Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 7-бөлүк

Эртең, 21-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 4-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 5-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 6-бөлүгү ушул шилтемеде.

(Уландысы)

3-мисал: Л.Маевский 2010-жылы Ɵ.Текебаев Кыргыз Республикасынын Убактылуу Ɵкмɵтүнүн тɵрагасынын биринчи орун басары болчу деп бир нече жолу кɵрсɵтмɵ берген. Сɵзүн бекемдеш үчүн Ɵ.Текебаевдин кабинетинин эшигинде «Первый заместитель Председателя Правительства Кыргызской Республики» деген табличка илинип турган деп баса белгилеген.

21-февралдагы кɵрсɵтмɵсүндɵ мындай дейт: «Он (Чотонов) сказал, что Текебаев Омурбек Чиркешович является первым заместителем Председателя Правительства. Значит, партия является одна из ведущих в Киргизии, что я проверил, что соответствует действительности, и что Омурбек Чиркешович отвечает за приватизацию производственных и промышленных активов» (I том, 104-бет).

22-февралда мындай кɵрсɵтмɵ берет: «Далее, данный помощник провел нас в кабинет Текебаева О.Ч., где у входа имелась табличка: «Первый заместитель Председателя Правительства Кыргызской Республики» (I том, 129-бет).

26-февралдагы Ɵ.Текебаев менен беттешүү убагында Л.Маевский мындай деди: «13 мая 2010 года в Бишкеке у меня произошла встреча в кабинете Текебаева О.Ч., который в тот момент занимал должность Первого заместителя Председателя Правительства Кыргызской Республики» (I том, 180-бет). «Я с Текебаевым встречался два раза в официальной обстановке. В первый раз встречались в здании в кабинете, где на стене на входе висела табличка «Первый заместитель Председателя Временного Правительства Кыргызской Республики» (I том, 185-бет).

Ушул айткандарыңызды кайталай аласызбы? – деген суроомо «Я подтверждаю сказанное в видеообращении, потому что мне так представился сам О.Текебаев, и так обрисовал свои полномочия, иначе смысла встречаться с ним никакого интереса не было. Меня интересовал человек, который может реально влиять на вопросы приватизации «Мегакома» (I том, 185-бет).

2010-жылы Убактылуу Ɵкмɵттүн тɵрагасынын орун басары катары эмне иш менен алектенгенимди бүт Кыргызстан эле эмес, дүйнɵ жүзү билет. Мен Конституциялык реформалар үчүн гана жооп бергем. Убактылуу Ɵкмɵттүн тɵрагасынын биринчи орун басары А.Атамбаев болгон. Ал экономикалык маселелерди, ошонун ичинде приватизация маселесин да караган. Бул жагдай «Убактылуу Ɵкмɵттүн Тɵрагасынын, анын орун басарынын жана мүчɵлɵрүнүн ортосундагы милдеттерди бɵлүштүрүү» жобосунда так кɵрсɵтүлгɵн (IV том, 190-бет).

Ар кандай чоң инвестор Кыргызстанга келерде кырдаалды (ɵзгɵчɵ 2010-жылы) изилдейт, анализ кылат. Кимдин ким экенин тактайт. Кантип эле Маевский Кыргызстанга беш жолу келип, Ɵкмɵттɵ кимдин ким экенин тактабасын. Демек, Л.Маевский Кыргызстанда бир топ кызмат адамдары менен жолуккан. Ошол жолугушуулардын бирин Текебаев менен жолугушуу катары айтып жатат. Л.Маевский кɵп адамдар менен жолукканын С.Кутуков мындай деп тастыктайт: «2010-жылы майдагы Бишкекке сапарымда Л.Маевский мени бир топ адамдар менен тааныштырды. Азыр алардын кызматы, аты-жɵнү эсимде жок» (V том, 154-бет).

Ɵзгɵчɵ тɵмɵнкү жагдайга кɵңүлүңɵрдү бурат элем.

Окуянын кырдаалын, жагдайын калыбына келтирүү жана кɵрсɵтмɵлɵрдү ордунда текшерүү убагына, 2017-жылдын 14-февраль күнү А.Модин, тергɵɵчүлɵрдүн, понятойлордун коштоосунда Ɵкмɵт үйүнɵ кирип, Убактылуу Ɵкмɵттүн тɵрагасынын орун басары Ɵ.Текебаевдин кабинети деп, ошол убакта Убактылуу Ɵкмɵттүн Тɵрагасынын биринчи орун басары А.Атамбаев отурган кабинетти кɵргɵздү.

А.Атамбаевдин кабинетин башка кабинет менен чаташтыруу мүмкүн эмес. Анткени Ɵкмɵт үйүндɵ андай эки эле кабинет бар. Биринде премьер-министр отурат (3-кабат, чыгыш канат), экинчисинде 1-вице-премьер министр (3-кабат, батыш канат) отурат.

Ушул мисалдагы эле карама-каршылыктар, Текебаевге тиешеси жок жагдайлар Л.Маевский менен А.Модиндин жалган айтып жатышканын тастыктайт. Эмне үчүн жалган айтып жатышат? Бул башка маселе...

4-мисал: Л.Маевский Ɵ.Текебаев июлдун башында (10-11-июль) Москвага учуп келди. Мен ɵзүм Шереметьево аэропортунан тосуп алдым. Эртеси Ɵ.Текебаев менин офисиме келди. Ɵ.Текебаев: «Август айында менин компаниям «Мегакомду» башкарууга киришет. Ал үчүн тез аранын ичинде 1 миллион доллар мага беришиң керек. Болбосо болбойт», - деди. «Мы значит с Текебаевым ударили у меня в офисе по рукам» (I том, 106-бет).

Л.Маевский ушундай кɵрсɵтмɵнү 21-февраль, 22-февралдагы суракта, 26-февралда Ɵ.Текебаев, Д.Чотонов менен беттештирүүдɵ тɵрт жолу кайталап айтты.

22-февралда Л.Маевский мындай дейт: «На сегодняшний день Текебаев О.Ч. приехал сам ко мне в офис по адресу: г.Москва, Колошин переулок, дом 4, строение 1. Мы обедали в столовой моего офиса и обо всем договорились. А именно: я передаю Текебаеву О.Ч. один миллион долларов США, Текебаев берет на себя обязательство о передаче мне временное управление, с правом дальнейшего выкупа сотовую компанию «Мегаком». Мы договорились, что это будет в августе 2010 года, времени осталось мало, и он меня торопил. После данной встречи в Москве я окончательно принял решение идти в данный проект. Через две недели в конце июля 2010 года я прилетел в Бишкек и привез триста тысяч долларов США для передачи Текебаеву в качестве оговоренной суммы в размере одного миллиона долларов США» (I том, 130-бет).

Мен 2010-жылдын 5-11-июлдарында Норвегияда ОБСЕнин парламент аралык Ассамблеясынын сессиясында, Кыргызстанда 2010-жылы жасалган реформалар жɵнүндɵ доклад жасаганым белгилүү болгондон кийин. Л.Маевский кɵрсɵтмɵсүн ɵзгɵртүп, Текебаев 1-сентябрда Москвага келген дей баштады. Эмне үчүн Л.Маевский жалган айткан? УКМКнын тергөөсүнүн биринчи версиясында, мен 12-июлга чейин Убактылуу Өкмөттө төраганын орун басары катары аткаруу бийлигинде элем, демек, «кылмыш» ошол мезгилде жасалыш керек болгон. УКМКда мен Москвадан 12-июлда Бишкекке учуп келген деген маалымат болгон. Норвегиядан Москва аркылуу келгем. Л.Маевский УКМКнын «заказын» аткарып жатканын бул далилдеп турат.

Л.Маевский, Текебаев Москвада менин офисимде 1 миллион доллар талап кылды, мен макул болуп, кол алыштык. Ошондон кийин эки жумадан кийин Бишкекке 300.000 доллар алып келип, сактап кой деп, Модинге таштап кеттим дейт. 300.000 доллар Москвадагы кол алышуунун жыйынтыгы деп көргөзүлүп жатат. Эгер жолугушуу июль айында эмес, сентябрда болсо, анда Маевский 300.000 долларды эмне үчүн, ким үчүн июлдун аягында Бишкекке алып келет? Демек, ал акча болгон эмес.

Л.Маевский, Текебаев 2010-жылдын 13-майында «Хаят» ресторанында (кийинчерээк «Супара» ресторанында деп көрсөтмөсүн ɵзгɵрткөн) менден бир миллион доллар талап кылган деп кɵрсөтмө берген (I том, 105-бет; I том, 129-бет; I том 180-бет; I том, 243-бет).

Маевскийдин бул айтканын Текебаев, Чотонов жокко чыгарышты. А.Модин да андай сүйлөшүүнү өзү укпаганын, күбө болбогонун айтып, бир нече жолу көрсөтмө берди (I том, 40-бет; I том 231-бет; I том 238-бет) (III том 232-бет).

Л.Маевский Текебаев Москвадагы анын офисинин столоваясындагы жолугушууда 1 миллион доллар талап кылган деп айтканын өзүнөн башка бир да күбө тастыктаган жок.

Ошол жолугушууга ондон ашык адам катышкан. Ө.Текебаев, Н.Абдырахманов, андай сөз болгон эмес деп айтып жатышат.

Л.Маевскийдин секретары Наталья Самсонкина эч ким Маевскийден акча талап кылбаганын мындай деп тастыктайт: «Мне неизвестно требовали ли должностные лица Кыргызской Республики у Маевского или его представителей лично, либо через доверенных лиц передачи денежных средств» (V том, 138-бет).

Л.Маевскийдин дагы бир ишенген адамы Сергей Кутуков мындай дейт: «Требовали ли должностные лица КР у Маевского или его представителей лично либо через доверенных лиц передачи денежных средств мне неизвестно» (V том,154-бет).

Ошентип Л.Маевскийдин Ө.Текебаев менден акча талап кылды деген сөздөрү бир да күбө же башка материалдар менен бекемделбей ЖАЛАА боюнча калып отурат.

300.000 ДОЛЛАР ЖӨНҮНДӨ

Айыптоо корутундусунда Генпрокуратура мындай дейт: «2010-жылдын 27-июлунда, Л.Маевский Текебаевдин шарттарына макул болуп, Бишкекке спорт сумкасына 300.000 доллар алып келди. Ал акчаны «Хаят» отелинин номеринде Текебаев менен Чотоновго берип коюш үчүн А.Модинге берет».

«2010-жылдын август айынын башында Текебаевдин тапшырмасы менен Т.Маматкеримов телефон аркылуу А.Модин менен байланышып, Маевский берген акчаны алып кел деп буйрук берет».

«Анан ал акчалар Текебаев менен Чотоновго берилген».

Генпрокуратура каратып туруп эле жалган айтып, жалаа жаап жатат.

  1. Ө.Текебаев Т.Маматкеримовго акчаны алып кел деп тапшырма берген деген бир да көрсөтмө кылмыш ишинде жок. Бул Генпрокуратуранын өзүнүн чыгармачылыгы. Ачыктан ачык фальсификация.

  2. 300.000 доллар болгонбу? Болсо, Кыргызстандын чек арасынан качан, ким алып өттү? Тергөөнүн материалдарында бул суроолорго жооп жок.

2017-жылдын 29-июлундагы соттун отурумунда Л.Маевскийге төмөндөгү суроолор берилди:

Суроо: Сиз: «Ө.Текебаев 2010-жылдын 10-11-июлдарында Москва шаарында болду. Менин офисиме да келди, ошол жерде менден Кыргызстандын коммуникация рыногуна кирем десеӊ, бир миллион доллар бер деп талап кылды. Мен макул болдум. Кол алыштык. Келишимди аткарыш үчүн эки жумадан кийин Бишкекке 300.000 доллар алып келдим» - дедиӊиз. Адвокаттар Ө.Текебаевдин 10-11-июлда Россияда болбогонун далилдегенден кийин, Ө.Текебаев менден акчаны 1-сентябрда сураган, ошондо кол алыштык деп көрсөтмөӊүздү өзгөрттүӊүз. Эгер июль айында Ө.Текебаев Москвадагы сиздин офисте болбосо, анда сиз ким менен макулдаштыӊыз, ким менен кол алыштыӊыз? Кол алышуунун жыйынтыгы катары кимге 300.000 доллар алып келдиӊиз?

Л.Маевский бет тырмоочулук кылып, суроого түз жооп бергенден качты. Ал: «Биз ар жолукканда кол алышат элек, майда, августта, сентябрда да кол алышканбыз», - деп жооптон качты.

Ө.Текебаев: Сиз, А.Модин бардык тергөөдө берген көрсөтмөлөрүндө: «13-майдагы жолугушууда Л.Маевский бир чечимге келген жок, ойлонуп көрөйүн деп Москвага учуп кетти», - деп айткансыздар. Бул жагдайга эмне дейсиз?

Л.Маевский бул суроого аргументтеп жооп бере алган жок.

«300.000 долларды сиз Бишкекке кантип алып келдиӊиз?» – деп, прокурор Л.Маевскийге суроо берди.

Л.Маевский: Менин коопсуздук кызматымдын начальниги С.Кутуков, мен Кутуковго тапшырма бердим. Ал акчаны Бишкекке алып келди. Чамасы, ал акчаны декларация да кылган болуш керек.

Ө.Текебаев: Сиз бүгүн акчаны Бишкекке мен алып келген жокмун дедиӊиз. Ким алып келди? Кайталап айтып коюӊуз.

Л.Маевский: Кутуков Сергей Александрович.

Ө.Текебаев: Кылмыш ишинин материалдарында пассажирлик манифест деген документтер бар экен. Ал документтер боюнча С.Кутуков 2010-жылдын 13-майында Бишкекке келген экен. Июль айында С.Кутуков Бишкекке келген эмес (III том, 1-49-бет; VII том, 68-74-бет).

Л.Маевский: «Акчага С.Кутуков жооп берген. Азыр эсимде жок, С.Кутуков Казакстан аркылуу келген болуш керек».

«Мен дагы бир жолу айтам. Акча болгон, акчаны Кутуков берген, дагы бир жолу тастыктайм».

Адвокат Эшперов: Сиз акчаны Бишкекке С.Кутуков алып келди дедиӊиз. Ал акча эмне үчүн экенин билгенби?

Л.Маевский: Албетте, ал билген.

Адвокат Эшперов: «2010-жылдын 7-апрелинде Москвада С.Кутуковду РФнын ФСБсынын капитаны Г.Михтаев суракка алган. Берилген суроолорго С.Кутуков мындай деп жооп берген:

«Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары өздөрү же өкүлдөрү аркылуу Л.Маевскийден же анын өкүлдөрүнөн акча сураганы мага белгисиз».

«Л.Маевский өзү же бирөөлөр аркылуу Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын өзүнө же алардын өкүлдөрүнө акча берилгени жөнүндө эч нерсе белгисиз».

«Кыргыз Республикасынын кайсы гражданинине же кызмат адамына акча берилгенин билбейм» (V том, 154-155-бет).

Сиз буга эмне дейсиз?»

Л.Маевский бул суроого жооп бере алган жок.

Ошентип иштин материалдары жана соттук териштирүүнүн жагдайлары менен, 300.000 доллар Кыргызстанга келбегени далилденди.

А.Модиндин 300.000 долларды Т.Маматкеримовго бердим дегени да сотто далилденген жок.

  1. А.Модин 300.000 долларды Т.Маматкеримовдун офисине алып барып бердим деген сөздөн башка эч нерсе жок. Тергөө А.Модин Т.Маматкеримовдун офисин билет экен деп, ошону далил катары келтирип жатат. А.Модин Т.Маматкеримов менен 2009-жылдан тааныш болушкан жана жолугушуп турушкан (I том, 77-бет).

А.Базаркулов А.Модинди Т.Маматкеримовдун офисинде көргөнүн бир нече жолу айткан (VII том, 95-бет).

А.Модин Л.Маевский берген акчаны эки жумадан кийин Т.Маматкеримовго бергем деп айткан. Бул убак 10-15-август болот. Иштин материалдары боюнча Модин менен Маматкеримов август ичи эки күндө гана телефон аркылуу байланышкан. 3-августта бир жолу байланыш болгон. Ал эми 31-августта 1 жолу сүйлөшүшкөн, 19 смс алмашышкан.

Эӊ негизгиси, Т.Маматкеримов да, А.Модин да Текебаев же анын жардамчылары менен телефон аркылуу байланышкан эмес (VII том, 75-79-бет).

Эмнеге таянып, генпрокуратура Т.Маматкеримов Текебаевдин көрсөтмөсү менен Модинге телефон кылган деп айтат?

Т.Маматкеримов А.Модинден акча алганын бир да түз же кыйыр далил тастыктабайт. Т.Маматкеримов, анын аялы, достору А.Базаркулов, Р.Оӊолбеков да ал жөнүндө укпаганын көрсөтүшкөн.

Тергөөнүн эптеп эле Текебаевге каршы фактыларды бурмалоо аракетин төмөнкү далилдейт.

«2010-жылдын 27-июль күнү Т.Маматкеримов (Маевский учуп келген күн) саат 14:44төн 16:58ге чейин «BSK-Spartak» базалык станциясынын зонасында болгон. Бул «Ак Үйдүн» зонасына туура келет» - деп, ушул бир нерсени далилдей тургандай баса көрсөтүшөт. Биринчиден, бул зонага мэрия, КГНУ, филармония ж.б. кирет. Экинчиден, ал убактарда «Ак Үйдө» ремонт болуп, эч ким ал жерде иштеген эмес. Текебаев Правда көчөсүндөгү «Ата Мекен» партиясынын офисинде болгон.

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eddi.kg
2017-09-20 14:23:28
Маевскийдин жалган жалаа көрсөтмөсү бүтпөдү Текебаев акталат.8-сериясы качан болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан