Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 12-бөлүк

Кийинки аптада 26-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 4-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 5-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 6-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 7-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 8-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 9-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 10-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 11-бөлүгү ушул шилтемеде.

(Уландысы)

КОРУТУНДУ

Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурорунун орун басары Б.Казаков 2017-жылдын 19-майында бекиткен мага каршы айыптоо корутундусу божомол, жоромол, жалаалардын негизинде түзүлгөн.

  1. Айыптоо корутундусунда:

“Мындан тышкары өзүнүн авторитетин жана бийлик ыйгарым укуктарын пайдалануу жолу менен, өзүнүн жакын адамдарын мамлекеттик органдардын жетектөөчү кызматтарына дайындоого чара көргөн”, - деп божомол, жоромол токулат.

“Тактап айтканда, Ө.Ч.Текебаевдин саясий авторитетинин таасиринен, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №6-буйругу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына Б.Э.Шерниязов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги №16-буйругу менен Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп Д.Т.Чотонов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-апрелиндеги №35-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын директорунун милдетин аткаруучу болуп А.Н.Шыкмаматов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-апрелиндеги №54-буйругу менен Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп А.Ж.Салянова дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги №164-буйругу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин милдетин аткаруучу болуп Ш.И.Абдылдаев дайындалган”.

Кайсы бийлик ыйгарым укуктарымды кантип пайдаланып, кандай чараларды көрүп, кимдерди кайсы кызматка койдум? Бул жөнүндө иштин материалдарында бир документ же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жок.

Тескерисинче, сотко келип көрсөтмө беришкен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү (Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Э.Каптагаев, Б.Шер, К.Дүйшөбаев, И.Исаков, А.Эркебаев, Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов) Ө.Ч.Текебаевдин бийлик ыйгарым укуктары Конституциялык реформа жүргүзүүнү камсыз кылуу; Юстиция министрлигинин ишин координациялоо эле болгонун баса белгилешти.

Р.Отунбаева, Э.Каптагаев, Ө.Ч.Текебаев жана башкалар Убактылуу Өкмөт Элдик Курултай шайлаган Аткаруу Комитетинин негизинде түзүлгөнүн, сырттан А.Эркебаев менен Э.Ибраимова эле киргизилгенин билдиришти. Б.Шер менен Д.Т.Чотонов Аткаруу Комитетинин мүчөлөрү катары Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү болушкан. Буга алардын өз укуктары бар эле.

Сотто Б.Шер: “Ш.И.Абдылдаевди А.Атамбаевге мен алып киргем, мамлекттик мүлк министри кызматын А.Атамбаев сунуш кылган”, - деп көрсөттү.

А.Бекназаров: “Д.Т.Чотоновдун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине А.Атамбаевге мен сунуш кылгам, Д.Чотоновго А.Атамбаев өзү сунуш кылган”, - деди.

А.Бекназаров: “Мамлекеттик каттоо кызматынын директорунун кызматына А.Шыкмаматовду мен сунуштагам, А.Атамбаев макул болгон”, - деп да көрсөтмө берген. Ошентип бул доомат негизсиз жана ойдон чыгарылганы далилденди.

  1. Айыптоо корутундусунда:

“Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын негизги мамлекеттик органдарынын биринчи жетекчилерин жайгаштыруусу Ө.Ч.Текебаевге өзү жана анын таасири менен дайындалган адамдар аркылуу ар түрдүү өзүнө керектүү мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди”, - деп жоромол жасашат. Тергөө, мага, жеке өзүмө керектүү кандай чечимдерди кабыл алдырттым, көргөзө албайт.

  1. Айыптоо корутундусунан:

“Мындан тышкары, Ө.Ч.Текебаев бийлик ыйгарым укугуна ээ болуп, пайда табуу ниетинде жана өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, башка кызмат адамдары менен, тактап айтканда, Д.Т.Чотонов, Ш.И.Абдылдаев, Т.К.Маматкеримов жана башка адамдар менен туруктуу укукка каршы байланыш түзүп, айрым коммерциялык түзүлүштөрдөн “Альфа Телеком” ЖАКсынын (“Мегаком” соода маркасы) сатуу маселеси каралган учурда, өзгөчө ири өлчөмдө акча каражат түрүндөгү материалдык дөөлөттөрдү мыйзамсыз алууга багытталган активдүү аракеттерди жасаган”.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 25-мартындагы Пленумунда кабыл алынган №7-токтомдо “өзүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу жөнүндө мындай деп айтылган: “Жеке же башка кызыкчылыктан улам кызмат адамы өз компетенциясынын (ыйгарым укуктарынын) чегинде зарылдык жана негиз болбосо деле чечим кабыл алса, (же башка аракет кылса) ал чечим же аракет кызматтын (мамлекеттин) кызыкчылыгына объективдүү каршы келсе...”

Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары катары мен компетенцияма (бийлик ыйгарым укуктарыма): Конституциялык реформаны өткөрүүнү камсыздоо; Юстиция министрлигинин ишин координациялоо гана кирген.

Менин өз компетенциямдын чегинде алган кайсы чечимим же кылган аракетим кызматтын (мамлекеттин) кызыкчылыгына каршы келет? Генпрокуратура бир чечим, бир аракет жөнүндө факт келтирип айта албайт.

Убактылуу Өкмөт үч айдын ичинде, татаал кырдаалда Конституциялык реформаны ийгиликтүү өткөрүп, өлкөнү саясий кризистен чыгарганына Кыргызстанда эле эмес, эл аралык коомчулукта да жогору баа берилген.

Мен каалаган убакта да “Мегаком” боюнча өз компетенциямдын чегинде чечим чыгарып же көрсөтмө, тапшырма бере алмак эмесмин. Ушунун өзү эле Генпрокуратура кара ниет, кара санатайлык менен жок фактыларды айыптоо корутундусуна жазып, жалаа жаап жатканын далилдейт.

  1. Айыптоо корутундусунан:

“2010-жылдын 13-майында Л.С.Маевский “Альфа Телеком” ЖАКсынын акцияларын сатып алуу жөнүндөгү жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкек шаарына келген. Ошол эле күнү Л.С.Маевский А.Н.Модиндин жардамы менен Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндөгү “4 сезона” ресторанында Д.Т.Чотонов жана Т.К.Маматкеримов менен таанышып, аларга “Альфа Телеком” ЖАКсынын акцияларын сатып алуу ниеттерин жана телекоммуникация тармагындагы бизнести өнүктүрүү проекттеринде тажрыйбасы бар экендигин билдирген.

Андан кийин Д.Т.Чотоновдун чакыруусу боюнча Л.С.Маевский, А.Н.Модин жана Т.К.Маматкеримов Бишкек шаарынын Абдумомунов көчөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына келишип, ал жердеги кызматтык кабинетте Ө.Ч.Текебаев менен жолугушууда ал өзүн өзгөчө ыйгарым укуктуу жогорку кызмат адамы катары тааныштырып жана мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү маселелерин чечүүгө укуктуу экенин айтып, Л.С.Маевскийге “Альфа Телеком” ЖАКсынын акцияларын сатып алуусун сунуштаган. Л.С.Маевский болсо өзүнүн телекоммуникация тармагындагы бизнести өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөрү жана тажрыйбалары жөнүндө айтып берди.

Ошол эле күндүн экинчи бөлүгүндө Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотоновдун демилгеси менен Л.С.Маевскийдин көрсөтүлгөн адамдар менен Т.К.Маматкеримов жана А.Н.Модин менен жолугушуусу улантылды. Аламүдүн районунун “Супара” ресторанында өткөн жолугушууда Ө.Ч.Текебаев “Альфа Телеком” ЖАКсынын аудит жана экономикалык-техникалык баа берүү үчүн, компаниянын башкаруусуна Л.С.Маевскийдин өкүлдөрүн киргизүүсүн сунуштаган. Ө.Ч.Текебаев “Альфа Телеком” ЖАКсынын башкаруусуна Л.С.Маевскийдин өкүлдөрүн киргизүүгө жардам көрсөтүү үчүн, Л.С.Маевскийден бир миллион АКШ долларын талап кылып, бул маселенин чечилишине таасир кылган эң негизги жана сөзсүз аткарыла турган шарттын бири жана кийинки кызматташтын негизи деп көрсөткөн. Коюлган шарттар канааттандырылган учурда Ө.Ч.Текебаев “Альфа Телеком” ЖАКсынын акциялар пакетин Л.С.Маевскийге сатып алууга көмөк көрсөтүүсүнө милдеттеме берген. Бирок Л.С.Маевский, өзү үчүн Ө.Ч.Текебаев тарабынан коюлган шарттар боюнча толук чечим кабыл албай туруп, кийинки кызматташтын перспективаларын аныктоо үчүн Москва шаарына чыгып кеткен”.

Генпрокуратуранын бул дооматы да чындыкка дал келбегендигин сотто Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү: Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Б.Шер, К.Дүйшөбаев, А.Эркебаев, И.Исаков, Э.Каптагаев, Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов, күбөлөр: Ж.Сапарбаев, К.Боронбаев, Н.Абдырахманов, А.Салянова, Д.Нарымбаев, А.Сукенов, Э.Алымкулов Убактылуу Өкмөттүн 13-май күнү өткөн чукул отурумунун протоколу, кабыл алынган декреттер жана башка чечимдер, Конституциялык Кеңешменин жыйынынын протоколу, стенограммасы, видеозаписи, массалык маалымат каражаттарындагы материалдар далилдеди.

  1. Айыптоо корутундусунан:

“Андан ары 2010-жылдын 21-июнунда Т.К.Маматкеримовдун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин №58-п буйругу менен “Альфа Телеком” ЖАКсынын тышкы башкаруучусу болуп А.Т.Базаркулов дайындалган.

А.Т.Базаркулов тышкы башкаруучунун кызматына дайындалгандан кийин, Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү кафеге Т.К.Маматкеримов тарабынан чакырылып, аталган жерде Ө.Ч.Текебаев, Ш.И.Абдылдаев, А.Н.Шыкмаматов жана Т.К.Маматкеримовдун катышуусунда өткөн жолугушууда, аны “Альфа Телеком” ЖАКсынын ишмердүүлүгү боюнча аталган адамдар сурашкан”.

А.Базаркулов тергөөдө жана сотто: “Эч кимдин колдоосу жок, эч кимге акча бербей эле, конкурстан өз күчүм менен өтүп, тышкы башкаруучу болуп дайындалгам”, - деп айткан. Т.К.Маматкеримовдун колдоосу менен деп, Генпрокуратура Т.К.Маматкеримовду маселе чече алган таасирдүү адам катары көргөзгүсү келип, чындыкка дал келбесе деле, “колдоосу менен” деген сөздөрдү кошуп койгон.

2010-жылдын июнь айында Токтогул көчөсүндөгү кафеден жана башка жерлерден да А.Базаркулов менен жолуккан эмеспиз деп Ө.Текебаев, Ш.Абдылдаев, А.Шыкмаматов тергөөдө да, сотто да көрсөтмө беришкен. Ал “жолугушууну” А.Базаркулов эч нерсе менен тастыктай алган жок. А.Базаркулов өз көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, карама-каршы ойлорду көп айткан. Ошондуктан анын көрсөтмөлөрү “заказ” менен болуп жатат дегенге толук негиз бар.

  1. Айыптоо корутундусунан:

Л.С.Маевский 2010-жылдын 27-июлунда Ө.Ч.Текебаев койгон бир миллион АКШ долларын берүү шартына макул болуп, өзү үчүн толук чечим кабыл алгандан кийин Ө.Ч.Текебаев белгилеген акча каражат суммасынын алдын-ала төлөмү катары спорттук баштыкка 300 (үч жүз) миң АКШ долларын салып Бишкек шаарына келген, андан кийин Бишкек шаарындагы “Хаят” мейманканасынын номеринде, Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотоновго өткөрүп берүү үчүн А.Н.Модинге алып келген акчаны карматты.

Ошол эл күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри Ш.И.Абдылдаев, Ө.Ч.Текебаев түзгөн кылмыштуу топтун кызыкчылыктарын көздөп, өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруу жолунда, “Альфа Телеком” ЖАКсынын директору А.Г.Силичке, “Альфа Телеком” ЖАКсынын акция ээлеринин кезектен тышкары жалпы чогулушунун чакыруусун жана чогулуштун күн тартибине Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүсүн, Коомдун төрагасын жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тандоосун жана ревизорду тандоосун сунуштап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинен №06/1-2631 сандуу каттын жөнөтүлүшүнүн демилгесин көтөргөн”.

Биринчиден, 300.000 доллар Россиянын чек арасынан сыртка өткөнбү? Тастыктаган документ жок. 300.000 доллар Кыргызстандын чек арасына өткөнбү? Тастыктоочу документ жок. Экинчиден, ал акчаны ким алып келди? Генпрокуратура Л.С.Маевский алып келди дейт. Сотто көрсөтмө берип жатып, Л.С.Маевский прокурордун, Ө.Ч.Текебаевдин, адвокат М.Эшперовдун суроолоруна жооп берип жатып, үч жолу 300.000 долларды Россиядан Кыргызстанга С.Кутуков алып келди деп баса көрсөткөн. Бирок С.Кутуков тергөөдө берген көрсөтмөсүндө: “Мен акча жөнүндө эч нерсе билбейм”, - деген.

С.Кутуков Кыргызстанга 12-майда учуп келип, 14-майда кайра учуп кеткен. С.Кутуковдун Кыргызстанга башка учуп келбегенин иштин материалдарындагы пассажирдик манифесттер далилдеп турат. С.Кутуков өзү да Кыргызстанга бир эле жолу келгем деп көрсөтмө берген.

Ошентип 300.000 доллар болгонбу, болсо Кыргызстанга келгенби? 300.000 доллардын болгону, анын Кыргызстанга келгени жөнүндө далил жок. Болгону, Л.С.Маевскийдин карама-каршы, өзүн-өзү жокко чыгарган, чындыкка дал келбеген көрсөтмөлөрү бар.

Экинчиден, Мамлекеттик мүлк министрлигинин №06/1-2631 катын И.Черный даярдаган, статс-катчы С.Бакиров кол койгон, Ш.Абдылдаев кол койгон эмес. Бул жерде да Генпрокуратура жалган факт түзүп жатат. Кат эмне үчүн 27-июлда жөнөтүлгөндүгүн С.Бакиров, И.Черный тергөөдө, сотто түшүндүрүп беришкен.

Мамлекеттик мүлк министрлигинин “Альфа Телеком” ЖАКсынын акционерлеринин жыйналышын чакыруу демилгеси №44-Декретти аткаруу максатында жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн болгон деп, сотто И.Черный, С.Бакиров, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү: Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Э.Каптагаев, Ө.Текебаев, Д.Чотонов жана башкалар көрсөтмө беришти. Мамлекеттик мүлк министрлигинин ушул катынан кылмыш көрүү, аны Ө.Текебаев менен байланыштыруу аракети УКМК менен Генпрокуратура “саясий заказ” аткарып, ишти фальсификация кылып жатканын дагы бир жолу далилдейт.

  1. Айыптоо корутундусунан:

“2010-жылдын август айынын башында Т.К.Маматкеримов кылмыштуу топтун кызыкчылыктарына аракет жасап, Ө.Ч.Текебаевдин тапшырмасы боюнча телефон аркылуу А.Н.Модин менен байланышып, ага Л.С.Маевскийден алынган акча каражаттарын алып келүүсүн айткан. А.Н.Модин Т.К.Маматкеримовдун көрсөтмөсүн аткарып жатып, Л.С.Маевскийдин тапшырмасы боюнча Т.К.Маматкеримовдун “Вефа центр” соода борборунун 6-кабатында №204-бөлмөсүндө жайгашкан офисине келип, аталган жерде мурун сүйлөшүлгөн акча каражат суммасынын бөлүгү катары Л.С.Маевскийден алынган 300 (үч жүз) миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын берген. Натыйжада аталган акча каражаттары Ө.Ч.Текебаев менен Д.Т.Чотоновго берилген”.

Биринчиден, А.Модин Т.Маматкеримовго акча бердиби – белгисиз. Бул далилденбеген сөз. Ө.Ч.Текебаев тапшырма берди деп иштин материалдарында эч жерде, эч ким айткан эмес. Бул тергөөчүлөрдүн фантазиясы, жоромолу. Бул жоромол алардын ниетинен кабар берет.

А.Модин сотто: “Т.Маматкеримовго акча бергенимди эч ким тастыктай албайт. Т.Маматкеримов акчаны кийин кимге, качан, кантип берди билбейм. Т.Маматкеримов мага эч нерсе айткан эмес”, - деп көрсөтмө берген. Л.Маевский да сотто: “300.000 долларды А.Модин кимге, кантип берди билбейм”, - деп көрсөтмө берген. А.Н.Модин, Л.С.Маевский: “Ө.Ч.Текебаев акчаны албаса, кийин биз менен жолукпайт эле да”, - деп жоромол гана кылышкан. Тергөөдө да, сотто да Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов Л.Маевскийден түз да, бирөө аркылуу да эч кандай акча албагандыгын айтып келе жатышат.

Ошондуктан айыптоо корутундусундагы: “Натыйжада аталган акча каражаттары Ө.Ч.Текебаев менен Д.Т.Чотоновго берилген”, - деген сөздөр – далилсиз жана жалган жалаа.

  1. Айыптоо корутундусунан:

“2010-жылдын 24-августунда Л.С.Маевскийдин Бишкек шаарына кезектеги келишинде, Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотонов менен өткөн жолугушууда аталган адамдар Л.С.Маевскийдин өкүлдөрүн “Альфа Телеком” ЖАКсынын башкаруусуна, Ө.Ч.Текебаев менен Л.С.Маевскийдин ортосунда сүйлөшүп алган суммадагы акча каражатын толук берилгенден кийин киргизилиши тууралуу айтышты.

Ошол эле күнү Ш.И.Абдылдаев жалпы кылмыштуу көздөмүн чектеринде аракет жасап, мурун 2010-жылдын 27-июлундагы жөнөтүлгөн катка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин атынан кошумча каттын жөнөтүлүшүн демилгелеп, “Альфа Телеком” ЖАКсынын генералдык директору А.Г.Силичке “Альфа Телеком” ЖАКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү катары Т.К.Маматкеримовдун талапкерин “Альфа Телеком” ЖАКсынын акция ээлеринин кезектен тышкары жалпы чогулушунда кароого жана шайлоого сунуштаган.

Бирок кворумдун жоктугуна байланыштуу, “Альфа Телеком” ЖАКсынын акция ээлеринин кезектен тышкары жалпы чогулушу өткөрүлбөй калган”.

Биринчиден, 2010-жылдын 24-25-августтарында Ө.Ч.Текебаев Л.С.Маевский менен “Супара” ресторанында жолуккан. Ал жолугушууда Ө.Ч.Текебаевдин 1-сентябрда Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына сапары талкууланган. Л.С.Маевский Россиянын жетекчилери менен жолугушууга жардам берем, визитти Россиянын массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга жардам берем деп убада берет. Жолугушууну Т.Маматкеримов уюштурат. 1-сентябрда Л.Маевский менен Т.Маматкеримов Ө.Текебаевди Москвадан тосуп алабыз деп убада берет. Жолугушуу учурунда акча жөнүндө сөз болбогонун жолугушуу – сый тамакка катышкан С.Борбашев, Т.Эмилов, Ө.Ч.Текебаев сотто көрсөтмө беришкен. “Жолугушуу бир сааттай болуп, танапис болуп, сыртка эч ким чыккан эмес. Ө.Текебаев менен Л.Маевский жалгыз калышкан эмес”, - деп Н.Абдырахманов, С.Борбашев, Т.Эмилов сотто көрсөтмө беришти. Дагы бир нече күбө сотто, тилекке каршы, суралбай калышты.

Экинчиден, ошол эле күнү Ш.Абдылдаев жалпы кылмыштын чектеринде аракет жасап, мурун 2010-жылдын 27-июлундагы жөнөтүлгөн катка кошумча кат жөнөтүүнү демилгелеген...” – деген, чындыкка дал келбеген фальсификация. Кошумча катты И.Черный даярдап, статс-катчы С.Бакиров кол койгон. Абдылдаев кол койгон эмес. Сотто И.Черный: “Мага Ш.Абдылдаев эч качан өзү тапшырма берген эмес. Мага С.Бакиров айтпай эле, өзүм документтерди, каттарды даярдагам. Анткени декреттерди аткаруу – менин милдетим”, - деп көрсөтмө берип, тергөөчүлөрдүн жогорку дооматын жокко чыгарган.

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uzakova.Z.A
2017-09-22 11:09:52
"Даназалуу доор" отдыхает болду го бул жагы.
+1
gul3ina
2017-09-22 15:47:36
Бир жолу эле сериал кылып албайсынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан