УКМК: "Сапар Исаковго коррупция беренеси боюнча айып тагылды"

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго коррупция беренеси боюнча айып тагылды. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 29-майда кабарлады.

Маалыматка ылайык, Исаковго Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.

"Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралды. Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары даражасындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш-аракеттерди кылуу аркылуу подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, бул боюнча тергөө уланып жатат.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБ боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп ал журналисттерге билдирген. 14-майда Сапар Исаков 2-жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан. Сурак түштөн кийин да уланган.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
RusMos76
2018-05-29 20:52:18
Туура кылат куноосу болсо жазаланыш керек, мыйзам баарына бирдей бийлик менчик болсо дагы!
+18
uli1234
2018-05-29 20:55:02
Атамбайдын доорунда тузук эле жыргашты окшойт, калашынча коркпой жээшип. Эми кусушсунда жегендерин
+18
Adiletia
2018-05-30 01:38:21
Атаңбай камалабы же жөн эле элди алаксытып ар кидми чакырып атабы
+1
taku1414
2018-05-29 21:00:17
киттин бирин кармашкан экен. Эми корупционерлер биринен бири чубалып чыга башташат.
+16
bayhan
2018-05-29 21:14:44
Эң чоң коррупционер ушул жигит эле, бирок болбой эле умный боло беретда. Бул Сапар балашка Бакиевтин убагында Максим менен кошо качкан кайра кандайча келип калды түшүнүксүз. Эми жооп берсин Кыргыз элине кылган кылыгы үчүн.
+16
Meni_unut
2018-05-29 21:21:24
Эми очередь шефке баратат окшойт.
+16
stimyl.kg
2018-05-29 21:22:55
Мен дагы да айып тагылбай койоберишет бекен деп ойлоп жаттым эле. Түзүк. Эми камагыла үйүн мүлкүн мамлекетке алгыла. Аташкасына кезек келген сыяктуу. Шадиевинер кайда?
+16
Meni_unut
2018-05-29 21:56:23
stimyl.kg,Шадиев эчаак эле "коёндун суротун тарта берген"
+10
ruslanz
2018-05-29 22:25:30
Шадиев деле мен жон эле кол коюп койгом,кантип жейин деп жатпады беле,таптырбай качып кетти го.Олкодон чыкпаптыр, жайлоого качып кетсе керек.
+4
Rolly
2018-05-29 22:38:41
Сокенин дозуна кучу жетет бекен кутолу?
+11
Gulnyr19
2018-05-29 22:39:32
Шадиев Акаевдин заманыдан бери суудан курук чыгат бир аз убакыттын өтүшү менен кайра креслосуна келсе таң калбайм
+6
Dembele84
2018-05-29 23:00:39
Исаковду камап,анан эртерээк наркы экс президентти кол тийбестигинен ажыратып,соттош керек,бардык чон чон коррупциялар жана саясий куугунтуктар именно Атамбаевдин кылган иштери!
+12
Mederbek0811
2018-05-29 23:22:27
Dembele84,булардын камалышына козум жетпейт. Жеди,ичти,куноолуу эле дешет.Анан эле соодалашып тымызын Шадиевке окшотуп узатып коюшат.Барчу жерине жакшы жет деп. А биз болсо ууру кармалды деп кубанып,алгандарын мамлекетке кайтарат эми деп кутуп кала беребиз.
+1
BekAmir
2018-05-29 23:11:04
Экс президентда жооп берсин
+5
Bobina
2018-05-29 23:48:43
Камалсын!!!
+2
Meni_unut
2018-05-30 00:22:46
Эхх ушинтип жашаштын не кереги бар деймда.Ууру тамак болуп.Адал эмгек менен тапкан акчага не жетсин...Тынч уктайсын
+2
Shabi
2018-05-30 03:31:38
386деген цыфра ото пополярный болду го бир жылдан бери чечилбей. Азыр мектеп окуучусунан тец акча десен. 386млн деп айта турган болду
+1
Nendi15
2018-05-30 03:46:00
Жеген лимондорун кустургула эми,элди алаксытпай.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан