КҮНСОБОЛ: Өкмөттүн 2020-жылга карата бюджет долбоорунда казынанын тартыштыгы дээрлик 10 миллиард сомду түзөт. Сооронбай Жээнбеков элге үгүт маалында бюджетти толтуруунун жолдорун билем деп айткан. Эки жыл ичинде ал убада аткарылдыбы?

Кечээ, 14-ноябрда Жогорку Кеңеш 2020-жылдын бюджетинин долбоорун биринчи окууда карады. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 миллиард 945 миллион сомду түзө турганын билдирди.

2017-жылы президенттик шайлоого үгүт учурунда азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бюджетти толтуруунун жолдорун биле турганын айтып, ички ресурстары бар экенин билдирген.

SUPER.KG порталы "Өкмөттүн 2020-жылга карата бюджет долбоорунда казынанын тартыштыгы дээрлик 10 миллиард сомду түзөт. Сооронбай Жээнбеков элге үгүт маалында бюджетти толтуруунун жолдорун билем деп айткан. Эки жыл ичинде ал убада аткарылдыбы?" деген собол салды.

МАМАТАЛИЕВ: "Бюджеттин тартыштыгы азайып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бюджеттин тартыштыгы жыл сайын азайтылып жатканын билдирди.

"2-3 жыл мурун бюджет тартыштыгы 20 миллиард сом болчу. 2018-жылы 10 миллиард сомго түштү. 2019-жылы 9 миллиард сомдон ашык болду. 2020-жылы 9 миллиард 945 миллион сомду түзөт. Ал эми 2021-жылы бюджет тартыштыгын нөлгө түшүрөйүн деп жатышат. Президенттин айткан сөзүн уккан эмесмин. Маалымат боюнча, бюджет тартыштыгы түшүп келе жатат. Менин оюмча, убада аткарылып жатат", - дейт Маматалиев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Биздин бюджетибиздин чыгаша бөлүгү киреше бөлүгүнө караганда бир топ жогору турат"

Экс-депутат Равшан Жээнбеков өлкө башчы өзүнүн убадаларын аткара алган жок деген пикирде. “Кыргыз өлкөсү жакыр мамлекеттердин бири. Биздин бюджетибиздин чыгаша бөлүгү киреше бөлүгүнө караганда бир топ жогору турат, аны толтуруу мүмкүн эмес. Экинчиден бюджеттин баарында эле ушундай жетишпеген тартыштык болот.

Тартыштыкты атайын коюп койгон учурлар да болот. Жалпысынын аны бербей деле министрликтердин чыгашаларын азайтып коёт же болбосо кайсы бир статьяларды кесип, ошол жол менен чыгып кете берет. Бирок негизинен өлкө башчы берген убадаларын аткара алган жок, ал мүмкүн эмес. Үгүт маалында айтылган сөздөрдү, убадаларды шайлоо убагындагы риторика деп коёт, мындай айтканда бул кур сөз”, - дейт Жээнбеков.

ЖАМАЛДИНОВ: "Казынанын тартыштыгы боюнча маселеге президенттин тиешеси жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов казынанын тартыштыгы боюнча маселеге өкмөт жооп бериш керек деген пикирде.

"Бул маселеге президенттин тиешеси жок, өкмөттүн тиешеси бар. Өкмөт экономиканы өстүрүү, Кыргыз мамлекетинин бюджетин көбөйтүү булактарын издеп табыш керек", - дейт Жамалдинов.

ЖАПАРОВ: "Президенттин бюджетти толтуруу убадасы аткарылып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров убада аткарылып жатат деген оюн айтты.

"Бюджетти толтуруп жатышат. Эки жылдан бери Сооронбай Жээнбековдун айткан сөзү менен биз жалаң өзүбүздүн алган кирешебиз менен гана жашап келе жатабыз. Бюджет тартыштыгы жок турмуш курсак болот. "Бир Бол" фракциясы бюджет тартыштыгын жоюу боюнча өзүнүн сунушун берди. Андан тышкары, бюджеттин киреше бөлүгүн 25-30 миллиард сомго көбөйтүү жолдорун айтып бердик. Бюджет боюнча мыйзам долбоору экинчи окууга келгенде, 25-30 миллиард сомду жалаң өнүгүүгө жумшайлы деген сунушубузду беребиз", - дейт Жапаров.

ЗУЛПУКАРОВ: "Буга чейин бюджеттин тартыштыгы 20 миллиард сомду түзгөн. Жылдан жылга бюджеттин тартыштыгы азайып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров президенттин убадасы аткарылууда деген пикирде. "Буга чейинки бюджеттин тартыштыгы 20 миллиард сомдон ашык болуп келген. Былтыр бюджет боюнча мыйзам долбоору 2019-жылга карата 10 миллиард сом тартыштык менен кабыл алынган. Азыр бюджеттин тартыштыгы 10 миллиард сомго жеткен жок. Бул мыйзам долбооруна Жогорку Кеңеш эки жолу өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.

Экономикага жооп берүүчү орган бул өкмөт. Бүгүнкү күндө президент Жогорку Кеңеш, өкмөт менен биргеликте жалпы мамлекеттин саясатын жүргүзүп жатат. Президент өкмөткө жардам берип жатат деп айтсам жаңылышпайм", - дейт Зулпукаров.

ШЕСТАКОВ: "Баарына президентти күнөөлөй берген туура эмес"

Саясат таануучу Игорь Шестаков бул маселеде жалгыз эле президентти күнөөлөгөн туура эмес деген пикирде. "Үгүт маалында айтылган сөздөр ал бир топтун же команданын берген убадалары болуп калат. Сооронбай Жээнбеков жаңы президент болгон кезин, тагыраагы, 2018-жылдын жаз мезгилин эстесек, ал учурда мурунку президент Алмазбек Атамбаев баш болгон КСДП жана анын тарапташтарынын ортосунда тирешүү башталган. Мындан улам, президенттин алгачкы 1 жарым жылы өзүнүн командасын түзүүгө кетти.

Учурда өкмөттү эффективдүү деп айтууга болбойт. Себеби Конституция боюнча негизги оорчулук жана экономикалык программалардын аткарылышы өкмөткө жүктөлгөн. Ал эми учурда өкмөттүн иши канааттандыраарлык эмес.

Менин оюмча, өлкө башчы коррупция менен күрөшүүнү сөз менен эмес иш менен көрсөттү. Себеби буга чейин бир дагы премьер-министр тергөө абагына түшкөн учур болгон эмес. Учурда бир эмес, эки премьер-министр камакта отурат. Мындан башка да чоң жетекчилерге кылмыш иштери ачылып, соттор болуп жатканын баарыбыз билебиз. 1993-жылдан бери өсүп-өнүп келген коррупцияны 2 жылда жеңүү өтө эле кыйын. Өкмөт, парламент жана президент биргеликте иш алып барганда гана чоң жыйынтыктар болот. Мындан улам, баарына өлкө башчыны күнөөлөп коюу такыр туура эмес.

Эң негизгиси айрым саясий күчтөр тарабынан баш аламандыкты орнотуу аракеттери ишке ашкан жок, ал жаатта өлкө башчы өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактай алды. Стабилдүүлүк - бул өлкөгө инвестиция келет жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр жакшырат дегенден кабар", - дейт Шестаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан