КҮНСОБОЛ: Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?

Кыргыз жеринде акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Буга байланыштуу коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Балдардын дээрлик баары ур-токмоктон каза болгон жана ата-энеси башка жакта иштегени үчүн туугандарынын көзөмөлүндө калган. Болгону бир ай аралыгындагы окуялар жана ага өкмөттүн мамилеси жарандык коомдо кыжырданууну жаратууда. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок маселе бийликтин деңгээлиндеги актуалдуу маселе катары карала элек.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?" деген собол салды.

АЛТЫБАЕВА: “Аймактык милициялардын жана социалдык кызматкерлердин ишин күчөтүү керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева өкмөт үй-бүлөдөгү балдарга карата зордук-зомбулукка каршы текшерүү иштерин жүргүзүүсү керек экенин айтты.

“Балдарга карата жасалып жаткан зордук-зомбулуктун алдын алууга аймактык милициялардын жана социалдык кызматкерлердин ишин күчөтүү керек. Бирок балдарга карата зордук-зомбулук жакын адамдары тарабынан эле болуп жатканы өтө өкүнүчтүү. Ошондуктан өкмөт балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукка каршы көп текшерүү иштерди жүргүзүүсү зарыл. Мындан 1,5 жыл мурда депутаттар тобу балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам долбоорун киргизген. Анын иштөөсүнө кошумча 25 миллион сом каражат керек болгонунан бюджеттен бөлдүрүп бергенбиз. Бул жакта баланы тарбиялап, өстүрүүдө ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуу керек. Чет жакка кетип жаткан мигрант ата-энелер балдарын кимге таштап жатканын жана анын коопсуздугун ойлоп таштоосу зарыл. Балдарга карата зордук-зомбулукка каршы дагы жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Ата-эне баласын ишенип таштап жаткан тууганына же жакынына 3 ай ишеним менен таштоого гана укугу болот. Анткени бала 3 жашка чейин бирөөнүн колунда калса ата-энесин сагынат. Эгерде ата-эне чет жакта жумушуна байланыштуу кармалып калса, камкордукка алган адамдын кароо мөөнөтүн дагы узартууга болот. Бул мыйзам долбоору жакында ишке кирет. Учурда жумушчу топ иштеп жатат”, - деди Алтыбаева.

БЕКЕШЕВ: “Өкмөт өзү чече албайт. Буга коомдук көзөмөл болушу керек”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев балдарга карата зордук-зомбулук көп учурда бала кароосуз калганда башталат дейт.

“Балдарга карата зордук-зомбулук көп учурда бала ата-энесиз кароосуз калганда башталат. Мындай иштерди токтотуу үчүн экономикалык кадамдарды кылуу керек. Анткени ата-эне жан багуунун айласын издеп, балдарын туугандарына таштап, чет жактарда мигрант болуп жүрөт. Мамлекет тараптан балага карата ата-эненин жоопкерчилигин оорлотуу деле жакшы жыйынтык бербейт. Ошондуктан өкмөт ички жумуш орундарын түзүшү зарыл. Ал эми ата-энеси тарабынан зордук-зомбулукка кабылган балдарды мамлекет өз камкордугуна алуусу керек болот. Ошондой эле баласына кордук көрсөткөндөрдү ата-энелик статусунан ажыратып, соттош керек. Азыркы учурда балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулук коомдогу эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат. Мамлекет же өкмөт өзү чече албайт. Буга жалпы коомдук көзөмөл болушу шарт”, - деди Бекешев.

ШЕР-НИЯЗ: "Балдардын зордук-зомбулукка кабылышынын тамыры терең, бул жаатта эски механизм менен иш алып барган туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз өкмөт жасап жаткан иш-чаралар жетишсиз болуп жатат деген пикирин айтты.

"Мурун мындай көрүнүштөр жаап-жашырылып келген. Азыр маалымат булактары көбөйүп эмне болуп жатканы айтылып, негизгиси коом мындай нерсе туура эмес экенин сезип, билип жатат. Маселе канчалык көп болуп жатса, ал тууралуу маалымат телеканалдар аркылуу, ММК аркылуу элге жайылышы керек. Тийиштүү министрликтер менен балдарга байланыштуу маселе комитетте көтөрүлөт, бирок аны аткаруу бюджетке келип такалса керек. Азыр коом да өзгөрүп, жаңы нукка кирип жатат. Биз эски механизм менен иштеп калганбыз. Алдын ала билүү мүмкүнчүлүгүн түзө турган механизм менен иштешибиз керек. Чет өлкөгө кеткен ата-энелердин балдары бар. Аларды чоң эне, чоң атасы канчалык жакшы көрбөсүн бала психологиялык жактан жапа чегет. Балдарга карата зомбулуктун тамыры өтө терең. Ошондуктан социалдык институттар иштеши керек", - деди депутат.

МАМЫТОВ: "Балдарды зомбулуктан куткаруу боюнча жергиликтүү бийлик тиешелүү деңгээлде иштей албай жатат"

Акыйкатчы Токон Мамытов балдардын кандай шартта жашап жатканын билген жергиликтүү бийликте жоопкерчилик чоң деген пикирин айтты.

"Сузак районундагы балдар ооруканасында, Жети-Өгүздөгү баланыны өлүмү, Жумгалдагы 4 жашар кыз жана 7 жашар баланын өлтүрүлүшү боюнча облустарда биздин өкүлчүлүктөр жергиликтүү бийлик органдары менен иш жүргүзүп жатат. Бул жергиликтүү бийлик органдарынын кетирген кемчиликтери. Жергиликтүү бийлик органдары балдарды көзөмөлдөбөй, тийиштүү деңгээлде иш жүргүзө албаганын кайдыгер мамиле жасалып жатабы деп ойлоп жатабыз. Кайсы үй-бүлөдө ата-энеси балдарын таштап чет өлкөгө кеткенин билет. Тийиштүү кызматкерлер балдарды кудасы, курбусуна таштап кетип жаткан учурларды текшерип, анын ден соолугунан, балдар мектепке барып жатабы кабар алып турушу керек. Эң биринчи жергиликтүү бийликтин тиешелүү деңгээлде иштей албаганы болуп жатат. Парламент, өкмөт иштебей жатат деп айткан дагы туура эмес. Алар Жумгалдагы зөөкүрдү билмек беле? Отчётту өкмөткө иштеп жатабыз деп беришет, бирок биз кандай иш болуп жатканын көрүп жатпайбызбы", - деди акыйкатчы.

НИЯЗОВА: "Өкмөт балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча иш алып барбай, бул багытта өзүн мактоо менен алек болууда"

Журналист Махинур Ниязованын пикиринде, балдарга карата зордук-зомбулук маселесин тез арада чечүү мүмкүн эмес.

"Биздин өкмөт балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча иш алып барбай, бул багытта өзүн мактоо менен алек болууда. Бул маселеде өкмөт сөзсүз түрдө чараларды көрүшү керек. Энелер балдарын бейтааныш адамдарга калтырып, акча табыш үчүн чет өлкөгө кетүүгө мажбур. Мында жоопкерчилик өкмөттүн моюнунда.

Социалдык кызматкерлер калтырылган балдардын жашоосуна жана тагдырына көңүл бурбай жатышат.
Балдар оор абалда калды, ата-энесиз тарбия алууда. Балага бир нерсе болмоюнча, ал тууралуу эч ким билбейт. Биз азыр канча бала бейтааныш адамдардын колунда тарбияланып жатканын билбейбиз.
Албетте, бир-эки айда бул маселени чечүү мүмкүн эмес. Көйгөй өтө терең. Кыйла убакытты уттурдук. Жоопкерчилик азыркы социалдык өнүктүрүү министринде гана эмес. Ага чейинки жетекчилерде да күнөө бар. Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам менен чуркабай, ата-энесиз калган балдардын маселесин чечиш керек болчу. Аялдар кетпеши үчүн өлкө ичинен шарт түзүш керек. Маалымат канчалык туура, билбейм, бирок учурда чет өлкөлөргө эркектер эмес, аялдар көп кетишүүдө, анткени эркектер өздөрү үй-бүлөлөрүн бага албай жатышат", - деди Ниязова.

МАКЕНБАЕВА: "Балдар шайлоочу эмес, алардын үнүн эч ким укпайт"

Эксперт Бурул Макенбаева социалдык саясатты жүргүзүүдөгү кемчиликтер, миграция маселеси балдардын зомбулукка кабылышын шарттап жатканын айтты.

"Балдардын зомбулукка кабылышынын бир нече себептери болуп жатат. Биринчиден, биздин мамлекет экономиканы миграцияга багыттап жатат. Макроэкономикалык деңгээл мамлекеттин ичинде экономиканы өнүктүрбөй адамдарды башка мамлекеттерге өзүңөр нан таап келгиле деп жөнөтүп жатат. Мамлекет өзүнүн түйшүгүн мигранттардын жонуна илип коюп, мигранттардан канча акча түшүп жатканын мактанып айтып жатат. Мунун артында кандай кыйынчылыктар турат, үй-бүлөлөр кандай жоготууга учураганын, балдар көзөмөлсүз калганын эсептеген жок. Экинчиден, жакырчылыкта же оор абалда калган үй-бүлөлөргө комплекстүү жардам жок болууда. Анткени социалдык өнүктүрүү министрлигинин өзүнүн көз карашы жок, Жогорку Кеңешке батпай калган адамдарды улам эле коюп жатат. Ошон үчүн пландалган саясат жок болууда. Буга чейинки министрдин эмне менен алектенгенин көрдүк. Бул жаатта жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянып саясат жүргүзүү керек. Изилдөөлөрдө азыркы шартта жөлөк пулга муктаж болгондордун 60 пайызы социалдык колдоо алуу боюнча тизмеге кирбей калган. Азыркы социалдык колдоо аларга багытталбай жатат. Жөлөк пул алуучуларды аныктоочу комиссия да коррупцияланышып кеткен. Үч, үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүүчү мыйзам бар эле. Ал бир жыл мурун токтотулду. Каржы министрлиги жөлөк пул берүүгө бюджетте каражат бар экенин айтканына карабастан мыйзам токтоп калган. Мыйзамды аткаргыла деп 120 депутаттын ичинен Наталья Никитенко, Карамат Орозова, Аида Касымалиева эле чыккан. Балдар шайлоочу эмес. Ошондуктан алардын үнүн эч ким укпайт. Ким кыйкырып, митинг уюштурса ошолорго көңүл бурулат", - деди ал.

ОШУРАХУНОВА: “Эксперттер балдардын укугу боюнча атайын программаларды иштеп чыгуусу керек”

Укук коргоочу Динара Ошурахунова бир күндүк максаттар менен бул маселе чечилбей турганын айтты.

“Бала бакчаларда, мектептерде агартуу иштерин жүргүзүп, билим берүүнүн сапатын көтөрүү керек. “Коопсуз шаар” долбоорун дагы тез арада ишке ашыруу зарыл. Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу керек. Ал үчүн эксперттердин катышуусунда конференция өткөрүп, башка мамлекеттерде балдардын укугу кантип корголуп жатканын карап көрүү шарт. Илимдүү адамдар, эксперттер балдардын укугу боюнча программаларды иштеп чыгып, көп жактуу иштер жүргүзүлүшү керек. Ошол эле учурда токтом чыгарып аялдар балдарын таштап чет мамлекеттерге барып иштебеши керек деген болбойт. Алар жыргаганынан мигрант болуп кетип жаткан жок, бул жактан жумуш таба албай ошол жакка кетип жатат. Ошону менен катар эле үй-бүлө курууну пландоо керек. Балдардын ден соолугу жакшы төрөлүүсү үчүн дарыгерлерге көрүнүп туруу зарыл”, - дейт Ошурахунова.

КАНАТБЕК АЗИЗ: “Балдарга болгон зордук-зомбулукту азайтуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү керек”

Саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиздин айтымында, балдарга карата зордук зомбулукту токтотуу боюнча бир гана өкмөт аракет кылышы керек деген туура эмес.

“Зордук-зомбулук көбүнчө үй-бүлөдөн чыгууда. Балдардын ата-энесин, тууганын мамлекет көзөмөлгө алуусу кыйын деп ойлойм. Бирок жоопкерчилик жагын күчөтсө зордук-зомбулук азаймак. Казакстанда педофилдерге карата мыйзамдуу түрдө химиялык кастрация ыкмасы киргизилген. Мындан улам зордук-зомбулук азайса керек. Жоопкерчиликтер күчөтүлмөйүнчө кылмыштар азайбайт”, - дейт Канатбек Азиз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан