КҮНСОБОЛ: Аткаминерлерди кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керекпи? Болсо кандай жоопкерчиликке?

Кыргыз өлкөсүндө кош жарандыгын жашырган айрым мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Президент, Жогорку Кеңештин депутаты, премьер, сот кызматтарына бара жаткан жарандарды кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керекпи? SUPER.KG порталы алар кандай жоопкерчиликке тартылышы керек дегендин үстүнөн собол салды.

БЕКЕШЕВ: "Конституцияда кош жарандыгы бар адамдын жогорку кызматка келишине тыюу салынган. Бирок жоопкерчиликке тартуу көрсөтүлгөн эмес"

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев жогорку кызматка бара жаткан адамды кош жарандыгы бар экенин жашырганы үчүн жоопкерчиликке тартуу мыйзам долбоору даярдалганын айтты. "Мыйзам долбоорунда эгер президенттикке талапкер же Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жалган же жасалма документтерин көрсөтсө, кош жарандыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырса, 1 жарым жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле 300 миң сомго чейин айып пул салынат. Ушундай эле жаза сот кызматына, саясий мамлекеттик кызматтарга талапкерлерге сунушталууда. Конституция боюнча кош жарандыгы бар адамдардын жогорку кызматка барышына тыюу салынган. Бирок жоопкерчиликке тартуу көрсөтүлгөн эмес. Жалган маалымат бергендер жумуштан эле алынат. Бирок ал буга чейин айлык алган, бир топ ар кандай сыр маалыматтар менен иштешкен да. Негизи 2011-жылы ушундай мыйзам долбоорун иштеп чыккам, бирок аны эч ким колдогон эмес. Эми Жогорку Кеңештин VI чакырылышында кош жарандуулук боюнча эки факты катталган үчүн кайрадан бул мыйзам долбоорун даярдаганга туура келди", - дейт Дастан Бекешев.

САМАЕВ: "БШКга жасалма документ тапшырып, максаттуу түрдө атайын мамлекетти алдаган - чоң кылмыш"

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Урматбек Самаев президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты жана башка жогорку кызматтагы адамдарга мамлекеттик сыр маалым жана жеткиликтүү болот деген пикирде. "Ошондуктан кош жарандыгы бар экенин жашырып, жогорку кызматка барган адам жоопкерчиликке сөзсүз тартылышы керек. Себеби бул түздөн-түз мамлекеттик коопсуздукка кол салуу болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясына жасалма документ тапшырып, максаттуу түрдө атайын мамлекетти алдаган - чоң кылмыш. Жазасы катары административдик айып пул же башка жеңил жаза эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы зарыл деп ойлойм", - деди Самаев.

БОКОЕВ: "Кош жарандыгы бар экенин жашырып, жогорку кызматка барган адам толук жоопкерчиликке тартылышы керек"

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев президент, Жогорку Кеңештин депутаты башка мамлекеттин жараны болбошу керек деген оюн айтты. "Буга бүгүнкү күндө да мыйзамда тыюу салынган. Алар башка мамлекеттин жараны болгонун жашырган болсо, толук жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Ошондой эле азыр мен мурда соттолгон жарандарды президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына келүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун даярдап жатам. Укук коргоо органдарына жумушка кириш үчүн бир жыл соттолгон адам соттолгондугу жоюлган болсо дагы жумушка кире албайт. Ал эми ошол эле учурда мурда 10 жылга соттолуп, бирок соттолгондугу жоюлган адам депутат боло алат. Мен оор кылмыш кылган адам депутаттыкка талапкер боло албайт деген норма киргизип жатам. Мындан тышкары президент болуу үчүн жогорку билими сөзсүз түрдө болушу керек деген норма киргиздим", - деди Бокоев.

БЕКМАТОВ: "Кош жарандыгын жашырып, жогорку кызматка баргандарга азыркы күндө жоопкерчиликке тартуу нормасы жок"

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов азыркы учурда кош жарандыгы бар экенин жашырып, жогорку кызматка баргандар боюнча жоопкерчиликке тартуу нормасы жок экенин белгиледи. "Бул суроо БШКга караштуу эмес. Биз жоопкерчиликке тарта албайбыз. БШК бул маселени карай турган мамлекеттик орган эмес. Кылмыш жана Жаза кодексинде, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде дагы жоопкерчиликке тартуу каралбаптыр. Ошондуктан депутат Дастан Бекешев тарабынан мыйзам долбоору сунуш кылынып жатат. Андан сырткары президенттин жарлыгы менен шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ аталган кодекстерге жоопкерчиликке тартуу нормасын киргизүүнү сунуштап жатат. Анын ичинде талапкер кош жарандыгы бар экенин жашырып, туура эмес маалымат берип койгон болсо, анда талапкер менен саясий партиялардын дагы жоопкерчилиги каралат", - дейт Бекматов.

ОШУРАХУНОВА: "Кош жарандыгы бар адамды жогорку кызматка бара жатканда изилдөө иштери жүргүзүлүшү керек"

Укук коргоочу Динара Ошурахунова башка мамлекеттин жараны жогорку жоопкерчиликтүү кызматтарга чыгарылбашы керектигине токтолду. "Кош жарандыгы бар адамдар эмне үчүн жогорку кызматка чыгарылып жатат? Бир дагы өлкөнүн мыйзамында кош жарандуулук деген маселе жок. Кош жарандуулук мыйзамсыз. Бизде Казакстан же башка өлкө менен кош жарандуулук деген келишим түзүлгөн эмес. Андай мыйзам да жок. Жогорку кызматка көрсөтүлүп жаткан талапкер боюнча изилдөө иштерин жүргүзүш керек. Кызматка келгенден кийин текшерген туура эмес. Эгерде кызматка келгенден кийин кош жарандыгы бар экени такталса, тез арада жумуштан бошотулушу зарыл. Элдин, өлкөнүн тагыдырын чече турган кызмат болсо, башка өлкөнүн жараны болбош керек", - деген пикирде Ошурахунова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан