КҮНСОБОЛ: Шайлоо өнөктүгүн ырчылардын концертисиз, накта атаандаштыкка негизделген дебаттар аркылуу өткөрүп, 3 айга узартуу сунушталууда. Туура демилгеби?

"Адилеттүүлүк үчүн" комитети 2019-жылдын 13-майында өткөн "2020-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун укуктук тобокелчиликтери" аталышындагы тегерек столдун резолюциясын кабыл алды. Анын негизинде комитет президентке жана Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча талаптарын койду. Коюлган 6 талаптын ичинде "шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн 3 айга узартып жана үгүттөрдө дебаттарга басым жасоо" да бар.

Тегерек столго удаа эле Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө ырчы-чоорчулардын бекер концерттерин уюштуруп, пайдаланууга тыюу салууну демилгеледи.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Шайлоо өнөктүгүн ырчылардын концертисиз, накта атаандаштыкка негизделген дебаттар аркылуу өткөрүп, 3 айга узартуу сунушталууда. Туура демилгеби?" деген собол салды.

МАДУМАРОВ: “Депутаттар эл өкүлдөрү эмес, партиянын өкүлдөрү болуп калды”

Саясатчы Адахан Мадумаров эки жыл мурун Шайлоо кодексине өзгөртүү, түзөтүүлөр боюнча мыйзам долбоорун жазып, киргизгендерин эскертти.

“Анда ак же көк деген жооп болгон жок. Президент, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, экс-премьер-министрлер менен жолукканда дагы бул маселени айткам. Андан кийин ак же көк деген жооп болгон жок. Бул шайлоонун адилеттүү өтүүсүнө кызыкдар эмеспиз деген ишарат. Элдин каалоосундай шайлоо өткөрүүгө бүгүнкү бийлик кызыкдар эмес. Мыйзам долбоорунда бир жерге эки саат сайын ар кандай партиялар барып, элдин башын айландырбай, бардык маселе дебаттар аркылуу чечилиши керек. Ошондо жогорудагы маселелер өзүнөн-өзү токтойт. Анда акындардын, артисттердин, цирктеги клоундордун дагы кереги жок болот. Алардын тили менен эмес, талапкер өзүнүн тили менен сүйлөп көрсүн. Ошондо алардын акылы, ой-жүгүртүү деңгээлдери кандай экени билинмек. 15тен кем эмес багыттагы маселелер боюнча телетаймаш болуш керек. Ошондо эл таразага салмак. Бүгүнкү келген депутаттар каптын ичине салынган мышык болуп жатпайбы. Эл алар ким экенин билишпейт. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш менен элдин ортосунда байланыш жок. Булар эл өкүлдөрү эмес, партиянын өкүлдөрү. Парламенттик шайлоо бүткөндөн кийин бир телеканал түз эфир уюштурган. Анда “Мына силер колдоп жүргөн жигиттер башка мамлекеттин өкүлү болуп чыкты, силер өзүңөрдү ыңгайсыз сезбейсиңерби?” деген суроого ырчылар “бул биз үчүн бизнес” деп жооп беришти. Бир аз уялып жатабыз деген сөз болгон жок. Ким төлөп берсе ырдай беребиз дейт. Анда алардын адамдык касиети кайда? Акчанын артынан эмес, адамдын артынан түшкөн артисттер деле бар. Мен жолугушууларды атайын ырчыларды чакырып, концерт коюп өткөрбөйм. Жолугушуу бүткөндөн кийин чай да бербейм”, - дейт Мадумаров.

ЖЭЭНБЕКОВ: “Шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн узартуу, дебаттарды көбөйтүү боюнча идеяны колдойм”

Экс-депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, шайлоо маалында 2 миң, 5 миң сомдон шайлоочулардын добушун сатып алуу партиялардын, саясатчылардын, мамлекетибиздин келечегине кедергисин тийгизип, кадыр-баркын кетирип жатат.

“Бул биздин мамлекетибизге чоң сокку болууда. Ошондуктан акчанын ролун азайтуу үчүн шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн узагыраак кылуу керек. Эгерде мөөнөтү узагыраак болсо партияларга, олигархтарга акча таратуу оорураак болуп калат. Анткени акчаны 3 ай бою таратуу оор да. Эл менен жолугушууда концерттерге тыюу салуу туура. Анын ордуна телеберүүлөрдө, радиоберүүлөрдө дебаттарды көбөйтүү керек. Экономикалык, социалдык, тышкы саясат мамлекеттин келечеги боюнча ар кандай багыттагы дебаттарды уюштуруу зарыл. Партиянын лидерлерин, өкүлдөрүн милдеттүү түрдө дебаттарга катышуусун мажбурлоо шарт. Шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн узартуу, дебаттарды көбөйтүү боюнча идеяны колдойм”, - дейт Жээнбеков.

КАРАМУШКИНА: "Партиялар акчаны артисттерге эмес, элге пайдалуу иштерди жасоого жумшаса жакшы болмок"

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын пикиринде, шайлоо өнөктүгүн 3 айга созууга зарылчылык жок.

"Мен шайлоо процесстерине көп жолу катышып келгем. Бир айда шайлоо иштери көп күчтү алып коёт. Себеби күн сайын аймактарга чыгып, шайлоочулар менен жолугушуулар өтөт. Ошон үчүн үгүт иштерине бир ай жетиштүү. Биздин шайлоочулар партиялардын жана талапкерлердин ишмердүүлүгүн күн сайын көрүүдө, алар боюнча маалыматты интернеттен тапса болот. Шайлоо өнөктүгүн 3 айга созууга зарылчылык жок деп ойлойм.

Концерттерди уюштуруу - бул ар бир талапкердин жана партиянын иши. Аймактарда жашоочулардын көбү партиянын программасы менен таанышуу үчүн эмес, концертти көрүү үчүн келишет. Партиялар акчаны артисттерди чакыруунун ордуна элге пайдалуу иштерди жасоого жумшаса жакшы болмок. Жарандар шайлоолорду партиялардын ушундай иштери үчүн күтүп калышкан. Мисалы, кайсы бир талапкер көчөгө отургучтарды орнотот, башка талапкер жол оңдойт", - деди Карамушкина.

ЗУЛУШЕВ: "Шайлоочулар партияны дебат жолу менен тандай турган болсо алардын чыныгы жүзүн көрө алышат"

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин пикиринде партиялар программасын угузуу үчүн элди топтой албайт.

"Шайлоо үгүттөрүн ырчыларсыз, жалаң дебаттар менен өткөрүү кыйын. Себеби саясий партия өзүнүн 5 жылдык программасын элге жарыялашы керек. Мындан тышкары 5 жыл аралыгында айткан убадаларын аткардыбы же аткарган жокпу отчёт берет.

Бул мыйзам долбоору бүгүнкү күндө комитетке келип түшө элек. Комитетке келип түшкөндө анын терең маанисин түшүнүп, толук кандуу пикиримди айта алам. Негизи мунун жакшы да, жаман да жагы бар. Концерт бул жолугушуу, таанышуу, элди чогултуу механизми. Себеби эл жөн топтолбойт. Ырчылардын катышуусундагы концерттин жүрүшүндө эл партиянын жалпы программасы менен таанышат жана ал аркылуу калкка жайылтылат. Бул мыйзамга каршы келбейт, бир жагынан бул ырчылардын каражат табуу булагы да. Экинчиден, шылтоо менен эл концерт көрүп калат.

Ал эми дебат - бул саясий көз караштардын чагылышы. Партиялар программасынын туура же туура эместигин далилдеп бере алабы же жокпу, элди ынандыра алабы ал үчүн сөзсүз түрдө дебаттар керек. Эгер шайлоочулар дебат жолу менен партияны тандаса алардын чыныгы жүзүн көрүшөт", - деди Зулушев.

ЧОЛПОНБАЕВ: “Партиялык тизме менен боло турган шайлоо Кыргыз мамлекетинин шартына туура келбей турган нерсе экени көрүндү”

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, шайлоо системин өзгөртүү керек.

“Партиялык тизме менен боло турган шайлоо Кыргыз мамлекетинин шартына туура келбей турган нерсе экени көрүндү. Шайлоо кодекси Конституциянын өзүнө да каршы келет. Ошондуктан мындай шайлоону өткөргөн болбойт. Партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү Өмүрбек Текебаевдин ойлоп чыгарганы. Ал өмүр бою партиясы менен бийликте отурам деп ойлогон. Бул жаңы, акчасы жок адамдардын шайлоого катышуусуна тоскоолдук кылып, адамдын укугун буза турган норма болуп саналат. Шайлоо системин өзгөртүү жөнүндө коюлуп жаткан талаптар туура. Бирок ошону ылайыктуу кылып тууралап алып келиш керек. Колунда акчасы жок адамдар шайлануу укугунан ажыраган. Ошондой эле мурда соттолгондор шайлоого талапкер болбосун деген сунуштар айтылып жатат. Бул бийликтин атайын жасап жаткан нерсеси. Эптеп шылтоолоп бирөөнү бир жыл шарттуу түрдө соттотуп шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатат. Ырчылардын концертине тыюу салуу боюнча айта турган болсом, ал маселени кандай кааласа ошондой чечип алышсын. Бирок бул ырчылардын бизнеси экен деп тыюу салып койгон туура эмес”, - дейт Чолпонбаев.

АЗИЗ: "Концерттер шайлоочуларды жыйноо үчүн эле колдонулуп калган"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз шайлоо өнөктүгүн 3 айга узартуу туура деп эсептейт.

"Тилекке каршы, азыркы шайлоо мыйзамдарына ылайык үгүт иштеринин мөөнөтү бир ай эле болуп калган. Бирок дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп жаткандай, шайлоо башталгандан тарта же талапкерлер арызын бергенден тарта дебаттарга катышса, реалдуу талапкерлерди жана партияларды аныктаганга мүмкүнчүлүк берет. Концерттер кошумча жардам берчү механизм болуп, элди жыйноо үчүн эле колдонулуп калган. Кээ бир талапкерлердин мындай иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми Конституцияда "талапкерлердин теңдиги" деген принцип бар да. Ошол себептен булар концерттерди уюштурбай эле чыныгы талапкерлер экенин дебаттарда көрсөтсө, муну туура деп эсептейм. Ошондо сапаттуу талапкерлерди тандаса болот", - деди Азиз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан