Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулу бир апта мурда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалып, тергөө абагына эки айга камакка алынган. Ал арада депутаттын Кыргыз жана Казак жарандыгын бирдей алып жүргөнү тууралуу маалыматтар тарап, муну кечээ, 22-февралда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги расмий тастыктады. Ошондой эле анын аты-жөнү жана туулган жылы кийин өзгөртүлгөнү да ачыкка чыкты.
Депутаттын кош жарандуу болуп чыгышы Кыргызды уятка калтырабы?
Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу аныкталса, аны жашырганы үчүн мыйзам чегинде мандатынан ажыратыла турганын билдирүүдө. Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңешке алгач 2009-жылы ошол учурдагы “Ак жол” партиясынын, 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Эки учурда тең Кыргыз жараны экенин далилдеген паспортун көрсөткөн.
“Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин анын Казак жарандыгына ээ экендигин тастыктаган каты биздин мекемеге келип түшө элек. Эгерде ал анык болсо, депутат БШК тарабынан мандатынан ажыратылат. Депутат эки өлкөнүн паспортун бирдей алып жүрүүгө укугу жок”, - деп билдиришти БШКнын маалымат кызматынан.
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков депутаттын аткезчиликке шектүү катары кармалышы, ошондой эле кош жарандуулугунун бар болуп чыгышы өлкөнү уят кылганын белгиледи. Бирок мамлекеттик органдар да анын парламентке депутат болуусуна жол беришкени үчүн жоопко тартылуусу керектигин айтты.
“Кызык жагдай болуп жатат. Буга чейин эки ирет депутат болуптур. Демек, ушунун баарына жол берген мамлекеттик органдар жоопкерчиликке тартылыш керек. Айрыкча, Мамлекеттик каттоо кызматы. Бирок бул жерде Борбордук шайлоо комиссиясынын күнөөсү жок. Себеби партиялардан талапкерлердин тизмесин алгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин соттуулугу барбы же жокпу, башка мамлекеттин жарандыгына ээ эмеспи деген маселелердин негизинде тийиштүү мамлекеттик органдарга кат жиберет. Андан кийин алардын жообуна таянып талапкерди каттоого алат.
Бул чоң маселе. Мисалы, Орусияга кеткен мигранттардын көпчүлүгү ошол өлкөнүн жарандыгын алышкан. Ошол эле кезде Кыргыз паспортун да алып жүрүшөт. Президенттин буйругу менен алар башка мамлекеттин жарандыгын алгандан кийин Кыргыз мамлекетинин жарандыгынан чыгарылыш керек да. Маселени карап, тейлеген киши жок болуп жатат.
Анан эми жогорку бийлик бутагында отуруп, мамлекеттин тагдырын чечип жаткан депутаттын кармалышы, анын кош жарандуулугу биздин парламентке уят да. Башкача айтканда, Кыргыз мамлекети уят болду”, - деди Кадырбеков.
Мамлекеттик каттоо кызматы Дамирбек Асылбек уулу Калкты каттоо жана жарандык актыларды каттоо департаментине жарандыктан чыгуу тууралуу кайрылбаганын кабарлоодо. Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун билдиришинче, Кыргыз мамлекетинин атуулу жарандуулуктан чыкпай туруп деле Казакстандын жарандыгын алууга болот.
“Бул жаран Калкты каттоо жана жарандык актыларды каттоо департаментине жарандыктан чыгуу боюнча арызын жазган эмес. Бизден чыкпай туруп Казакстандын жарандыгын алууга болот. Бирок алардын мыйзамы кандай экенин караш керек. Негизинен бизде кош жарандуулукка ээ болууга мыйзам жол берет. Тилекке каршы, кош жарандуулугу бар адам депутат боло албайт. Бул мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелинет”, - деди Эржигитов.
Аты-жөнүн жана жаш курагын өзгөрткөн
Дамирбек Асылбек уулу өмүр баянына ылайык, 1981-жылы Каракол шаарында туулуп-өскөн, 1993-1998-жылдары Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынан билим алган, кийин Кыргыз мамлекетинин желегин көтөрүп бир катар эл аралык спорттук мелдештерге катышкан.
Бирок коомдук-ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөсүнө таянып, Дамирбек Асылбек уулу 1979-жылы туулганын, өз аты Динарбек Супатаев экенин жазып чыкты. Анын пикиринде, 1997-жылы Югославияда 16 жашка чейинкилер арасында өткөн Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн ал жаш курагын жана аты-жөнүн өзгөрткөн.
“Караколдуктар жана жакындан тааныгандар аны Динарбек Супатаев деп биле турганын айтып жатышкан. Андан сырткары 2001-2004-жылдары Казакстандын атынан эл аралык мелдештерге катышканы ошол учурдагы маалыматтарда жүрөт. Мисалы, 2001-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпиондугунда Казакстандын атынан катышып, күмүш медаль алган экен. Спорттук мелдешке катышуу үчүн кайсы мамлекеттин атынан чыгып жатсаң сенде ошол мамлекеттин жарандыгы болушу керек. Ал депутат болордо Казакстандын жарандыгын тапшырып салса, кырдаал мынчалыкка жетпейт болчу”, - деди Байсалов.
Ал эми машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Дамирбек Асылбек уулунун аты-жөнү 20 жыл мурун Динарбек Супатаев болгонун ырастады. Бирок себебин түшүндүрүүдөн баш тартты.
Ал эми аны жакындан билген депутаттардын бири Салайдин Айдаров ушул кезге чейин анын аты-жөнү өзгөртүлгөнүн укпаганын айтты. Жакындан тааныгандардын баары Дамирбек Асылбек уулунун атын кыскартып аны Дина деп атап келишкенин билдирди.
“Мен чынында анын кош жарандуулугу боюнча билген эмесмин. Маалымат каражаттарынан угуп нес болдум. Ошондой эле Динарбек Супатаев деген атты уккан эмес экенмин. Паспорттогу аты Дамирбек. Бирок баарыбыз эле аны Дина деп айтып чакырчубуз. Ал эми кош жарандуулук боюнча спорт тармагында мурунтан болуп келген да. Экинчи өлкөнүн паспортун алып, кийин кайтарып берип жүргөн фактылар болгон. Бирок азыр кандай экенин билбейм”, - деди Айдаров.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.