Кийинки аптада 26-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 4-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 5-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 6-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 7-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 8-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 9-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 10-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 11-бөлүгү ушул шилтемеде.
Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 12-бөлүгү ушул шилтемеде.
(Уландысы)
9. Айыптоо корутундусунан:
“2010-жылдын 1-сентябрында Ө.Ч.Текебаев менен Т.К.Маматкеримов №180-авиарейси менен Москва шаарына учуп барганда, аларды “Шереметьево” аэропортунда Л.С.Маевский тосуп алып, Ө.Ч.Текебаевге Россия Федерациясынын расмий адамдары менен жолугушууга автоунаасын берген. Расмий жолугушуулары аяктагандан кийин, Ө.Ч.Текебаев жана Т.К.Маматкеримов Л.С.Маевскийдин чакыруусу боюнча, Москва шаары, Колошин переулогу, үй №4, 1-имаратындагы анын офисине келишкенде, аталган жерде Ө.Ч.Текебаев калган суммадагы 700 (жети жүз) миң АКШ доллар акча каражаттарды берүү зарыл экендигин, андан кийин Л.С.Маевскийдин өкүлдөрүн “Альфа Телеком” ЖАКсынын башкаруусуна киргизүү маселеси чечиле тургандыгын Л.С.Маевскийге терең ишендирген. Ошол эле күнү кечинде №179-авиарейси менен Ө.Ч.Текебаев жана Т.К.Маматкеримов Бишкек шаарына кайтып келишкен”.
Маевскийдин офисинде жолугушуу 40 минутадай созулган. Жолугушуу учурунда Ө.Ч.Текебаев эки-үч журналистке интервью берген. Жалпысынан кичине залда 10-15 киши катышкан чай ичүү болгон. Ө.Текебаев эч кандай акча жөнүндө сөз кылбагандыгын өзү, Н.Абдырахманов сотто тастыкташты. Л.С.Маевскийдин жакын адамдары ошол жолугушууга катышкан Н.Самсонкина менен С.Кутуков тергөө сурагында: “Л.С.Маевскийден Кыргызстандын кызмат адамдары өздөрү же өкүлдөрү аркылуу акча сураганын, алганын билбейбиз”, - деп көрсөтмө беришкен. Генпрокуратуранын бул дооматы да далилсиз куру сөз болуп калып жатат.
10. Айыптоо корутундусунан:
“Л.С.Маевский 2010-жылдын 14-сентябрында Ө.Ч.Текебаев менен жетишкен келишимдерин аткарып жатып, Москва шаарынын “ВТБ-24” банкындагы өзүнүн жеке эсебинен 510 (беш жүз он) миң евро нак акча каражаттарын алып, ал акчага колунда бар болгон акча каражатын кошуп, жалпы суммасы 700 (жети жүз) миң АКШ долларга барабар баалуу болгон акча топтоп, Ө.Ч.Текебаевге телефон чалуу аркылуу, калган суммадагы акча каражаттарын берүүгө өзүнүн даяр экендигин билдирген.
Өз кезегинде Ө.Ч.Текебаев, аталган акча каражаттарын алуу максатында 2010-жылдын сентябрь айынын экинчи бөлүгүндө Л.С.Маевскийдин Москва шаарындагы офисине тергөө тарабынан өздүгү аныкталбаган, мурун 2010-жылдын 1-сентябрында Ө.Ч.Текебаев жана Т.К.Маматкеримов менен Л.С.Маевскийдин офисине барган адамды жөнөттү. Л.С.Маевский телефон аркылуу сүйлөшүүнүн негизинде Ө.Ч.Текебаевдин атынан келген адамдын акча каражаттарын алууга укуктуу экендигин ырастап, секретарь Н.В.Самсонкинанын катышуусунда ал адамга 510 (беш жүз он) миң евро, калганын АКШ доллар валютасы менен, жалпы суммасы 700 (жети жүз) миң АКШ долларга барабар баалуу болгон акча каражаттарын тапшырып, өзүнүн коопсуздук кызматынын кызматкерлерине Ө.Ч.Текебаевдин ишеничтүү өкүл адамын Москва шаарынын аэропортуна чейин коштоп узатып баруусун тапшырган.
Андан кийин Л.С.Маевский телефон байланышы аркылуу Д.Т.Чотоновго сүйлөшүлгөн акча каражаттардын Ө.Ч.Текебаев тарабынан жөнөтүлгөн ишеничтүү өкүл адамына берилгендигин билдирип жана аны Бишкек шаарынын аэропортунда тосуп алыш керек экендигин айткан. Бишкек шаарына келгенден кийин, Л.Маевкскийден алынган акча каражаттар Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотоновго берилген”.
Бул доомат да негизи, далили жок куру жалаа. Биринчиден, Ө.Текебаев Л.Маевскийден 23-24-августта “Супара” ресторанында да, 1-сентябрда Москвада да акча сурабагандыгы - тастыкталган факт.
Экинчиден, Л.Маевский акча бердим деген адам ким, кайсы өлкөдөн, качан келди, акча алгандан кийин кайсы аэропорттон, кайсы өлкөгө, качан учуп кетти? Бул суроолордун бирине да тергөө жооп берген эмес.
700.000 доллар Россиядан качан, кантип, ким аркылуу чыкты? Кыргызстанга качан, кантип, ким аркылуу келди? Жооп жок. Тастыктаган документ же күбө жок. Л.Маевский көрсөтмөлөрүн улам радикалдуу өзгөртүп, өзүнүн көрсөтмөлөрүн жокко чыгарган.
Кыскасы, бул документ да Л.Маевскийдин фантазиясына негизделген.
Тергөөнүн материалдары, соттук териштирүү 700.000 доллар Кыргызстанга келгенин далилдей албады, тескерисинче, андай акча Кыргызстанга келбегени далилденди.
11. Айыптоо корутундусунан:
“Л.С.Маевский бир миллион АКШ доллар толук суммасындагы акча каражаттарын бергенден кийин, Ө.Ч.Текебаев жана анын жанында жүргөн Д.Т.Чотонов менен Т.К.Маматкеримов өздөрүнө алышкан милдеттерин аткара тургандыгына шексиз болуп, А.Н.Модинге “Альфа Телеком” ЖАКсынын башкаруусуна киргизгенге дал келген адистер командасын топтоосун тапшырды. А.Н.Модин, Л.С.Маевскийдин тапшырмасын аткарууда, “Нур Телеком” ЖЧКсынын кызматчылары Д.В.Жуков, М.В.Сидоренко жана Р.Сагадиевге “Альфа Телеком” ЖАКсына жумушка өтүүсүн сунуштаган жана аталган адамдар өздөрүнүн макулдугун беришкен”.
2010-жылдын 7-сентябрында А.Н.Модин “Нур Телекомдун” аткаруучу директорлук кызматынан кеткен. Жумушсуз калып, россиялык “Альфа Групптун” өкүлү А.Зимницкий аркылуу “Мегакомго” кызматка киргенге аракет кылат. “Кызматка кирүү үчүн команда керек эле, Зимницкийге ошондой командам бар деп айттым», - деп А.Модин тергөөдө жана сотто көрсөтмө берген.
Тергөө, Генпрокуратура ушул фактыны бурмалап жатат.
Р.Сагадиев тергөөдө да, сотто да көрсөтмө берген эмес. Ошого карабай, айыптоо корутундусунда Р.Сагадиев факт катары киргизилген. Бул фальсификация.
Д.Жуков да, М.Сидоренко да: "А.Модин ким аркылуу, кантип, кайсы должностко “Мегакомго” кирмек болгонун биз билбейбиз", - деп көрсөтмө беришкен.
Кыскасы, бул факт бурмаланган. Р.Сагадиев жөнүндө фальсификация болгон.
12. Айыптоо корутундусунан:
“Ушуну менен катар, 2010-жылдын 14-сентябрында Ш.И.Абдылдаев, Л.С.Маевский менен “Альфа Телеком” ЖАКсынын генералдык директорун алмаштыруу жөнүндөгү жетишкен макулдашууларды аткаруу жолунда аракеттерин улантып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин атынан “Альфа Телеком” ЖАКсынын генералдык директору А.Силичтин атына аталган коомдун акция ээлеринин кезектен тышкары жалпы чогулушун чакыртып, “Альфа Телеком” ЖАКсынын жаңы генералдык директорун шайлоо маселесин чечүү жөнүндө кат жөнөткөн.
Бирок кайрадан “Альфа Телеком” ЖАКсынын акция ээлеринин кезектен тышкары чогулушу кворумдун жоктугуна байланыштуу болбой калган”.
Мамлекеттик мүлк министрлигинин бул демилгеси №44-Декретти аткаруу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо үчүн болгонун сотто А.Базаркулов да моюнуна алды.
И.Черный: “Катты мен даярдагам, азыр да ошондой кылмакмын. Анткени мага декретти аткаруу тапшырылган. Мага С.Бакиров же Ш.Абдылдаев көрсөтмө бербесе деле, өз милдетимди аткарышым керек”, - деп так, кесе айтып көрсөтмө берди. Сотто көрсөтмө беришкен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү да Мамлекеттик мүлк министрлигинин демилгесин мыйзамдуу жана мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган деп белгилешти.
13. Айыптоо корутундусунан:
“Ошол эле учурда, 2010-жылдын сентябрында Т.К.Маматкеримовдун чакыруусу боюнча Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндөгү кафеге А.Т.Базаркулов чакырылып, кафеде аны Ө.Ч.Текебаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган К.К.Байболов, Ш.И.Абдылдаев жана Д.Т.Чотонов күтүп алышкан жана аталган адамдарга А.Т.Базаркулов алдын-ала Т.К.Маматкеримовдун көрсөтмөсү боюнча түзүлгөн “Альфа Телеком” ЖАКсынын генералдык директору А.Г.Силичти алмаштыруу боюнча маалымкатка жазылган өзүнүн сунуштарын көрсөтүп берген.
2009-жылдын 3-июнундагы “Альфа Телеком” ЖАКсынын Уставы боюнча акция ээлеринин жалпы чогулушу, анын өткөрүүсүнүн тийиштүүлүгүнө карабастан, чогулушка катышкан акция ээлери (алардын өкүлдөрү) Коомдун орундаштырылган добуштуу акцияларынын жыйындысында 60 пайыздан ашкан добуштарга ээ болгон учурда укуктуу (кворуму бар) деп саналат жана Коомдун компетенциясына кирген бардык маселелери боюнча добуш укугун берет.
Бирок Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине “Альфа Телеком” ЖАКсынын 49 пайыз акциялары гана таандык болгонуна байланыштуу 51 пайыз акцияларына болсо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө тобунун токтому менен “Мегаком” компаниясынын мүлкүн рейдерлик тартып алуусу боюнча кылмыш ишинин негизинде камак салынып, “PenwellBusinessLimited” компаниясынын атынан анын өкүлү Р.Ю.Рыкуновага убактылуу сактоого берилгендигине байланыштуу, “Альфа Телеком” ЖАКсынын генералдык директору А.Г.Силичти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруусу мүмкүн эмес болчу.
Ошол себептен А.Т.Базаркулов Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өндүрүшүндө болгон кылмыш иши боюнча “Альфа Телеком” ЖАКсынын 51 пайыз акцияларына камак салып, аларды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине сактоого тапшырып, аталган министрликтин өкүлүнө акция ээлеринин жалпы чогулушун өткөрүүгө жана “Альфа Телеком” ЖАКсынын генералдык директорун шайлоого мүмкүнчүлүк берүүсүн сунуштаган.
А.Т.Базаркулов киргизген сунуштары жолугушууда катышып жаткан Ө.Ч.Текебаев, К.К.Байболов жана Ш.И.Абдылдаев тарабынан эске алынып, аталган адамдар кафеде “Альфа Телеком” ЖАКсынын генералдык директорунун ордуна Л.С.Маевскийдин өкүлүн дайындоо тууралуу аракеттеринин планын талкуулоосун улантышты”.
Бул жолугушуу мүмкүн эмес экенин тергөөдө жана сотто К.Байболов, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов, Ш.Абдылдаев көрсөтмө берип далилдешкен. Көрсөтмөдөн башка да документтер, фактылар мындай жолугушуу болбогонун далилдейт.
14. Айыптоо корутундусунан:
“Ошентип, 2010-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тергеп жаткан кылмыш иштин негизинде “Альфа Телеком” ЖАКсынын мүлкүнө жана 51 пайыз мамлекеттештирилбеген акцияларына камак салып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине сактоого тапшырган”.
Тергөө, Генпрокуратура А.Базаркуловдун сунушун угуп, К.Байболовдун бийлигин пайдаланышып, ушул токтом кабыл алынды деп айтып жатат. Бул жерде да Генпрокуратура фальсификацияга жол берип отурат. “Альфа Телекомдун” 51% акциясы 2010-жылдын 7-майында эле арестке алынган.
Чындыгында, Генпрокуратуранын 2010-жылдын 5-октябрындагы токтому, айыптоо корутундусунда көрсөтүлгөндөй, “Альфа Телеком” ЖАКсынын 51%ына эле арест койбой, “Альфа Телеком” ЖАКсынын 100% акциясына арест салынат. Бул да А.Базаркуловдун көрсөтмөсүнө “подгонка” кылып, жасалма далил жасоонун аракети.
15. Айыптоо корутундусунан:
“Бирок 2010-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө тобу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине билдирүү жолдоп, аталган билдирүүдө “Альфа Телеком” ЖАКсынын акцияларына камак салынышы акция ээлеринин бардык мүлктүк жана мүлксүз укуктарына сот тарабынан бүткөн чечим кабыл алынмайынча чек коюлушу көрсөтүлгөн, ошону менен “Альфа Телеком” ЖАКсынын акция ээлеринин жалпы чогулушун өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жокко чыгарылган.
Ошентип Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов, Ш.И.Абдылдаев, Т.К.Маматкеримов жана башка адамдардын “Альфа Телеком” ЖАКсынын генералдык директорунун кызматына А.Н.Модинди дайындоо жана Л.С.Маевскийдин алдында анын башкаруусуна уюлдук компанияны өткөрүп берүү өздөрүнүн милдеттенмелерин аткаруу боюнча жалпы көздөмү ишке ашпай калган”.
Генпрокуратура бир эле фактыны бурмалап, эки башка тыянак чыгарып жатат.
А.Базаркуловдун кеӊешин угуп, Генпрокуратура: «2010-жылы 5-октябрда “Альфа Телеком” ЖАКсынын 51% арест коюп, Мамлекеттик мүлк министрлигине 49% менен акционерлердин жыйналышын өткөргөнгө мүмкүнчүлүк берди», - деп туруп, кийинки абзацта:
“Бирок 2010-жылдын 29-октябрында Генпрокуратуранын тергөө тобу кат жолдоп, “Альфа Телеком” ЖАКсынын акционерлеринин жалпы жыйынын өткөрүү мүмкүндүгүн жокко чыгарды”, - деп, теӊирден тескери айтат. Бир эле токтом жөнүндө сөз болуп жатат. Демек, биринчи учурда тергөө фальсификация кылган.
16.Айыптоо корутундусунан:
“Ошол эле учурда Л.С.Маевский, 2010-жылдын 29-сентябрында Ө.Ч.Текебаев, Д.Т.Чотонов жана Т.К.Маматкеримов тарабынан өздөрүнө алган “Альфа Телеком” ЖАКсынын башкаруусун өткөрүп берүү милдеттеринин аткаруусу кечиктирилип жаткан себептерин билүү максатында Бишкек шаарына келди, аталган жерде Киев көчөсүндөгү “Мимино” ресторанында А.Н.Модин менен бирге болуп, Ө.Ч.Текебаев жана Д.Т.Чотонов менен жолугушту. Ошол учурда аталган адамдар сүйлөшүүлөрдүн тымызын жазып алуусунан коркуп, аудио жана видеожазууну жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербеген аппаратуранын орнотуусун уюштурушкан. Аталган жолугушууда Ө.Ч.Текебаев өзүнө алган милдеттеринин аткарылбай жаткандыгын түшүндүрүүгө аракет жасап, толук суммасы бир миллион АКШ долларындагы акча каражаттарынын алгандыгын ырастаган. Ошондо Л.С.Маевский менен сүйлөшүп жатып, Ө.Ч.Текебаев “Альфа Телеком” ЖАКсынын акцияларынын сатылышынын жаӊы шарттарын койгон, ал шарттарга ылайык, акциялардын сатылышында Л.С.Маевский бөлөк сыйлык катарында Ө.Ч.Текебаевге жалпы сатылуучу суммадан 10-15 пайызга чейинки, тактап айтканда, 30-50 миллион АКШ долларындагы акча каражаттарын бериш керек болчу. Бирок Л.С.Маевский, Ө.Ч.Текебаевдин коюлган шарттарына макул болбой туруп, ага мүмкүнчүлүктүн жоктугун билдирген.
Жолугушуу аяктаганда Ө.Ч.Текебаев суммасы бир миллион АКШ долларды түзгөн алган акча каражаттарын Л.С.Маевскийге кайтарып берүүгө милдеттенген. Бирок аларды кайтаруудан баш тартып, Ө.Ч.Текебаев баш болгон туруктуу топ, компаниянын мамлекеттештирилбеген акцияларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине сактоого тапшыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аракеттерин күтүп, андан кийин кезектен тышкары акция ээлеринин жалпы чогулушун өткөрүү жолу менен аталган компаниянын башкармалыгын алмаштырып, “Альфа Телеком” ЖАКсынын башкаруусун Л.С.Маевскийге өткөрүп берүүгө ниет кылып калышты”.
Бул айтылган жолугушуу болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес эле. Жогорку Кеӊешке шайлоо кампаниясы 10-сентябрдан 10-октябрга чейин болгон. 10-октябрь - добуш берүү күнү. Мен 10-сентябрдан 1-октябрга чейин региондордо шайлоочулар менен жолугушуп жүрдүм. Бишкек, Чүй облустарынын шайлоочулары менен 1-октябрдан 9-октябрга чейин жолугуштум. Мен Бишкекке 2010-жылдын 30-сентябрында келгем.
Сотто бул жөнүндө А.Сасыкбаева, Н.Никитенко, А.Шыкмаматов, Ж.Сапарбаев, К.Боронбаев, Н.Абдырахманов көрсөтмө беришкен. Мени менен бүт шайлоо кампаниясында чогуу коштоп жүргөн дагы бир топ адамдар сот тарабынан суралбай калды.
“Мимино” кафесинде жолугушуу болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес эле.
Тергөө жолугушууну 29-сентябрга коёт. Л.С.Маевский көрсөтмөлөрүндө числону так айтпайт, ал мен Бишкекке келген күнү эле “Мимино” кафесинде жолугушуу болгон дейт.
Л.Маевский Бишкекке 2010-жылы 28-сентябрь күнү эртеӊ менен учуп келген. Демек, жолугушуу болсо, 28-сентябрда болуш керек эле. Эмне үчүн тергөө жолугушууну 29-сентябрга койгон?
17. Айыптоо корутундусунан:
“Андан соӊ, 2010-жылдын 21-декабрында Л.С.Маевский Бишкек шаарында кезектеги келишинде болуп туруп А.Н.Модин жана өзүнүн жардамчысы Б.Звездарев менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине тандалган депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Ө.Ч.Текебаевдин кызматтык кабинетине келишип, аталган жерде Л.С.Маевский катуу түрдө “Альфа Телеком” ЖАКсынын анын башкаруусуна өткөрүү боюнча милдеттенмелеринин аткарылбай тургандыгынын жана алынган акча каражаттарынын кайтарылбай жаткандыгынын себептерин түшүндүрүп берүүсүн талап кылган.
Өз кезегинде Ө.Ч.Текебаев өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруу боюнча жумуштун жүрүп жаткандыгын көрсөтүүгө аракет жасап, өзүнүн кабинетине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Ө.Абдырахмановду чакырган, аталган адамга Л.С.Маевский жана А.Н.Модиндин катышуусунда “Альфа Телеком” ЖАКсынын 100 пайыз акцияларын мамлекеттештирүүсүн жана кийинки сатуу маселесин иштеп табуусун тапшырган”.
Бул ачык, зөөкүр фальсификациянын үлгүсү. Л.Маевский, А.Модин ар бири алты жолу Ө.Абдырахманов менен 13-майда Ө.Ч.Текебаевдин кабинетинде тааныштык дегенине карабастан А.Модин бир нече жолу 21-декабрда Ө.Текебаев менен жолуккан эмесмин деген көрсөтмөлөрүнө карабай, А.Модин 2010-жылдын 22-ноябрында Москвага учуп кетип, жылдын аягына чейин Кыргызстанда болбогондугуна карабастан, тергөө Л.Маевский, А.Модин, Ө.Абдырахмановду 21-декабрда менин кабинетиме алып келип койду. Зомбулуктун жеткен чеги – Б.Звездаревди да 21-декабрда менин кабинетиме жолугушууга катыштырып коюшту. Анткени Ө.Абдырахмановдун делегацияда үч орус киши бар эле дегенине “подгонка” кылышкан. Тергөөдө Л.Маевский бир нече жолу Б.Звездарев 21-декабрда мейманканадан чыккан эмес, жолугушууга катышкан эмес деген. Ошол эле сөзүн сотто да кайталады.
Мына – зордук-зомбулуктун жеткен жери, ачык фальсификациянын далили.
18.Айыптоо корутундусунан:
“Ошентип Ө.Ч.Текебаев 2010-жылдын апрель айынан тартып декабрь айына чейинки убакытта, бийлик ыйгарым укугуна ээ болуп жана жооптуу абалды ээлеп, активдүү саясий иш-аракет жүргүзүп жана мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда тикеден-тике катышып, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Д.Т.Чотонов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри Ш.И.Абдылдаев, Т.К.Маматкеримов жана башка адамдар менен укукка каршы туруктуу байланышта болуп туруп материалдык дөөлөттөрдү алуу максаттарын көздөп, мамлекеттик кызматтын абийирин жана беделин, Кыргыз Республикасынын элинин кадырын жана ишенимин камсыз кылган коомдук мамилелерге жана мамлекеттик аппаратынын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө кол салып, ошону менен өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен, Л.С.Маевскийден мыйзамсыз бир миллион АКШ доллар же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын август жана сентябрь айларынын ортоӊку курсу менен 46 762 618 (кырк алты миллион жети жүз алтымыш эки миӊ алты жүз он сегиз) сом өлчөмүндөгү акча каражат түрүндөгү материалдык дөөлөттөрдү алган”, -
деп тергөө, Генпрокуратура бүтүм чыгарат. Бул бүтүм тынбай өзгөрүп турган Л.Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде гана чыгарылган. Башка объективдүү факт, ынанымдүү күбөлөр жок. Акыркы бүтүмдө да өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен деп Генпрокуратура баса белгилейт.
Кызмат абалынан пайдалануу үчүн мен конкреттүү ыйгарым укугумдун чегинде чечим кабыл алып же башка аракет кылып, алар кызматтын, демек, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы болуш керек. Эӊ негизгиси менин чечимим же башка аракеттер (кат, сунуш, тапшырма, көрсөтмө ж.б.у.с.) айтылып жаткан кылмышка түздөн-түз байланышы болуш керек.
Өз компетенциямдын чегинде мен кабыл алган чечимдер Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу, референдумду өткөрүү боюнча гана болгон. Бир да чечимим же башка аракетим “Альфа Телеком” ЖАКсына тиешелүү болгон эмес.
ЖЫЙЫНТЫК
(Аягы)