Аскарбек Шадиев "Бир Бол" фракциясынын чечиминин негизинде депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"БШК тергөө органы эмес, Шадиевдин арызы жасалма же жасалма эместигин текшербейбиз. Бизге "Бир Бол" парламенттик фракциясынан арыздын көчүрмөсү түшкөн", - деди Бекматов.
Буга чейин Аскарбек Шадиев фракциядан чыгуу боюнча эч кандай арыз жазбаганын жана бул маселе боюнча эч ким менен сүйлөшпөгөнүн билдирген.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.
25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, Башка прокуратура ишти сотко өткөргөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.