Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Казакстандын башкы көзөмөлдөөчү органына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Алматыда кармалышы боюнча суроо-талап жөнөттү.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, учурда депутатты Кыргыз Республикасына алып келүү боюнча маселе каралып жатат.
Айта кетсек, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан облустарында каршы атайын операция жүргүзүлүп, анын негизинде 29 шектүү адам кармалган. Алардын арасында 4 Кыргыз жараны бар экени жана анын бири Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экени белгилүү болгон. Кечээ, 18-февралда Алматы шаардык соту кармалган 29 адамдын баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.