Бүгүн, 15-майда Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевди кызматынан бошотту. Бул "сырдуу адам" 2015-жылдын февралынан бери аталган кызматты ээлеген. Акыркы мезгилде коомдо Арабаевдин дарегине көп сындар айтылып, аны "соттордун Ак Үйдөгү куратору" деп атап чыккандар бар. Президенттик аппараттан аталган бөлүмдү жоюп салуу боюнча сунуштар да айтылууда.
Ушул маселенин негизинде SUPER.KG порталы собол салып, саясий айдыңдагы бир катар белгилүү инсандардан жооп алды.
АЗИЗ: "Арабаевдин кетиши - Атамбаевдин заманындагы киши кызматтан кетти дегендик"
Саясий илимдердин доктору Канатбек Азиздин айтымында, аталган бөлүмгө келчү жаңы адам өз милдеттерин туура аткарса, ал өлкөгө пайда алып келет.
"Конституцияга ылайык, президентке Жогорку Сотко судьялыкка бара турган талапкерлерди аталган бөлүм көрсөтөт, алар жөнүндө толук маалыматты берет. Милдети ушундай болгону менен, тилекке каршы, 7 жылдан бери бул бөлүм сотторду башкарып калган: талапкерлерден ким өтөт, ким өтпөйт, ким соттолот, кандай чечимдер чыгат, ушул максатта иш алып барып калган. Манасбек Арабаевдин кызматтан кетиши - Алмазбек Атамбаевдин заманындагы киши кетти дегендик. Ал сотту башкара албай калды деп түшүнсө болот", - дейт Канатбек Азиз.
ТУРУСКУЛОВ: "Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү "монстрга" айланып калган"
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов бүгүнкү күндө жарандардын президентке болгон ишеними жогорулаганын айтты. "Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү азыркы учурда зарыл. Жарандардын президентке жазган арыздарды ушул бөлүм карап, талдап чыгып, тартиптик комиссияга иликтөөгө жөнөтүш керек. Бул бөлүмдүн сотторду көзөмөлдөө деген функциясы жок. Ал "монстрга" айланып калган деп коомдо да, парламентте да айтылууда.
Салыштырып көрсөк, ИИМге, прокуратурага салыштырмалуу жарандар президентке көп ишенип, көп арыз жазып жатышат. Президент арыздардын баарын карай албайт, аталган бөлүмдүн кароосуна жөнөтөт. Бул бөлүмгө таза адам келиши керек, өзүнүн милдетин туура аткарып, президентке арыздардын туура же туура эмес экенин аныктап чыгышы керек", - деди Турускулов.
ШЫКМАМАТОВ: "Манасбек Арабаев сотторго чалып, көрсөтмө берип турчу"
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев соттук иштерге дайыма аралашып келгенин айтты. "Бул бөлүм керек, анын мыйзамда каралган ыйгарым укуктары бар. Бул негизинен соттук реформа жүргүзө турган бөлүм. Негизги жумушу мыйзамдарга багытталыш керек, реформаларга барыш керек. Сотторго түздөн-түз кийлигишип, соттордун ишине көрсөтмө берип, телефон чалган - бул ыйгарым укуктарынан сыртка чыгып кеткендик. Бул кылмыш болуп эсептелинет. Арабаевдин ордуна келген жаңы адам өз милдетин кынтыксыз аткарса жетиштүү. Аталган бөлүмдүн мурдагы башчысы соттук иштерге дайыма аралашкан. Айрыкча, саясий чуулуу иштер боюнча түздөн-түз сотторго телефон чалып көрсөтмө берип турчу", - деди Шыкмаматов.
САБИРОВ: "Жаңы президент ким менен иштешем десе, ошолорду кызматка коюп жатат"
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров өлкөдөгү кадр саясатын сынга алды. "Азыр бир гана Манасбек Арабаев эмес, башка министрлер да алмаштырылып жатат. Чындыгын айтканда, команда өзгөрүп жатат. Жаңы президент ким менен иштешем десе, ошолорду кызматка коюп жатат. Бирок бийлик алмашкан сайын кадрларды алмаштыра бербешибиз керек. Мамлекеттик систем бөлөкчө болуш керек, астында иштеген адамдар өз ордуларында калышы зарыл. Өнүккөн мамлекеттерде чиновник же ооруп кетет же соттолуп кетет же өз каалоосу менен кетет. А бизде министрге чейин алмаштырып жиберишет. Чоң кадрдык баш аламандык ушундан улам болууда", - деди Сабиров.
Ал эми соттук иштерге Манасбек Арабаевдин кийлигишкен же кийлигишпегенин билбей турганын кошумчалады депутат.
ЖУМАКОВ: "Коомчулукта айтылып жүргөн “кураторлук” деген аталышты жоюш керек"
Жарандык активист жана юрист Улан Жумаков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү керектүү орган деген пикирде.
"Бул бөлүм өзүнүн функцияларын толук аткара турган болсо, ал коом үчүн, сот тармагы үчүн пайдасын бере турган кызмат. Аталган бөлүмдү жоюп салганда, адамдар каякка кайрылып, сот тармагындагы иштер кантип көзөмөлдөнмөк эле. Коомчулукта айтылып жүргөн “кураторлук” деген аталышты жоюш керек, коомдун аң сезиминен алып салуу керек, бул жерге келген адамдар эл үчүн иштеген, элдин арыз-муңун уккан адам болушу зарыл", - дейт Жумаков.