КҮНСОБОЛ: Бийликтин кадырын түшүргөн деп социалдык тармактын колдонуучусун камакка алууну коомчулук эмне деп кабыл алуусу керек?

Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактын активдүү колдонуучусу БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробеков кармалганын УКМК билдирген. Ал 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынган. Жоробековдун карындашы байкеси өлкөгө көп жакшы иштерди кылганын айтып, ал коррупция боюнча айтуудан корккон эмес деп айтып чыкты.

SUPER.KG порталы "Бийликтин кадырын түшүргөн деп социалдык тармактын колдонуучусун камакка алууну коомчулук эмне деп кабыл алуусу керек?" деген собол салды.

МОМБЕКОВ: "Бул бийликтин "беспредели"

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков коррупцияны жазган эмес, коррупцияны баккан кишилерди камаш керек деген пикирде. "Коомчулук бул нерсени коркунуч менен кабыл алышы керек. Анткени бул нерсени сөз эркиндигине болгон тоскоолдук эмес, сөз эркиндигине болгон кыянаттык, кол салуу катары кабыл алам. Анткени Автандил Жоробеков өз мээнети менен ошондой баракчаны ачып, 100 миңден ашык катталуучусу бар. Мен дагы ал баракчанын катталуучусу болом. Мен дагы БеспределKG баракчасынан маалыматтарды алып, өзүмдүн иштериме пайдаланам. Ал баракчага чыккан материалдарды эч кандай экспертизанын корутундусу жок эле коркунуч келтирди, аймактарды бөлүүгө аракет кылды деп камап койгондун өзү бул бийликтин "беспредели".

2010-жылы "Форум" гезитинин башкы редактору болуп турганда, мени дагы ушундай жол менен камакка алышкан. Ошол кездеги гезитимди, өзүмдү дагы камакка алган. Ал учурда бир топ гезиттер жабылган. Эки жумадан кийин революция болуп кеткен. Бул бийлик ошол кездердеги опурталдуу нерселерден сабак алышы керек. Президентке, УКМКга кайрылгым келет. Бул оюндун арты жаман бүтөт. Маалымат каражаты мамлекет үчүн коркунуч алып келбейт. Мамлекет үчүн коркунуч алып келе турган бул коррупция. Коррупцияны ачкан, жазган кишилерди эмес, коррупцияны баккан кишилерди камаш керек", - дейт Момбеков.

СУРАБАЛДИЕВА: "Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы далилденмейинче БеспределKG баракчасынын администраторун камакка алуу туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева ар бир адамдын ой-пикири бар экенин айтты.

"Факты далилденбей туруп, бирөөнү камап койгон кызыктай абалды жаратып жатат. Ар бир жарандын ой-пикири бар да. БеспределKG баракчасынын администраторунун постторун көргөн эмесмин. Бул такталышы керек. Аймактар аралык касташууну козутуу фактысы далилденмейинче БеспределKG баракчасынын администраторун камакка алуу туура эмес", - дейт Сурабалдиева.

АМАНБАЕВ: "Сөз эркиндигине доо кетип жатат"

Экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев ар бир жаран эркин оюн билдирүүгө укуктуу экенин билдирди.

"Конституция боюнча, Кыргыз мамлекетиндеги ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, бийликтин жүргүзгөн саясаты тууралуу өзүнүн оюн эркин айтууга толук укуктуу. Ал эми Конституция Кыргыз мамлекетиндеги мыйзамдардын атасы. Жоробековдун конституциялык укугу бузулуп жатат. Ага кандай айып коюлуп жатканы боюнча таанышкан эмесмин. Бирок анын камакка алынышы сөз эркиндигине доо кетирет.

Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн коррупциялык системди, схеманы талкалаш керек. Кыргыз мамлекетинде эң ири коррупциялык схемалар бар. Бул бажыдагы, энергетикадагы, кен байлыктардагы коррупциялык схема. Булардын бардыгы Акаев, Атамбаевдин мезгилинде кандай болсо, азыр деле ошол бойдон. Элдин коррупция боюнча маселе көтөрүп, чыгып айтып жатканы туура көрүнүш", - дейт Бактыбек Аманбаев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Социалдык тармактын активдүү колдонуучусун камакка алуу - бийликке тийишпегиле деген коңгуроо"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, социалдык тармактын активдүү колдонуучусун камакка алуу - бийликке тийишпегиле деген коңгуроо.

"Кыргыз мамлекети чоң өзгөрүүлөргө багыт алууда. Бул өзгөрүүлөр бизде бийликтин эффективдүүлүгүн жогорулатып, саясий өзгөрүүлөргө алып келет. Ушул саясий өзгөрүүлөргө бийликтин эффективдүүлүгүнө таасир берген жаңы толкун пайда болуп келе жатат. Жаштар пайда болду. Алар бийликке баш ийбейт, бийликтен коркпойт, ар кандай маанилүү талаптарды коё алышат. Азыр Жоробеков ошол толкундагы жаштардын кайсы бир көрсөткүчү, бөлүгү болуп эсептелет. Ошол толкундан жаңы пайда болуп келе жаткан саясий күчтөн бийлик, УКМК коркуп, Жоробеков камакка алынды. Бардыгыңарды ушундай камоо күтүп жатат деп коомго коңгуроо кагып жатат. Бул бийликке тийишпегиле деген коңгуроо", - дейт Равшан Жээнбеков.

ТУРДУКУЛОВ: "БеспределKG баракчасынын администраторунун камакка алынышын сөз эркиндигине басым катары бааласак болот"

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов азыркы бийлик мурунку бийликтин каталарын кайталап жатканын айтты.

"Менин оюмча, бул түздөн-түз жакында өткөн митингге байланыштуу болду. Анткени митингге баргандардын көпчүлүгү социалдык тармактын колдонуучулары болгон. Бул бийликке карата абдан кооптуу белги болду деп эсептейм. Бул нерсени бийликке карата каршы сын-пикир айткан адамдарды куугунтуктоо жана сөз эркиндигине басым катары бааласак болот. Интернет колдонуучуларга, жеке жарандарга митингге чыкпагыла, бийликке сын-пикир айтпагыла деген эскертүү болду. Азыркы бийлик мурунку бийликтин каталарын кайталап жатат. Бийлик митингде көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна, кайрадан ошол нерселерди айткан адамдардын оозун жаап жатканы өкүндүрөт", - дейт Турдукулов.

ОШУРАХУНОВА: "Саясий абалды курчутуп жатышат"

Укук коргоочу Динара Ошурахунова социалдык тармактын колдонуучусунун камакка алынышына коомчулук нааразы болуп жатат деген пикирин айтты. "Бийликти сындаган же өзүнүн оюн айткан жарандардын оозун жабууга аракеттер жасалууда. Аны УКМК жасап жатат. Бул деген Конституцияны түздөн-түз бузуп жатат. Президент атайын жарандардын оозун жапкыла деген буйрук бердиби же УКМК өзү ээн баштанып жасап жатабы? Эгер эч кандай буйрук берилбесе, УКМК жетекчилери отставкага кетиши керек. Булар өздөрүнүн туура эмес иштери менен саясий абалды курчутуп жатышат. Мындай иштер жакшылыкка алып келбейт", - дейт Динара Ошурахунова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан