"Өкмөт Бишкек жылуулук электр борборун толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн каражат табууга болгон күчүн жумшайт. Башка жол жок", - деп бүгүн, 19-февралда биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди. Ал ЖЭБдин эскирген бөлүгүн оңдоодон өткөрүүнүн зарылдыгын айтты.
"Бүгүн 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыктар жүрүп жатат. 2017-жылы ЖЭБди оңдоп-түзөөгө 400 миллион сом каралган болсо, 2018-жылы 730 миллион пландалып жатат. Өкмөт ЖЭБди толук оңдоодон өткөрүүгө каражат табуу үчүн болгон күчүн жумшайт. Бизде башка жол жок. Деталдуу план 2018-жылга жазылган. Трубаларды жылуулоо, имульстук линияларды кароо, насосторду жаңылоо, видео байкоо, телекоммуникация, өрттүн алдын алуу жабдыктарын жаңылап жайгаштырып чыгыш керек", - деди Шадиев.
Эске салсак, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө (январь айынан 5 күнгө, ал эми февраль айында 2 күнгө) акча төлөшпөгөнүн "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашкан. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.
Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.