Жогорку Кеңеш депутат Асылбек уулу Дамирбектин иши боюнча Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук коргоо органдары жүргүзүп жаткан иш-аракеттерге дыкаттык менен көз салып турарын билдирет жана буга чейин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тараткан билдирүүгө толугу менен кошулат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
"Асылбек уулу Дамирбек социалдык-экономикалык маселелерди парламент трибунасынан байма-бай козгоп, жигердүү иш жүргүзгөн депутаттардын бири. Андан тышкары ал күрөш боюнча Кыргыз жана Казакстан желегинин алдында эл аралык таймаштарга катышып, спорт дүйнөсүнө кеңири таанылган ишмер.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Асылбек уулу Дамирбектин ишин эл аралык эрежелердин алкагында иликтөөгө жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кесиптеши Казакстандын Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулиндин атына кат жолдоду. Жогорку Кеңеш Казакстандын аймагында кармалган Кыргыз жарандарынын, анын ичинде депутат Асылбек уулу Дамирбектин иши Казакстандын тиешелүү органдары тарабынан мыйзам чегинде, адам укуктарын сактоо менен жана акыйкат иликтенет деп ишенет", - деп айтылат парламенттин билдирүүсүндө.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.