КҮНСОБОЛ: Депутаттар уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Уран казууга жылдап тыюу салуу керекпи же биротоло токтотуу зарылбы?

Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасында болуп жаткан талкуу кызуу уланууда. Уран кени казылат деген маалымат тарагандан бери коомчулук анын зыяндуу экенин айтуу менен каршылыгын билдирип жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов уран кенин казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Дастан Бекешев жогорудагы мыйзам долбоорго өз демилгеси бириктирилерин жарыялады.

22-апрелде Боом капчыгайында урандын казылуусуна каршы митингге 300дөй адам катышкан. Кийин өкмөт кен казуу убактылуу токтотулганын, бүгүн ал жерден техникалар чыгарылганын маалымдады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Депутаттар уран казууга 50 жылдык мораторий киргизүүнү сунуш кылышты. Уран казууга жылдап тыюу салуу керекпи же биротоло токтотуу зарылбы?" деген собол салды.

БЕКЕШЕВ: "Уран кенин казбоого 20 жылдык мораторий киргизүүнү сунуштадым"

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев уран кенин казууга таптакыр тыюу салсак өзүбүзгө зыян болуп калышы мүмкүн деген пикирде.

"Мен азыр 20 жыл деп мыйзам долбоорун сунуштадым жана аны коомдук талкууга чыгардым. Башка депутаттар 50 жылга деп сунуштап жатышат.

20 жылга дегенимдин себеби бул убакыт аралыгында жаңы технология чыгышы мүмкүн. Бизде уулуу калдык сакталган жайлар бар, аларды кайра иштетебиз, уранды зыянсыз алып чыгабыз дегендер болсо бизге жакшы да. Азыр таптакыр тыюу салсак, анда өзүбүзгө зыян болуп калышы мүмкүн. Себеби мен дүйнөлүк тажрыйбада 50 жылдык мөөнөткө мораторий киргизгенди көргөн жокмун. 20 жылды ойдон чыгарып айткан жокмун да, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыгып сунуштадым", - деди Бекешев.

КАРАМУШКИНА: “Ысык-Көлдө уран казууга жол берсек, урпактарыбызга радиациясы жогору өлкөнү калтырабыз”

Депутат Ирина Карамушкинанын пикиринде, Кыргыз өлкөсүндө уран өндүрүү керек, бирок биосфералык аймакта эмес.

“Уран маселеси боюнча геологдор менен сүйлөшүп көрдүм. Алардын айтымында, Кыргыз жергеси 95 пайызга тоолуу өлкө болгондуктан каалайбызбы же каалабайбызбы экономикалык өсүү үчүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү керек. Албетте, кен казуу сөзсүз табиятка зыян алып келет, бирок эң башкысы кен казылып бүткөндөн кийин аймакты калыбына келтирүү зарыл.
Уран – ар бир өлкөнүн стратегиялык запастары. Казакстанда уран чоң көлөмдө өндүрүлөт. Мурда өлкөбүздө уран казылып эле келген. Биз дагы уран өндүрүшүбүз керек, бирок Ысык-Көлдө жана биосфералык аймакта эмес. Эгер биосфералык аймакта кен казууга жол берсек, анда урпактарыбызга радиациясы жогору өлкөнү калтырабыз. Алар бизди кечирбейт”, - деди Карамушкина.

ШҮКҮРОВ: "Ысык-Көлдө радиактивдүү кенди казууга эмес, геологиялык чалгындоо да жүргүзүүгө болбойт. 50 жылдан кийин да казуу мүмкүн эмес"

Эколог Эмил Шүкүров Ысык-Көлдүн аймагында жаңы кендерди казууга болбой тургандыгына токтолду.

"Ысык-Көл облусунун аймагында геологиялык чалгындоого жана жаңы кендерди ачууга таптакыр тыюу салган аз дегенде 2 мыйзам бар. Бул мыйзам аткарылышы керек. Ал эми 50 жылга мораторий жарыялап, 50 жылдан кийин казуу деле ошол мыйзамды сактабагандык болуп саналат. Бул сунуш коомчулукту тынчтандыруу үчүн гана жасалган аракет болуп калышы мүмкүн, бирок ал аймакта радиактивдүү кенди эмес, башка жаңы кенди да казууга такыр мүмкүн эмес. Жогоруда мен айткандай, геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө да тыюу салынган. Ысык-Көл - бул биосфералык аймак, ошондуктан бул жерде кошумча тоо-кен иштерине тыюу салынган. Буга чейин казылган кендерде иштерди уланта берсе болот, ал эми жаңыларды иштетсе болбойт. Анткени эгер жаңы кен казыла баштаса, "биосфералык аймак" статусун бузуу болуп саналат. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу", - деди Шүкүров.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Уран кенин казууга 50 жыл ичинде жаңы технологиялар чыгат болуш керек"

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев депутаттардын бул сунушун туура көрө тургандыгын айтат.

"Уран кенин казууну биротоло токтотуп койгон деле туура эмес болуп калат. 50 жылга мораторий киргизүү сунушун туура эле көрүп жатам. Бул жылдар ичинде жаңы технологиялар чыгат го деген ой бар. Андыктан сунуш туура деп ишенем", - деди Чолпонбаев.

БАБАКУЛОВ: “Ысык-Көлдө уран казууга макулдук бергендердин бардыгын жоопко тартыш керек”

Активист Аманбол Бабакуловдун пикиринде, Ысык-Көл облусунда "Кызыл-Омпол" уран кенин казууга түбөлүккө тыюу салуу керек.

“Урандын зыяны боюнча мектепте окуп жүргөндөн бери билебиз. Ошон үчүн уран казууга 50 жылга же 70 жылга дебей, биротоло тыюу салыш керек. Бүгүн Балыкчыда вице-премьер Кубатбек Боронов эл менен жолугушууда кен казган компаниядан лицензияны чакыртып алдык, мындан ары иштегенге акысы жок деди. Бирок эл расмий кагаздарды көрсөтмөйүнчө ишенбей турганын билдирди. Биз тиешелүү токтомдор көрсөтүлмөйүнчө талабыбызды токтотпойбуз. Мындан тышкары ошол лицензияны берген жана Ысык-Көлдө уран казууну туура деген чиновниктерди элди алдаганы үчүн жоопко тартууну талап кылабыз”, - деди Бабакулов.

ДҮЙШЕЕВ: “Уран иштетүүдөн экономикага пайдасы тиерине көзүм жетпейт”

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин айтымында, уран казуудан пайдасынан зыяны көп.

“Уран кенин иштетем деген компания жаңы технологияны колдонобуз деп жатат, бирок дүйнөдө андай жок. Уран кенинде иштеп жаткан адамдардын саламаттыгына сөзсүз зыяны тиет. Ошон үчүн уран иштетүүнү “зыян өндүрүш” деп коюшат. Ага атайын көңүл бурулат. Иштегендердин тамак-ашынан баштап жатаканасына чейин көңүл бурулат. Кенди казам деген компания ал менчик ишкана. Ошондуктан алар анча деле карабайт. Эгер мамлекеттики болсо, анда ойлонуп көрсө болот эле. Уран өндүрүүдөн эч кандай пайда жок. Экономикага пайдасы тиерине көзүм жетпейт”, - деди Дүйшеев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан