"Бизде Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалды деген маалымат бар. Бирок аны Казак тарап расмий тастыктай элек", - деди Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Мындан сырткары учурда ТИМ бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
"Учурда Тышкы иштер министрлиги бул маалыматтын үстүндө иштеп жатат. Бир аз убакыттан кийин баары такталганда толук маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, кечээ Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалганы айтылган. Казакстандык ЖМКлардын маалыматына караганда, 15-16-февраль күндөрү Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу, Казак өлкөсүнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү максатында атайын операция иш жүзөгө ашкан. Атайын операциянын жыйынтыгында 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында Казакстан мамлекетинин бажы тармагында, укук коргоо органдарында иштеген адамдар, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана Кыргыз мамлекетинин эки жараны бар болгондугу кабарланып, Кыргыз жарандарынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу
экендиги айтылган.