишкекке учуп келди. Жолугушуу “Супара” кафесинде болду. Л.Маевскийдин сөзү боюнча Ө.Текебаев 1 миллион доллар сураган. Бирок бул сөздөргө мен күбө болгон жокмун” (I том, 40-бет).

“Жолугушуунун алдында Л.Маевский сактап кой деп мага 300.000 доллар берди” (I том, 40-бет).

2017-жылдын 13-февралындагы суракта Модин мындай деген: "Мен Л.Маевский менен Д.Чотонов, Т.Маматкеримовдун коштоосунда Ө.Текебаевдин кабинетине кирдик. Ал жалгыз эмес экен. Бир аздан кийин Ө.Абдрахманов кабинетке кирди” (I том, 45-бет).

“Түштүктөгү июнь окуяларынан кийин Л.Маевский Бишкекке кайра келди. Анын - бул экинчи келишинде жолугушуу “Супара” кафесинде болду. Жолугушуунун алдында, мени угуп бүтүп, сактап коюуга спорт сумкасындагы 300.000 доллар берди. Мен акчаны үйүмө алып барып койдум” (I том, 46-бет).

2017-жылдын 14-февралында А.Модин Ө.Текебаевдин кабинети деп тергөөчүлөргө А.Атамбаевдин кабинетин көргөзүп, ушул жерде биринчи жолугушуу болгон, ага Д.Чотонов, Ө.Абдрахманов, Ө.Текебаев, Т.Маматкеримов, А.Модин, Л.Маевский катышкан деп көрсөтмө берди (I том, 51-бет).

2017-жылдын 26-февралындагы Д.Чотонов менен А.Модиндин беттештирүү протоколунан

А.Модин: “Майда Л.Маевский Бишкекке келди. Д.Чотонов, Т.Маматкеримов бизди Ө.Текебаевдин кабылдамасында күтүп туруптур. Төртөөбүз Ө.Текебаевдин кабинетине кирдик. Бир аздан кийин Ө.Абдрахманов кирди” (I том, 229-бет).

“Л.Маевскийдин кезектеги визити 2010-жылдын июль айынын аягында болду. Жолугушуу “Супара” ресторанында болду”. “Супара” ресторанына келердин алдында Л.Маевский мага сактап кой (на хранение) деп 300.000 доллар берди” (I том, 231-бет).

Л.Маевский 2010-жылдын август айында учуп келди. Ө.Текебаев менен жолукту, бирок жолугушууга мен катышкан жокмун (I том, 231-бет).

2010-жылдын сентябрь айынын аягында Л.Маевский Бишкекке кайра келди. Жолугушуу “Мимино” кафесинде болду (I том, 232-бет).

Л.Маевский Бишкекке акыркы жолу 2010-жылдын декабрында учуп келди. Жолугушуу болду. Бирок кандай шартта, кайсы жерде болгонун билбейм, анткени бул жолугушууда Л.Маевский менен болгон жокмун” (I том, 232-бет).

“Л.Маевский Бишкекке беш жолу келди. Бул май, июль, август, сентябрь, декабрь айларында болду. 2010-жылдын декабрь айында болгон Ө.Текебаев менен Л.Маевскийдин жолугушуусунда кимдер болду билбейм. Анткени мен өзүм болгон эмесмин” (I том, 234-бет).

2017-жылдын 26-февралындагы Ө.Текебаев менен А.Модиндин беттештирүү протоколунан

“Жолугушуу 2010-жылдын майында болду. Текебаев өзү кабинетинде кабыл алды. Сүйлөшүү учурунда кабинетке Ө.Абдрахманов чакырылды” (I том, 238-бет).

“Кийинки жолугушуу июлдун экинчи жарымында болду. “Супара” кафесинде. Л.Маевский эртең менен учуп келип, мага 300.000 долларды сактап кой (попросил подержать их у себя) деп берди” (I том, 239-бет).

Сентябрда “Мимино” кафесинде жолугушуу болду (I том, 239-бет).

2010-жылы декабрда Л.Маевский Бишкекке акыркы жолу учуп келди. Л.Маевскийдин сөзү боюнча “Ак үйдө” болуптур. Мен катышпагандыктан эмне жөнүндө сөз болгонун билбейм” (I том, 239-бет).

А.Модин 2017-жылдын 10-мартында тергөөчүлөрдүн сунушу менен көрсөтмөлөрүн өзгөрттү. “Май айында Л.Маевский Бишкекке учуп келди. Текебаевдин кабинетинде жолуктук. Кечке жакын “Супара” ресторанында жолуктук” (I том, 232-бет).

“Биринчи көрсөтмөлөрүндө Ө.Абдрахманов менен май айында жолукканбыз деп жаңылыптырмын. Чындыгында жолугушуу кышында, 2010-жылдын 20-декабрларында болгон” (III том, 231-бет).

