КҮНСОБОЛ: Президент менен премьердин катардагы авиарейс менен учушу кадыресе көрүнүшкө айланышы керекпи?

Ушул жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков бир тууган агасынын жылдыгына катышуу үчүн Ошко эл менен бир учакта барган эле. Бүгүн, 7-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да Ош жана Жалал-Абад облусуна жасалчу иш сапарына жөнөкөй каттамда учканы коомчулуктун көңүлүн бурду.

Президент, премьер-министрлердин эл менен бирге эконом-класста учканы Европа өлкөлөрүндө көнүмүш адатка айланган. Бизде болуп жаткан мындай көрүнүштөр өлкө жетекчилеринин элге жакындаганынан кабар береби же жөн гана коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн жасалган популисттик кадамбы?

Бул ирет SUPER.KG порталы "Президент менен премьер-министрдин катардагы авиарейс менен учушу кадыресе көрүнүшкө айланышы керекпи?" дегендин үстүнөн собол салды.

КАЧКЫНБАЕВ: "Президент менен премьер-министр популизм менен чектелип калбашы керек"

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев өлкө жетекчилеринин бул кадамына сүйүнүүгө али эрте дейт. "АКШда президенттин статусу өзгөчө бөлүнүп каралат. Алар атайын брондолгон учакта сапарларга чыгышат. Ал эми Европанын айрым өлкөлөрүндө эл менен учкан жетекчилер бар. Биздин өлкөнүн шартында эл менен кошо учкан эле дурус. Себеби АКШдагыдай экономикасы күчтүү, чечүүчү өлкө эмеспиз. Начар экономикабыз менен АКШны туурай албайбыз. Эгер өлкө башчылардын душмандары көбөйүп, коопсуздукту сактоо максатында жеке учакта учуп жүрүшсө, туура түшүнсө болот. 2-3 жан сакчы менен элге кошулуп эле сапарга чыга берсе жакшы болмок. Ал эми акыркы учурдагы президент менен премьер-министрдин эконом-класста эл менен кошо учуп жатканына кубанууга же сындоого али эрте. Алар популизм менен эле чектелип калбашы керек. Бул иши салтка айланабы деген маселе бар", - деди Качкынбаев.

РЫСПАЕВ: "Башчылар элдин жашоосун жакшыртып коюп, жеке учакта каттай беришсин"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаевдин пикиринде, өлкө башчылары жакшы иштесе, алардын жеке учак менен учканына эл да каршы чыкпайт. "Президент менен премьерлер жеке учакта учуп жүрүшү үчүн өлкө бай болушу керек. Эч бир мыйзамга өлкө башчылар жеке учсун деп жазылган эмес. Экономикабыз арабдардыкындай чоң болсо, бир жөн эле. Бирок азыр президенттер эмес чоң бизнесмендер да жеке учактарда учуп жүрүшпөйбү. Элдин жашоосун жакшыртып коюп, экономиканы көтөрүп коюп жеке учакта каттай беришсин. Башчылар жакшы иштеп жаткан болсо, эл да унчукпаса керек", - деди Рыспаев.

КАНАЗАРОВ: "Роза Отунбаеванын эл менен учканын коомчулукка жарыяласам, ал "бул нормалдуу көрүнүш" деп урушкан"

Экс-президент Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп турганда анын маалымат катчысы болуп иштеген Султанбек Каназаровдун айтымында, президенттердин мындай кадамы башка өлкөлөрдө нормалдуу көрүнүшкө айланган. "Өлкө башчысынын же өкмөт башчысынын эл менен бирге учканын 100 пайыз колдойм. Бул бир жагынан экономикага пайда. Экинчи жагынан жаңы саясий стандартты киргизүү, калыптандыруу болуп саналат. Эми азыркы президент менен премьер-министр бул ишин адатка айлантса, мындан кийинки жетекчилер да эл менен бирге учуудан баш тарта албай калышат. Азыркы өлкө жетекчилеринин жөнөкөй учакта учканын угуп, мен да аябай кубандым. Негизи эле калк менен бийликтин ортосунда ажырым болбошу зарыл. Мен Роза Исаковнанын маалымат катчысы болуп жүргөнүмдө, АКШга 4 жолу эконом-класс менен учканбыз. Андан башка сырткы, ички сапарларда да эл менен бирге уччубуз. Франциядан Бельгияга поезд менен барып келгенбиз. Президенттин эл менен бирге учканын коомчулукка жарыяласам, Роза Исаковна "бул нормалдуу эле көрүнүш" деп мени урушкан", - деди Каназаров.

ТУРДУКУЛОВ: "Билишимче, жылына жетекчилердин жеке учактагы сапары үчүн жылына 1 миллион доллар сарпталат"

Коомдук активист Адил Турдукулов биздин бул кадамыбыздан башка өлкөлөр үлгү алышы керектигин айтты. "Акыркы учурдагы өлкө жетекчилери элге жагайын деген ой менен эконом-класста учуп жаткан болушу мүмкүн. Ошондой болсо да, бул жакшы иш. Бул башка чиновниктерге үлгү. Президент же премьер жогорку деңгээлдеги жолугушууга жеке учакта учса болот. Бирок конференция сыяктуу катардагы иш-чараларга эл менен бирге учканы дурус. Азыркылардын атайын учактан баш тартканы кийинки өлкө жетекчилерине жакшы мисал болот эле. Коопсуздук кызматы эл менен учкан учурда коопсуздук маселесин чечип берсе болот. Мисалы, Швециянын мурдагы премьер-министри эл менен учуп баратып өлтүрүлгөн. Бирок кайра эле премьерлер жөнөкөй учакта учуп жүрөт. Бул өлкөдөгү демократиядан, өлкө башчылардын жөнөкөйлүгүнөн кабар берет. Биз Орусия, Казакстандан үлгү албашыбыз керек. Бул кадамыбыз менен башка өлкөлөргө үлгү болуп жатабыз. Менин эсебиме караганда, жылына жогорку кызмат адамдарынын жеке учакта каттоосу үчүн 1 миллион доллар коротулат экен", - деди Турдукулов.

МАТРАИМОВ: "Өлкө башчылардын бул жөрөлгөсүнүн уланышын каалайм"

Парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов өлкө башчылар эл менен учса экономикага пайда болорун айтты. "Алардын өмүрүнө коркунуч жаратуучу окуядан Кудай сактасын. Азыр өлкө башчылардын эл менен кошо учуп жатканын коомчулук жакшы эле кабыл алып, кубаттап жатат. Албетте, бул жөрөлгөнүн уланышын каалайм. Ал эми чет өлкөгө барчу сапарлар атайын түзүлгөн протоколдун негизинде кете берет. Эл менен учуп жүрсө экономикага да пайда", - деди Матраимов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан