"Эртең, 9-майда өтө турган "Өлбөс полк" акциясына президент Сооронбай Жээнбеков катышып жатканда сүрөт, видео тартууга, дрон учурууга тыюу салынды", - деген маалыматты бүгүн, 8-майда Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматы таратты. Анда мамлекет башчы "Өлбөс полк" акциясынан кеткенден кийин сүрөт, видео тартууга уруксат берилери, дрон учурууга баштан-аяк тыюу салынары, эгерде учурулса, дрон атып түшүрүлө турганы айтылган. Көпчүлүк журналисттер, жарандык активисттер бул тыюуну негизсиз деп сыпаттап, сындай башташкан.
Андан кийин SUPER.KG порталы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиевага кайрылганда, бул билдирүүнү четке какты. Ал ири иш-чаралардын журналисттер тарабынан чагылдырылышына тыюу салынбай турганын айтты.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Эртең өтчү иш-чарада президентти сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынганы негиздүүбү?" деген собол салды.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Иш-чарада өзүн сүрөт, видеого тартууга тыюу салууга президент өзү деле каршы болсо керек"
Депутат Мирлан Жээнчороев президентти сүрөт жана видеого тартууга тыюу салуу аша чапкандык деген пикирин айтты.
“Дайыма ачык-айкын болуп келген нерсе ачык бойдон калганы эле оң. Дронду учурууга тыюу салынгандыгы коопсуздукту сактоо максатында болсо керек, бирок сүрөт, видеого тартууга тыюу салганы аша чапкандык деген ойдомун. Мисалы, ар бир адамдын мобилдик телефону, жеке камералары бар, анан аларга кандай тоскоолдук жана жоопкерчилик болот?
Шаардык кеңештин укугуна андай тыюу салуу кирбейт, алардын ишмердүүлүгүнө көчөлөрдү жабуу кирет. Тыюу салууну президенттин коопсуздугун камсыздоочу кызматтар гана коё алат. Бирок негизинен президент катышкан иш-чарада дронду учурууга тыюу салуу бир гана бизде эмес, башка өлкөлөрдө да бар. Себеби президент өзгөчө кайтарылуучу кызматтагы адам. Ал эми сүрөт, видеого тартууга тыюу салууга президент өзү деле каршы болсо керек. Себеби буга чейин ал өзү сүрөт көтөрүп алып, бул акцияга катышканын көптөгөн ЖМКлардан көргөнбүз. Мындай тыюу салынгандыгы аша чабуу”, - дейт депутат.
ТУРДУКУЛОВ: "Өлбөс полкто" президентти сүрөт, видеого тартууга тыюу салуу анын тегерегиндегилердин демилгеси деп ойлойм"
Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов “Өлбөс полк” акциясында президентти сүрөткө, видеого тартууга уруксат берилиши керек деген пикирде.
“Аталган акцияга президент бир жыл мурун деле катышкан. Бир жыл өткөндөн кийин эмне өзгөрүү болуп кетмек эле? Муну сөз эркиндигине болгон чектөө катары караса болот. Президентти сүрөткө, видеого тартууда, дрон учурууда анын коопсуздугуна залака тийбейт. Уруксат берилиши керек болчу. Бул президенттин демилгеси менен болгон жок деп ойлойм. Анын тегерегиндегилердин демилгеси. Алар аша чапкандык менен туура эмес кадамга барып жатышат”, - дейт Турдукулов.
АЙТИКЕЕВ: “Өлбөс полк” акциясына президент келет деп бардык чектөөлөрдү киргизүү - акылга сыйбаган нерсе”
Журналист Мирбек Айтикеев “Өлбөс полк” акциясы бул коомдук башталгычтагы иш-чара экенин айтты.
“Бул иш-чараны коомчулук өзү бир нече жылдан бери уюштуруп келет. Ал эми президент кааласа ал иш-чарага бара берсе болот. Ага эч ким тоскоолдук жаратпайт. Ошол эле учурда жарандарды текшерип киргизип, жолдон акцияга кошулабыз дегендерге чектөө киргизгени туура эмес. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө сүрөткө, видеого тартууга чектөө болбош керек. Президент келет деп бардык чектөөлөрдү киргизүү - акылга сыйбаган, иш-чаранын беделине көлөкө түшүрө турган нерсе. Негизинен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү президентти сүрөткө, видеого тартканга куштар эмес. Алар болгону иш-чараны тартышат. Биз мындай нерсеге жол бербешибиз керек. Өзбекстанда дрон учургандар жоопкерчиликке тартыла турганын уктук. Ошондо Өзбекстан же башкалардан үлгү алып жатабызбы? Биз ачык коом кура турган башка өлкөбүз. Эркиндикти сүйгөн элдин баалуулугун сактап калышыбыз шарт. Биз Кокон хандыгына кайтпайбыз, кайтарабыз дегендер жаңылышат”, - дейт Айтикеев.
КАРАСАРТОВА: "Президент өзү иш-чарага катышып жаткандан кийин сүрөт, видеого тарттырышы керек, болбосо катышпасын"
Укук коргоочу Рита Карасартова президент өзү каалап катышып жаткандан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ишине тоскоолдук жаратпашы керек деген пикирде.
“Мыйзамдуу жагын айтуу аябай оор экен. Себеби былтыр "Өлбөс полк" акциясына президент катышканда элдер "кыйын адам, өзү келип катышып берди" дешкен. Ал эми ишти тереӊ түшүнгөн адамдар арасында “бул эмне кылып жатат?” деп сындагандар да болгон. Балким ошол нерседен качкысы келип жатат.
“Тартпагыла, болбойт” дегени менен акцияга чыгып катышса, бул нерсе сөзсүз түрдө талкууланат. Анан ким тартып жатат деп аны карап, ал адамды жазага тартуу деле оор болсо керек. Анткени алыстан туруп деле сүрөт, видеого тартууга болот. Менимче, бул маселе баары бир чыгат. Бул жагдайда катышып жатсаӊ тарттыр, болбосо катышпа деген сөздү эле айткыӊ келет экен”, - дейт Карасартова.
ҮСӨНОВА: “Адамдын укуктарына жана эркиндиктерине кандайдыр бир максаттар үчүн чектөө коюлушу мүмкүн эмес”
"Медиа Полиси институту" уюмунун жетекчиси Бегайым Үсөнова Конституция боюнча, адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салына турганын белгиледи.
“Конституцияга ылайык, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Жогоруда айтылган кайсы максаттын негизинде президентти сүрөткө, видеого тартууга тыюу салынып жатат? Конституция боюнча, адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат. Конституцияда каралгандай, адамдын укуктарына жана эркиндиктерине кандайдыр бир максаттар үчүн чектөө коюлушу мүмкүн эмес”, - дейт Үсөнова.
АКИМОВ: "Өлбөс полк" акциясында президентти сүрөт, видеого тартууга тыюу салууну күзөт кызматынын чочулап жатканы деп түшүндүм"
Журналист Турат Акимов Мамлекеттик күзөт кызматы президентти эл көп барган жерде кайтаруудан чочулап, ушундай кадамга барган деген ойдо экенин айтты.
"Мамлекеттик күзөт кызматы президенттин бул акцияга катышканынан чочулап жатса керек, көзөмөлдөө кыйын деген ойдо. Камераларды, фотоаппараттарды жолотпогула, фотоаппараттын жарыктары иштебесин деп жатышкандыр. Ар кайсы жерде ар кандай снайперлер кайтарып отурат да. Ошондуктан эл көп топтолгон иш-чарага президент катышып жатса, күзөт кызматынын чочулап жатканы го деген эле ойдомун", - дейт Акимов.