Бүгүн, 13-мартта депутаттык комиссиянын жыйынында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн 386 миллион доллар жакшы эле баа болуп эсептелеби деп сурады.
“Электр станциялар” ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолбошбек Назаровдун айтымында, Европа, КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу Бишкек ЖЭБин жаңылоо арзан болгон.
Аталган ишкананын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов акыркы учурда көпчүлүк Бишкек ЖЭБин модернизациялоо менен Тажикстандын Дүйшөнбү шаарынын ЖЭБин жаңылоонун баасын салыштырып жатканын айтты. “Дүйшөмбү шаарында арзан баада ЖЭБ жаңыланганы айтылууда. Бирок андай эмес. Бизде 1 киловатт 1 287 долларды түзсө, аларда 1 киловатт 1 322 долларды түзөт”, - деди Авазов.
Депутат эмне үчүн Бишкек ЖЭБине базар баасынан 12 эсеге кымбат видеокамералар орнотулганын сурады. Бишкек ЖЭБди модернизациялоону башкаруу тобунун аткаруучу директоруТемирлан Бримкулов борбор шаарда аба булгангандыктан кымбат баадагы видеокамера орнотконго туура келгенин айтты. “ЖЭБде орнотулган видеокамералар күйүү процессин көрсөтүп турат. 1000 градус ысыкта туруштук берет. Видеокамералар дүйнөлүк стандартка жооп берет", - деди Бримкулов.