Кыргыз элинде президенттер мөөнөтү бүткөнгө чейин "ажыдаар" болуп калат деген түшүнүк калыптанып калган. Ажыдаар тууралуу уламышты Алмазбек Атамбаев оппозиционер кезинде да, президент кезинде да такай айтып келген.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президенттерибизди ажыдаарга айлантпоонун кандай рецепттери бар?" деген собол салды.
КАРАМУШКИНА: "Президенттерди көбүнчө ага кызмат кылган аппарат жана айланасындагылар "ажыдаарга" айландырат"
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президенттерди көбүнчө ага кызмат кылган аппарат жана айланасындагылар “ажыдаарга” айландырарын айтты.
"Президенттин ачуусунан корккон бөлүм башчылары чындыкты жашырып, ага бурмаланган маалыматты жеткиришет. Конституцияга ылайык, президенттин бир гана мөөнөтү бар, ал тышкы саясатка көбүрөөк көңүл буруш керек. Алмазбек Атамбаев өзүнүн мисалында туура үлгү көрсөттү. Эгер президент бир мөөнөттүн ичинде ажыдаарга айланса, кийинки мамлекет башчы “ажыдаарды торго” киргизүү процессин башташы мүмкүн. Эми ар бир президент кийинкиге өлкөнү экономикалык, маданий жана саясий жактан өнүгүп жаткан абалда өткөрүп бериши керек, анткени ал мамлекетти жана элди мындан ары да өнүктүрүш керек", - деди Карамушкина.
БЕКНАЗАРОВ: "Президент бир жылда элдин алдында отчёт берип турса ажыдаарга айланбайт"
Саясатчы Азимбек Бекназаров белгилегендей, Конституцияда жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу деп жазылганы менен бул мыйзам иштебейт.
"Эл шайлаган президент менен Жогорку Кеңеш элдин, шайлоочулардын алдында отчёт берип турушу керек. Жок дегенде жыл сайын өздөрүнүн аткарган иштери боюнча отчёт берип турса эч убакта ажыдаарга айлана албайт. Тилекке каршы, биздин Жогорку Кеңеш, президентибиз дагы өзүнүн шайлоочуларына акыркы 10 жылдын ичинде отчёт бербей калды. Ошондуктан Туруктуу элдик кеңеш курултай институту аркылуу президенттин, Жогорку Кеңештин жыл сайын отчёт берип турушун сунуштаганбыз. Алар "2" деген баа алып калбайлы деп курултайдан коркот. Курултайда алардын иши "канааттандырарлык эмес" деп табылса, президент кызматтан кетет же Жогорку Кеңеш таркайт", - деди Бекназаров.
НАРЫН АЙЫП: "Президент өзү ажыдаарга айланып кетпей турган адам болушу керек"
Журналист Нарын Айып 3 бийлик бутагы бири-бирине баш ийбеген, көз карандысыз болушу шарт деген пикирде.
"Президент өзү ажыдаарга айланып кетпей турган адам болушу керек. 3 бийлик бутагы бири-бирине баш ийбей иштеши шарт. Аткаруучу бийлиги, мыйзам чыгаруучу бийлиги жана сот бийлиги. Президент дагы өзүнүн кызыкчылыгын коргобой иштесе жакшы болот. Баары туура иштеш үчүн бири-бирине көз каранды болбой иштеши керек. Бийликтегилер өзүнүн гана кызыкчылыгын эмес, бүткүл коомдун кызыкчылыгын карай турган адам болсо жакшы болот. Сот, парламент, өкмөт же президент аша чаап баратканда башка бийлик бутактары ооздуктап коюусу зарыл", - дейт Нарын Айып.
МОЛДАЛИЕВ: "Президенттик шайлоо алдында досун талапкер катары көрсөткөндө эле "Атамбаев ажыдаарды жеңе албады" деп айткам"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин айтымында, президент ажыдаарга айланбашы үчүн бийлик атайын 3 бутакка бөлүнгөн.
"Президенттик шайлоо алдында досун талапкер катары алып чыкканда эле “Атамбаев ажыдаарды жеңе албады” деп айткам. Ажыдаарга айланган баатыр жөнүндө Корей мультфильми бар. Менимче, Атамбаев ошону көргөн окшойт. Бирок өзү да убадасында турган жок. Исламда бул уламыштын негизги маанисин “напси” деп коёт. “Напсиңди тыя албасаң болбойт” деген эле нерсе. Ошол ажыдаарды өлтүргөнү үңкүргө кирген баатыр аны өлтүрөт экен. Бирок ал жердеги алтын, күмүштөрдү көргөндө бузулуп, өзү ажыдаарга айланып калат. Бул азыркы замандагы бийлик менен байлык да. Ошондуктан бийликти 3 бутакка бөлүү маселеси келип чыккан. Мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, сот бийлиги бар. Анан да 4-бийлик деп журналисттерди айтып коёбуз. Мына ушулар бири-бирин көзөмөлдөп турушу үчүн ойлоп табылган. Аскар Акаев бийликке келип 15 жыл башкарып жиберди. Анан Курманбек Бакиев келгенде анын балдары башкарып алды. Адилеттүү бийлик жүргүзгөн адам өтө чанда кезигет. “Бийликтин бардык түрү адамды бузат” деген сөз бар. Адамдын табияты ушундай. Жогорку Кеңеште оппозиция начар болуп жатат. Азыр бюджет, коопсуздук маселелери оппозициянын колунда. Бирок алар муну пайдаланган жок. Оппозиция жок болсо бийликке жакшы да. Мындан элитанын начардыгын байкоого болот. Жаңы президент бийликке келгенде андан кызмат күтүп, бардыгы саясатчыга, саясат таануучуга айланып алышат. Демократияны кура тургандар жок болуп жатат. Улутубуздун аң-сезиминин өспөй жатканынын негизги себеби мына ушул болууда", - деди Молдалиев.
БУКАШЕВА: "Президентти Жогорку Кеңеш ажыдаарга айлантууда"
Журналист Бермет Букашеванын айтымында, президенттин ажыдаарга айланышына Жогорку Кеңештин тил алчаак болушу - башкы себеп.
"Жогорку Кеңеш көз каранды болбошу керек. Парламент чыныгы реалдуу бийликтин бир бутагы кызматын так аткарууга тийиш. Конституцияда ошондой жазылган, бирок турмушта андай болбой жатат. Депутаттар качан "тил алчаак" болгонду токтотушса ошондо президенттерибиздин ажыдаарга айланганы токтойт. Азыр эл Жогорку Кеңеш бийликтин бийин бийлеп жатат деп айтууда. Мисалы, акыйкатчыны "акүйкатчы" деп аташты. Эмне үчүн акыйкатчы кызматына Рита Карасартова менен Канатбек Азизди шайлашкан жок? Жарандык активисттерди шайлабай мурдагы чекистти шайлашты. Жогорку Кеңеш президентти өздөрү ажыдаарга айландырып жатышат", - деди Букашева.
БУЛАТОВ: "Президенттер коркпой кадам таштап иштеши зарыл"
Укук коргоочу Качкын Булатов ар бир президенттин өзүнүн эрки боло турганын айтты. "Элим, жерим деп күйгөн президенттер дүйнө жүзүндө аз болот. Көпчүлүк президенттер өзү жеке, үй-бүлө кызыкчылыгына батып кетет. Президент болуп шайланганга чейин убадаларды бере беришет. Шайлангандан кийин жеке кызыкчылыктарын көздөп калат. Мамлекет башчы байлык чогултуу менен алек болбошу керек. Ошондой эле мыйзамдуулукту бузбай, адамдын укугун тебелебеши керек. Эрки күчтүү президент болсо ага эч кимдин жардамы кереги жок. Өлкө башчысы болуп, бирөөнү күнөөлөп, чындыкты сүйлөгөн кишини куугунтуктаганы туура эмес. Ошол кемчиликти оңдогонго аракет кылышы абзел.
Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жыл болду. Баарыбыз колдоп жатабыз. Бирок ишинин натыйжасы байкала элек. Саясий куугунтук менен абакта жаткан саясатчылар дале эркиндикке чыга элек. Президент коркпой кадам таштап иштеши зарыл", - дейт Булатов.