КҮНСОБОЛ: Президент Сооронбай Жээнбеков эртең жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берет. Эгерде сиз журналисттин ордунда болсоңуз, мамлекет башчыга кандай суроо узатмаксыз?

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны эртең, 25-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Бул иш-чара жылына бир эле жолу болгону үчүн медиа өкүлдөрү күткөн окуялардын сап башында турат.

SUPER.KG порталы "Президент эртең жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берет. Эгерде сиз журналисттин ордунда болсоңуз, мамлекет башчыга кандай суроо узатмаксыз?" деген собол салды.

СУРАБАЛДИЕВА: "Сексуалдык ыдык көргөзүүгө каршы мыйзамды парламентке алып киребиз десек, кээ бир эркек депутаттарыбыз колдобойбуз деп жатышат"

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева сексуалдык ыдык көргөзүүгө каршы мыйзамды кээ бир эркек депутаттар колдобой жатышкандарын айтты.

"Сексуалдык асылуу, ыдык көргөзүүгө каршы мыйзамды парламентке алып киребиз десек, кээ бир эркек депутаттарыбыз колдобойбуз деп жатышат. Иштеген, окуган айымдарды колдоо үчүн мыйзамга президент катары кол коёт белеңиз? Эркек депутаттар эгер бул мыйзамды колдосок, эки аял алууга жол бересиңер деп тамашалап башташты. Президент эгер ооба, колдойм деп үн катса, көпчүлүк каршы чыкпашына ишенем", - дейт Сурабалдиева.

ТИЛЛАЕВ: "Президентке үч суроо бермекмин"

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев журналисттердин ордунда болсо президентке үч суроо бермек экенин айтты.

"Биринчи суроом чек ара маселеси боюнча болмок. Кыргыз-Тажик чек ара маселесин парламент, өкмөт да чечпейт. "Жакынкы арада жолугушуу же мамлекет аралык сүйлөшүүлөргө барасызбы?" деген суроо бермекмин. Экинчи суроом, Кыргыз мамлекетинин экономикасына байланыштуу кандай чоң долбоорлорду күтсөк болот? Үчүнчү суроом, элди бириктире турган, элдин башын кошо турган улуттук программа сиз тараптан сунушталабы?" - дейт Тиллаев.

ОРОЗОВА: "Президентке "Кыргыз-Тажик чек ара маселесин тез чечүүнүн кайсы жолу ыңгайлуу деп эсептейсиз?" деген суроо бермекмин"

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова чек ара маселесин чечүү узак жумуш экенин айтты.

"Президенттин, комиссиянын деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок маселе чечилбей жатат. Кайсы жол менен чечүү оңой болот? Президентке "Кыргыз-Тажик чек ара маселесин тез чечүүнүн кайсы жолу ыңгайлуу деп эсептейсиз?" деген суроо бермекмин. Эл кыйналып кетти. Бул маселени тез арада чечүү керек", - дейт Орозова.

КАЧКЫНБАЕВ: "Бишкек-Пекин темир жолун президенттиктен кеткенге чейин баштап кетем деп сөз бересизби?" деген суроону мамлекет башчыга берүү керек"

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин айтымында, журналисттердин көпчүлүгү Райымбек Матримов, Бишкек шаарын каптаган кара түтүн, ЕАЭБ тууралуу сурашат.

"Мурдагы президент Атамбаев стратегиялык жактан Кыргыз өлкөсүн бир туңгуюкка алып келип туруп кетти. Мурунку президенттерден айырмаланган жок. ЕАЭБге камап коюп кетти. Стратегиялык ката кетирди. Ушул боюнча суроо берсе болот. Бишкек-Пекин темир жолу 28 жылдан бери талкуу болуп жатат. "Ушул темир жолду президенттиктен кеткенге чейин баштай алам деп сөз бересизби?" деп суроо берүү керек", - дейт Сейтек Качкынбаев.

АЙБЕК МЫРЗА: "Президентке курултай институту, коррупцияга каршы күрөшүү, Жер-Үй кени боюнча суроо бермекмин"

Жарандык активист Айбек Мырза президентке курултай институту, коррупцияга каршы күрөшүү, Жер-Үй кени боюнча суроо бермек экенин билдирди.

"Курултай институту Конституцияга кириши керекпи? Коррупцияга каршы күрөш тандалма болуп жаткан жокпу? Бийликке сын айткан адамдарга кылмыш иши козголуп, тегерегиндегилерге эмне үчүн козголбойт? Ушундай суроолорду бермекмин. Ошондой эле Жер-Үй кени боюнча маселени айтмакмын. Жер-Үй кенинде биздин мамлекеттин үлүшү нөл. Эмне үчүн бул жактагы коррупцияны көрбөйт? Эмне үчүн мамлекеттик комиссия түзбөйт? Орусиянын таасиринен коркобузбу?" - дейт Айбек Мырза.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан