"Ата Мекен": "Текебаев президентке ырайым сурап кайрылбайм деди"

Өмүрбек Текебаев акыйкатчы Кубат Оторбаевдин президентке жолдогон кайрылуусу үчүн ыраазычылык билдирди, бирок ал акталуу жолу менен гана эркиндикке чыгарын айтты. Бул тууралуу 4-майда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Текебаевдин ишин кайра кароо үчүн жакында Башкы прокуратурага кайрылуу жолдонот. "Текебаевге азыр кирип чыктым. Акыйкатчынын президентке кайрылуусу боюнча сүйлөштүм. Текебаев Кубат Оторбаевдин бул кадамына ыраазычылыгын билдирди. Бирок ал күнөөсү жок экенин далилдөө жолу менен гана эркиндикке чыга турганын айтты.

Биз жекече президентке ырайым кылуу боюнча кайрылбайбыз. Себеби Текебаевдин күнөөсү жок. Акыйкатчынын кадамы үчүн, албетте, ага рахмат айтабыз. Бул анын миссиясы болчу. Оторбаев кайрылуусунда: "Сотто иш каралып жатканда мыйзам бузуулар болгон. Адилетсиздик болуп, өкүм мыйзамсыз чыккан", - деген пикирин билдирген. Акыйкатчынын ушул сөзү "кылмыш ишин кайра караш керек" деген маанини билдирет. Бул боюнча биз да бир топ жагдайларды чогулттук. Жакында Башкы прокуратурага кайрылабыз", - деди Токтакунова.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Эске салсак, Былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан