Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жана "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү "Өмүрбек Текебаев каза болду" деп тараган маалымат боюнча билдирүү жасады. "Бул маалымат чындыкка дал келбейт" деп айтылат билдирүүдө.
Анда маалымдалгандай, кечээ, 22-сентябрда социалдык тармакка "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жүрөк оорусу кармап каза болду" деген маалымат тарап кетти. Партиянын өкүлдөрүнө бул маалыматты ким жана эмне себептен тараткандыгы азырынча белгисиз.
"Өмүрбек Текебаев сак-саламат жана №47-түзөтүү абагында жалган айып менен камалып жатат. "Евразиялык демократиялык демилге" эл аралык укук коргоо уюмунун докладына ылайык, ушул жылдын 21-августунда Өмүрбек Текебаев саясий соттолуучу деп табылды. Партия лидери камалганга чейин Атамбаевдин кылмышын айтып, анын айынан бир нече тарапташтары кошо саясий куугунтукка алынган эле. Азыркы учурда ал кылмыш эл аралык журналисттер тобу тарабынан иликтенүүдө. Жакынкы күндөрү бул тууралуу материал батыштын маалымат каражатына жарыяланат", - деп жазылган партия тараткан билдирүүдө.
Буга чейин Жазаларды аткаруу кызматы Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү абалы деп абактан тартылган сүрөттөрдү жарыялаган эле.