Ысык-Көлдө ден соолукка зыян уран өндүргөнү жатышабы? Маммүлктү башкаруу фондунун жообу

"Кендерди пайдалануу комитетинде жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда Ысык-Көлдө уран өндүрүү боюнча долбоор даярдалып жатат", - деп бүгүн, 29-январда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев интернеттеги баракчасына жазды.

Анын айтымында, уран өндүрүү ишканасы Балыкчы шаарынын жанындагы Кызыл-Омпол айылында жайгашмакчы. "Улан" шамалынын катуу ылдамдыгын жана анын көлдү көздөй жүргөнүн эске алганда, мындай ишкананы куруу коркунучтуу экени анык. Радиоактивдүү чаң Балыкчыдан Караколго чейин бардыгынын баштарына түшөт", - дейт Каптагаев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан SUPER.KG порталына билдиришкендей, менчиктештирилген объекттердин базасында уран өндүрүү боюнча ишкана жок. "Ысык-Көлдө андай ишкана куруу боюнча пландар да жок", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
almanbetperm
2018-01-29 15:47:17
Эми колдукторду жок кылгыла,эсен эле болгула да
-1
TalaCSKA
2018-01-29 15:56:34
Кайсы умник ошондой иш ойлоп жаткан болсо да ишке ашпайт иши колдуктор баарын кошуп колго чоктуруп салат
+1
Arlenchik
2018-01-29 16:00:18
Жегичтерге сатсале болду, анын жаратылышка,элге терс жагы болбойбу аны иликтешпейт дагы, эптеп кен байлык чыккан жерди сатып бутмой болушту, кумтордон чыккан байлыктын баары чет жака кетип атат, болбогон пайызын мамлекетке токмуш болуп, жеп жутарлардын сол чонтогуно салып паралап калган басымдуу болугун алып чыгып кетип атышат, жаратылышка болсо терс жагы тийип атат, жаман кыжырга тийип атышат бок курсактар баарын атып жок кылса жеп жутарларды!
+1
new-citi
2018-01-29 17:03:42
Тарасын айтсам азыркы кыргызстанды коруп ыйлагың келет.эхх бейиштей мекенибизди озубуз талкалап жатабыз аттиң.
0
tuku
2018-01-29 17:53:19
Ошондой иш кана ачылган жатат чынында. Кок -Мойнок айыл окмотунон жергиликтуу элден набор болуп атат жумушка.
+1
love_you
2018-01-30 07:49:39
кумтор элди кырганы аз келгенсип, эми уранбы???? ужааас. колдо рак мн ооругандардын саны коп экен, себеби радиация. чиновниктер, силер да жооп бересинер, акча байлыкты корго ала кетпейт. чыныгы банкрот качан, акыретте сооптун жоктугу делет. 6 миллион кыргыздын акысына кирип атасынар, кеч боло электе тобо кылууга убакыт жеткендир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан