Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча маселе каралууда.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев: "Бишкек ЖЭБинде аварияга "ТВЕА" кытайлык компаниянын күнөөсү барбы?" - деп сурады.
Премьер-министр Сапар Исаков учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын айтты.
Депутат иликтөө ишине канча убакыт керектеле турганын сурады. Сапар Исаков азырынча иликтөө иши качан жыйынтыктала турганын айта албай турганын билдирди. "Мага премьер-министр катары электр энергия системин тазалоо боюнча мүмкүнчүлүк болуп жатат", - деди Сапар Исаков.
Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.