“2010-жылы июль айында Ө.Текебаев менен Л.Маевский жолугушкан. Бирок кайсы жерде жолугушуу болгонун айта албайм. Ошондой эле 2010-жылдын августундагы жолугушуу кайда болгонун айта албайм” (III том, 233-бет).

“2010-жылы июль айында Ө.Текебаев менен Л.Маевский жолугушкан. Бирок кайсы жерде жолугушуу болгонун айта албайм (III том, 233-бет).

Ошентип А.Модин 2010-жылдын май айында менин кабинетимде болбогонун өзү көргөздү. Ошондой эле А.Модин июль, августтагы жолугушууларда болгон эмес экен, өзү көргөздү.

Декабрдагы жолугушууда болбогонун да өзү бир нече жолу айтты.

А.Модинди өзгөрткөн көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбегенин иштин материалдары жана биздин күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү далилдеп турат.

А.Модин буларды жалган айткандан кийин калгандарын деле жалган айтып жатат.

А.Базаркулов А.Модин менен 2010-жылдын июнь айынын аягында Т.Маматкеримовдун офисинде атайын жолугуп, аны менен «Альфа Телеком» ЖАКсынын иши боюнча сүйлөшкөм. Аны “Альфа Телеком” ЖАКсына Гендиректор болот экен деп ойлоп, суроолорунун баарына жооп бергем” деп үч жолу көрсөтмө берген (V том, 186-бет; V том 188-бет; VII том, 94-бет).

2017-жылдын 14-апрелинде А.Модин: “Вефа центрдеги” Т.Маматкеримовдун офисиндеги жолугушуу эсимде жок. Андай жолугушуу болсо да, кокусунан болсо керек. Балким, А.Базаркуловду көргөн (мимолетно) эле болушум керек. Ошондуктан эсимде жок деп көрсөтмө берип, А.Базаркуловдун сөзүн жокко чыгарды (VII том, 95-бет).

А.МОДИНДИН 2017-ЖЫЛДЫН 27-ИЮНУНДА БОЛГОН СОТТУК ЗАСЕДАНИЕДЕ БЕРГЕН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ

А.Модиндин ага берилген суроолорго берген жооптору:

Суроо: Сиз 2017-жылдын 14-февралында тергөөчүлөргө жана күбөлөргө Ө.Текебаевдин кабинетин көргөздүӊүз. Ошол кабинетти өзүӊүз таптыӊызбы? Тергөөчүлөр көргөзгөн жокпу? Кайра көргөзүү керек болсо, ошол кабинетти кайра таап, көргөзө аласызбы?

Модин: Мага тергөөчүлөр көргөзгөн жок. Өзүм таптым. Кайра көргөзүш керек болсо, ошол кабинетти көргөзөм.

Суроо: Ал кабинет Текебаевдики эмес. Ал - Атамбаевдин кабинети, муну Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жана башка жетекчилер тастыктай алышат. Буга эмес дейсиз?

Жооп жок. А.Модин жооп бере алган жок.

Суроо: 300.000 долларды Л.Маевский сизге эмне деп берди эле?

Модин: Л.Маевский 300.000 долларды сактап кой, эмне кылышты мен кийин айтам деп берген.

Суроо: 300.000 долларды сиз Л.Маевскийден алып жатып санадыӊызбы?

Модин: Жок, санаган жокмун.

Суроо: Санабасаӊыз, 300.000 доллар бар эле деп так айта аласызбы?

Модин: Жок, айта албайм.

Суроо: 300.000 долларды алып жатып Т.Маматкеримов санадыбы?

Модин: Жок, санаган жок.

Суроо: 300.000 долларды Т.Маматкеримовго бергенден кийин акчанын тагдыры эмне болгонун билесизби?

Модин: Жок, билбейм.

Суроо: Т.Маматкеримов акчаны кимге, качан бергенин билесизби?

Модин: Жок, эч нерсе билбейм.

Суроо: 300.000 долларды Т.Маматкеримовго бергениӊизди ким тастыктай алат?

Модин: Эч ким тастыктабайт. Т.Маматкеримов акча берип жатканда жалгыз эле.

Суроо: Т.Маматкеримов сизге 300.000 долларды Текебаевге бердим деп айттыбы?

Модин: Жок, айткан жок.

Суроо: Т.Маматкеримов акчаны Д.Чотоновго бердим деп айттыбы?

Модин: Жок, айткан жок.

Суроо: Т.Маматкеримов акчаны Ш.Абдылдаевге бердим деп айттыбы?

Модин: Жок, айткан жок.

Суроо: Сиз Маевский менен Текебаев акча жөнүндө сүйлөшкөнүнө күбө болдуӊузбу?

Модин: Акча жөнүндө Маевскийдин сөзүнөн улам билем. Өзүм эч нерсе уккан эмесмин. Мен катышкан эмесмин.

Суроо: Сиз эмне үчүн акчаны Текебаев алды деп айтып жатасыз? Сизге антип ким айтты?

Модин: Мага Л.Маевский айтты. Ал мага жалган айтмак эмес.

Суроо: Сиз акчаны Текебаев алды деп далил келтире аласызбы?

Модин: Ө.Текебаев акча албаса, кийинки жолугушуулар болмок эмес.

Суроо: Р.Оӊолбеков “А.Модин “Мегакомго” гендиректор болом деп Т.Маматкеримов аркылуу “Ата Мекен” партиясынын шайлоосуна 500.000 евро берди” деп айтты. Сиз буга эмне дейсиз?

Модин: Туура эмес. Мен “Мегакомго” гендиректор болом деп эч кимге акча берген эмесмин.

Суроо: Сизди “Мегакомго” гендиректор, зам.гендиректора же башка жетекчи кызматка коюу жөнүндө Т.Маматкеримов, А.Базаркулов менен сүйлөштүӊүз беле?

Модин: Жок, сүйлөшкөн эмесмин.

Суроо: Министр Ш.Абдылдаев сизге же сиздин өкүлүңүзгө сизди “Альфа Телеком” ЖАКсынын гендиректорлугуна дайындоого жардам берем деп айтып, убада берди беле?

Модин: Жок.

Суроо: Сизди “Мегакомго” гендиректор, зам.гендиректора же башка жетекчи кызматка дайындоо жөнүндө 2010-жылдын 13-майындагы жолугушууда сөз болду беле? Сизге Ө.Текебаев же башка бирөө убада берди беле?

Модин: Жок, сүйлөшүүлөр болгон эмес. Эч ким убада берген эмес.

Суроо: Сизди “Мегакомдун” гендиректору, же башка жетекчи кызматка дайындоо жөнүндө 2010-жылдын июлундагы, августундагы, сентябрындагы, декабрындагы жолугушууларда сөз болду беле? Сизге кимдир бирөө убада берди беле?

Модин: Жок, сөз болгон эмес. Эч ким убада берген эмес.

Суроо: Сиз А.Базаркулов менен атайын “Мегаком” боюнча сүйлөшүү үчүн жолуктуӊуз беле?

Модин: Жок, атайын жолуккан эмесмин. Жолугушуу Т.Маматкеримовдун офисинде кокусунан болгон. “Альфа Телеком” боюнча эч нерсе сүйлөшкөн жокпуз. Тем более о моем назначении. Базаркулов менен беттешкенде да эч нерсе деп сүйлөшкөн эмеспиз деп айткам.

Суроо: Т.Маматкеримов менен конкретно гендиректорлукту сүйлөштүӊүз беле?

Модин: Жок, конкреттүү должность жөнүндө сөз болгон эмес.

Ошентип, А.Модин айыптоо корутундусундагы:

  1. “Т.Маматкеримов Ө.Текебаевдин тапшырмасы боюнча телефон аркылуу А.Модин менен байланышып, ага Л.Маевскийден алынган акча каражаттарын алып келүүсүн айткан”, - деген сөздөрдү жокко чыгарды. Ө.Текебаев Т.Маматкеримовго тапшырма берген эмес. Ө.Текебаев тапшырма берди деп А.Модин айткан жок. А.Модин акча Ө.Текебаевге же Д.Чотоновго, же Ш.Абдылдаевге берилген деп да айта албады. А.Модин менден Т.Маматкеримов 300.000 доллар алды деп тастыктай турган күбөм же башка далилим жок деди.
  2. Айыптоо корутундусунда: “Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, Т.Маматкеримов жана башка адамдардын, “Альфа Телеком” ЖАКсынын гендиректорлук кызматына А.Модинди дайындоо милдеттемесин алышкан”, - деген айыптоону да А.Модин жокко чыгарды. А.Модинге эч ким “Мегакомго” гендиректор кылабыз деп убада беришкен эмес, жадакалса сүйлөшүүлөр да болгон эмес.
  3. Айыптоо корутундусунда мындай дейт: “Л.Маевский бир миллион АКШ доллар толук суммасындагы акча каражаттарын бергенден кийин Ө.Текебаев жана Д.Чотонов, Т.Маматкеримов өздөрүнө алышкан милдеттерин аткара тургандыгы шексиз болуп, А.Модинге “Альфа Телеком” ЖАКсын башкаруусуна киргизгенге дал келген адистер командасын топтоосун тапшырды. А.Модин Л.Маевскийдин тапшырмасын аткарууда “Нур телеком” ЖЧКсынын кызматчылары Д.Жуков, М.Сидоренко жана Р.Сагадиевге “Альфа Телеком” ЖАКна өтүүсүн сунуштаган жана макулдугун алган”.

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан