КҮНСОБОЛ: Жолду тосуу кылмыш болуп саналат. Анда элдин үнүн ким угат?

Солтон-Сарыда алтын кенин иштеткен кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын чырына чекит коюла элек. Кечээ, 6-августта компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы чыгышкан жергиликтүү тургундар талаптарына бийлик кулак салсын деген максатта Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабабыз деп Он-Арча айылына келишип, боз үй тигишкен.

2014-жылы Кылмыш-жаза кодексине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, стратегиялык маанидеги унаа жолун мыйзамсыз тоскондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

SUPER.KG порталы "Жолду тосуу кылмыш болуп саналат. Анда элдин үнүн ким угат?"деген собол салды.

БАКИРОВ: "Жолду тосуу элдин үнүн жеткирүүнүн бирден бир ыкмасы болуп калды"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров: "Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдин тарапташтары жол тосууга чыккан. Ошондо өкмөт тарабынан жол тоскондорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзамын демилгелеген. Жолду тосуу элдин үнүн жеткирүүнүн бирден бир ыкмасы болуп калды. Көйгөйлөр башка жакта айтылган болсо түз жетпей жатат. Эл айла жоктон ушундай кадамдарга барып жатат. Жолду тоскондо башка жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаралып калат".

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Эл көйгөйүн тынчтык митинги аркылуу айтса болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, эл жол тосуу аркылуу эмес, тынчтык митингин өткөрүп талаптарын айтса болот. "Митинг өткөрүүгө Конституциялык укугубуз жана тынчтык митинги тууралуу мыйзам бар. Анда митинг өткөрүүнүн эрежелери болот. Эл үнүн тынчтык жолу менен, куралсыз жеткириши керек. Талаптарды чогулуштар менен чечишибиз шарт. Алдын ала эскертүү жөнөтүү зарыл", - дейт Жээнчороев.

КЕЛДИБАЕВ: "Айтылган көйгөйлөр чечилбей жаткандыктан эл жол тосууга аргасыз болуп жатат"

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев билдиргендей, өкмөт тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүктөн жол тосуу, жөө жүрүштөр болуп жатат. "Мамлекет эгемендүү болгондон бери эле элдин көйгөйлөрү айтылганы менен чечилбей келет. Ага карата өкмөт чечкиндүү чараларды көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Антпесе жол тосууга аргасыз болушат. Эл үнүн бийликке жеткирүү үчүн жол тосуу, митинг өткөрүп, көйгөйлөрүн айтышат. Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөр киргизилген. Анда жол тоскондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Элдин азыр бийликке болгон ишениминин төмөндүгү, сот адилеттүүлүгүнүн жоктугу, коррупциянын күчөп кеткендиги калкты ушундай кадамдарга түртүп жатат. Бийлик жол тосууга жеткирбей элдин үнүн угушу шарт", - дейт Келдибаев.

АБДИРАСУЛОВА: "Жолду тоскондор, уюштургандар мыйзам алдында жооп бергенге моралдык жактан даяр болушу керек"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова белгилегендей, кээ бир учурда мыйзам адам укугун бузуп калат. "Мыйзам жарандар үчүн жазылат, ошол себептен ага баш ийип жашаш керек. Бирок мыйзам адамдардын укугун бузган убакта жарандар жарылып чыгып, Конституцияны өзгөрткөнгө аракет кылышат. Мен Кыргыз өлкөсүндө жолду тосуу аракетинин болушун каалабайм. Жол стратегиялык объект болуп эсептелет. Ал жолдон түрдүү адамдар өтөт. Арасында оорулуулар, жакындарын акыркы сапарга узаткандар өтөт. Мен укук коргоочу катары жолдун тосулушуна каршымын. Бирок эл үнүбүз угулсун деп, мыйзам бузуп жатканын билип туруп жол тосушат. Жолду тоскондор, уюштургандар мыйзам алдында жооп бергенге моралдык жактан даяр болушу шарт", - дейт Абдирасулова.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Жолду тосуу мыйзамсыз болуп калат"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров белгилегендей, жолду тосуу мыйзамсыз болуп калат. "Бийлик элдин үнүн угуп, диалогго келиши керек. Тегерек стол же башка тынчтык жолу менен элдин көйгөйлөрүн угушу зарыл. Жол тосууга жеткирбөө шарт. Солтон-Сарыдагы митингге чыккандар эмоцияга алдырып жатышат. Бул маселени тез арада талкууга алып, бир жыйынтыкка келүү абзел", - дейт Токтонасыров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан