Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 5-бөлүк

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралды. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 4-бөлүгү ушул шилтемеде.

(Уландысы)

«Супарадагы» жолугушуу, Москвага визит жөнүндө

2010-жылдын 12-июлунда мен Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басарлык кызматынан кеттим. «Ата Мекен» партиясынын Правда көчөсүндөгү штабында парламенттик шайлоого даярданып иштей баштадым. Парламенттик шайлоого даярдыктын чегинде Кыргызстандын негизги партнёр өлкөлөрүнүн жетекчилери, партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу пландаштырылган. 2010-жылдын 18-августунан – 21-августуна чейин Түркияда болдум. Түркияда өлкөнүн президенти А.Гуль, парламент спикери, тышкы иштер министри А.Давутоглу, экс-президент Сулейман Демирель менен жолугушуп, кызматташуу жөнүндө сүйлөшүп келдим.

Сентябрь айында Казакстанга визит пландаштырылып, өлкөнүн президенти Н.Назарбаев менен жолугушуу макулдашылган болчу.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасына да визит даярдалып жаткан.

Демократиялык баалуулуктарды колдогонубуз үчүн биздин партиянын "прозападный", "проамериканский" деген имиджи бар эле.

Ошол убакта А.Атамбаев В.Путин менен, Ө.Бабанов С.Нарышкин менен, Ф.Кулов Д.Медведев менен жолугушуп турушкан. Орусия биздин башкы партнёр болгондуктан биз Орусия жетекчилери менен жолугуп, шайлоочуларга тышкы саясатыбыздын негизги багытын көргөзүшүбүз зарыл эле. «Социалисттик Интернационал» эл аралык уюмунун рамкасында «Ата Мекен» партиясы менен «Справедливая Россия» партиясы кызматташып жүргөнбүз. Мен «Справедливая Россиянын» лидери С.Миронов менен тааныш болчумун. 2010-жылдын 1-сентябрында Госдумага визит даярдай баштадык. Тилекке каршы, Орусия Федерациясынын жетекчилери менен байланыш каналын таба албадык. Ошондой убакта 24-25-августтарда мага Дүйшөнкул Чотонов телефон кылып калды: "Өмүрбек Чиркешович, менин кара-кулжалык бир инимдин москвалык бизнес партнёру бар экен. Ал Кыргызстанга бир нече жолу келиптир. Өзү Госдуманын экс-депутаты экен. Орусия Федерациясынын жетекчилери менен таанышмын, байланыштыра алам, жолугушуу уюштурганга мүмкүнчүлүгүм бар деп жатыптыр. Жолукпайсызбы?" – деди.

Мен: Кимдер менен жолугуптур? – десем,

Дүйшөн: Атамбаев менен да жолуктук деп айтышты – деди.

«Анда макул, жолугайын, бирок убакыт аз, обед убагында жолугалы», - дедим.

Дүйшөнкул бир аздан кийин телефон кылып: «Жолугушуу 13-14төрдө «Супарада» болот, иничегим (жердеши) уюштурат», - деди.

Ошол күнү мени менен жолугабыз деп, Чүй облусунун партиялык уюмунун лидерлеринин бири С.Борбашев, Бишкек шаардык партиялык уюмунун лидерлеринин бири Т.Эмилов экөө келип, мени көпкө күтүп калышты. Түштөн кийин да менде башка жолугушуулар бар эле. Ошондуктан мен аларды обедге чакырдым. Момент болсо, жолдон же «Супарадан» сүйлөшөбүз дедим.

«Супарада» таш тамда отурдук. Мен, Л.Маевский, С.Борбашев, Т.Эмилов.

Жалпы сөз болду. Кыргызстандагы саясий реформа, инвестиция, Россия-Кыргызстан достугу, кызматташтыгы жөнүндө сөз болду.

Л.Маевский менин Москвага Госдумага барарымды угуп, Россия жетекчилеринин бири менен жолуктурганга аракет кылам деп убада берди (мактанды). Россиянын СМИлеринен силердин визитти чагылдырам, партияңарды колдогон материалдарды чыгарып турам деп да айтып жиберди.

«Супарада» А.Модин болгон жок.

Талант Маматкеримовду Л.Маевский менин бизнес партнёрум деп тааныштырды. Талант Маматкеримовду биринчи ошол жерден көрдүм.

Л.Маевский: «Москвага келсеңер, Талант тосуп алганды уюштурат. Мен Талант аркылуу силерди тосуп алам», - деди. Талант столдо отурган жок. Ал сыртта уюштуруу иштери менен жүргөн.

"Супарада" 40 минута же бир сааттай болдук. Мен Л.Маевскийден акча талап кылган жокмун. А.Модин айткандай, Л.Маевский менен жалгыз калып, көпүрөнүн үстүндө туруп сүйлөшкөн жокпуз. Бул жөнүндө сотто мен – Ө.Текебаев, С.Борбашев, Т.Эмилов, Н.Абдырахманов көрсөтмө беришти. «Супарада» мени коштоп барган дагы бир нече адамды сот күбө катары сураган жок. Алар да болгонун болгондой айтып, күбө боло алышат.

1-сентябрда мен, Нурбек Абдырахманов экөөбүз депутатский зал аркылуу самолётко отурдук. Талант Маматкеримов ошол күнү учуп жатканын билген эмеспиз. Москвага келгенде Маевский экөө тосуп алышты.

Талант Маматкеримов биз менен учпаганын телефон сүйлөшүүлөрдүн табуляграммасы да далилдеп турат. Т.Маматкеримов мени менен же жардамчыларым менен эч качан, ошонун ичинде 31-август, 1-сентябрь, учар күндөрү да сүйлөшкөн эмес. Дагы бир далил – пассажирлердин манифести. 2010-жылдын 1-сентябрында саат 6.08де «Бишкек – Москва» маршрутунда №SU180 авиарейсинде мен – Ө.Текебаев №064 пассажир болуп катталгам. Нурбек Абдырахманов №067 пассажир болуп катталган. Орундарыбыз – 2А, 11D. Т.Маматкеримов №133 пассажир болуп катталып, 26F орунунда отурган.

Бишкекти көздөй учканда мен 2А, Н.Абдырахманов 10D, Т.Маматкеримов 10F орундарында келгенбиз.

Эркин Алымбеков бир нече жердештер менен келип, тосуп алды.

Мен Маевский менен бир унаага отурдум. Нурбек алдынкы орунга отурду. Түз эле элчиликке келдик.

Мейманканадан номер алып, душ алдык. Маевский менен Маматкеримов бизди элчиликке калтырышып, экөө чогуу кетишкен.

Биз Госдумада «Справедливая Россия» партиясынын өкүлдөрү менен жолугуштук.

Саат 16ларда мейманканадан аэропортко чыктык. Маевский «по пути» офисиме кире кеткиле деп чакырып калды. Анын офисинде 40 минутадай болдук.

Офисине мен, Эркин Алымбеков, Нурбек Абдырахманов, дагы эки кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кирдик. Аларды Эркин тааныйт экен. Ал балдар типичный кыргыздар болчу. Славян улутундагы адам биз менен болгон эмес. Т.Маматкеримовду ошол жерден көрдүк.

Л.Маевскийдин офисиндеги жолугушууга 13-15 адам катышты. Н.Самсонкина менен С.Кутуков да катышып отурушту. Ал жерде акча жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес эле. Тергөөдө Н.Самсонкина менен С.Кутуков: «Л.Маевскийден Кыргызстандан келген кызмат адамдары акча сураганын билбейбиз», - деп көрсөтмө беришкен. Акча жөнүндө сөз болбогонун сотто Ө.Текебаев менен Н.Абдырахманов да айтышты.

Тамак ооз тийип, жалпы сөздөрдү айтып, тост көтөрүп жолго чыктык, жол пробка, эрте чыгыш керек деп.

Л.Маевский Россия Федерациясынын жетекчилери менен жолуктура албай калдым деп кечирим сурады: Дагы деле болсо, аракет кылам, сөзсүз жолуктурам, - деди.

Маевскийдин офисинен чогуу чыкканыбыз үчүн Талант Маматкеримов биз менен чогуу вип-залдан өттү. Бишкекке келгенде биз депутатскийден өттүк. Талант Маматкеримов өзүнчө кетти.

Талант Маматкеримов менен Нурбек Абдырахманов чогуу отуруп келишиптир. Жолдо Талант Нурбекке: «Мегакомго» Азат Базаркулов деген досумду гендиректор кылганы жатабыз. Азат экөөбүз техникалык өкмөт менен сүйлөшүп жатабыз. Л.Маевский А.Атамбаев менен жолуккан», - дептир.

13-майда «Супарада» жолугушуу болбогонун «Нур Телекомдун» информациясы тастыктайт

Л.Маевскийдин телефон номери: 0079037553363.

«О» операторунун абоненттери:

0700-85-77-43 (Т.Маматкеримов);

0700-000-100 (Р.Оӊолбеков);

0700-00-00-90 (А.Модин).

2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин сакталып калган кирген-чыккан звонокторду анализдегенде:

Абоненттер 0700-85-77-43 (Т.Маматкеримов); 0079037553363 (Л.Маевский) ортосунда төрт кошулуу болгон. Үчөө Т.Маматкеримов тараптан чыккан. 2010-жылдын 31-августунда саат 1132, 1413, 2206 ларда узундугу 6, 86, 24 секундага созулган кошулуулар болгон. Л.Маевский бир жолу саат 1511де 99 секундага созулган звонок кылган. Биринчи звонок болгондо Т.Маматкеримов 4-микрорайондо, кийинки звоноктор учурунда «Комфорт» районунда болгон.

2010-жылдын 1-сентябрында Р.Оӊолбеков (0700-000-100) менен Л.Маевскийдин ортосунда төрт кошулуу болгон. Саат 2227, 2247, 2256 ларда Л.Маевский Р.Оӊолбековго чыккан. Кошулуу 20, 1, 53 секунда болгон. Саат 2310до Р.Оӊолбеков Л.Маевскийге чыккан. Кошулуу 19 секундага созулган.

2010-жылдын 1-майынан 31-декабрына чейин А.Модин менен Л.Маевский төрт жолу кошулушкан. Эки жолу А.Модин 19-сентябрда саат 2159, 2200 до Л.Маевскийге чыккан. Кошулуу 32, 136 секундага созулган.

2010-жылдын 2-октябрында Л.Маевский А.Модинге эки жолу саат 1516, 1641лерде чыккан. Кошулуу 109, 124 секундага созулган.

Т.Маматкеримовдун дагы бир телефону - 0700-86-77-43. Т.Маматкеримов 2010-жылдын 3-августунда А.Модинге саат 1740та звонок кылган. Кошулуу 415 секундага созулган (VII том, 75-79-бет).

2010-жылдын 3-сентябрь күнү Т.Маматкеримов менен А.Модин 12 жолу телефондон кошулушкан. Ошонун жетисин А.Модин кылган:

4-сентябрда эки жолу;

6-сентябрда эки жолу;

19-сентябрда бир жолу.

2010-жылдын 31-августунда А.Модин менен Т.Маматкеримов бир жолу телефондон сүйлөшүшкөн, 19 смс алмашышкан.

Ошентип Т.Маматкеримов, А.Модин Ө.Текебаев, Д.Чотонов же алардын жакындары менен бир да жолу телефондон байланышкан эмес.

Л.Маевский Бишкекке келген күндөрү да Т.Маматкеримов Л.Маевский же А.Модин менен телефондон бир да жолу сүйлөшкөн эмес. Ошол күндөрү А.Модин да Л.Маевский менен сүйлөшкөн эмес.

Л.Маевский Бишкекке келген күндөр: 2010-жылдын 12-14-майы, 26-28-июлу, 23-25-августу, 28-30-сентябры, 20-22-декабры.

Эӊ негизгиси: Л.Маевский менен А.Модин 2010-жылдын 13-май күнү кечке жакын (саат 16-18дерде) «Супара» ресторанында Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен жолукканбыз деп айтышкан. А.Модиндин геолокациясы көргөзгөндөй, ал ошол убакта «Супарада» эмес, шаардын борборунда болгон.

Демек, «О» компаниясынын берген официалдуу маалыматы Л.Маевскийдин, А.Модиндин, УКМКнын тергөөчүлөрүнүн жалганчылыгын чыгарып, фальсификация фактысын далилдейт.

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Istina1000
2017-09-19 18:36:19
Иии де, УКМК Атамбаевдин ити. Кимге алакуштосо ошону алат. Муну элдин баары коруп турат. Аллах жазанарды берсин
+2
jamakeev2015
2017-09-19 18:59:10
Текебаев менен Жапаров чыгат качан чыгат шайлоо буткондо чыгаь эптеп ошого чейин суйрошот анан акталды кылып койот а то бир кишини да автобус менен барып кокодон милиция кармайбы спецназдар менен барып тим эле коркунучтуу куралчан кылмышкерди кармагансып
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан