Өткөн жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга азайды. Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай, өлкөдө өзгөчө инвестиция тартуу тарабы солгун деп сындап келишет. Фракциялык жыйындардын биринде өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендигин айтышкан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эмне иш жасады?" деген собол салды.
БЕКЕШЕВ: "Инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган мыйзамдардын аткарылышы көйгөй жаратып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты
Дастан Бекешев билдиргендей, 2018-жылы январь айына салыштырмалуу быйыл инвестициянын көлөмү 14 пайызга төмөндөдү.
“Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алат. Азыр мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк мыйзам долбоорлорун карап жатабыз. Бул мыйзам долбоору күчүнө кирсе, ошол аркылуу инвестицияны тартса болот. Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу жактан жардам бере алат. Бирок мыйзамдардын аткарылышы көйгөй жаратып жатат. Укук коргоо органдары инвесторлорду чукулап, суракка чакырганы терс таасирин тийгизүүдө. Статистикага ылайык, 2018-жылдын январь айына салыштырмалуу быйыл инвестициянын көлөмү 14 пайызга төмөндөдү. Демек, салыктан акча түшпөй калат. Салыктан акча түшпөсө бюджетте тартыштык болот”, - деди Бекешев.
ЧОЛПОНБАЕВ: "Жогорку Кеңеш өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эч нерсе жасаган жок"

Коомдук ишмер
Мукар Чолпонбаев мыйзамдар туруктуу эмес болуп жатканын айтты.
“Менин оюмча, азыркы Жогорку Кеңеш өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эч нерсе жасаган жок. Бизде инвестициялык климат толук бойдон жакшырып кетти деген ойдон алысмын. Инвестициялык климатты жакшыртууга мыйзамдарыбыз туруктуу эмес экенин көрсөттү. Ишке кирген сот реформасына байланыштуу болгон 5 кодекс, 2 мыйзамдын көп кемчиликтер менен пайда болгону, толкундоолорду алып келгени инвесторлордун ишеничин кетирип жатат. Инвестициянын көлөмүнүн төмөндөп кеткенинин бирден бир себеби мыйзамдардын туруктуу эместиги болуп саналат”, - дейт Чолпонбаев.
САРЫБАЕВ: "Жогорку Кеңеш шайлап берген өкмөт мүчөлөрү инвесторлорду качырды"

Экономист
Айылчы Сарыбаев өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эч кандай аракеттер жасалган жок деген пикирде.
“Инвестициялык климатты өкмөт, күч органдары жакшыртышы керек. Чет өлкөдөн келген инвесторлордун коопсуздугун өкмөт, күч органдары камсыз кылышы шарт. Тескерисинче, Жогорку Кеңеш шайлаган өкмөт мүчөлөрү инвесторлорду качырды. Биздин өлкөгө ишенимди начарлатышты. Бул Жогорку Кеңештин чабалдыгы, алар дайындаган өкмөт мүчөлөрүнүн чабалдыгы деп эсептеш керек”, - дейт Сарыбаев.
ЖАМАЛДИНОВ: "Бизде башка мамлекеттерге караганда инвесторлорго жакшы шарттар түзүлгөн"

Жогорку Кеңештин депутаты
Зиядин Жамалдинов белгилегендей, Кыргыз мамлекетинде жумуш күчү, электр энергия, салык арзан болуп инвесторлорго жакшы шарттар түзүлгөн.
“Жогорку Кеңеш инвестицияны тартуу жана жакшыртуу боюнча мыйзам чыгарат. Биз инвесторлорду тартпайбыз. Менин билишимче, бизде башка мамлекеттерге караганда инвесторлорго жакшы шарттар түзүлгөн. Кыргыз мамлекетинде жумуш күчү, электр энергия, салыктар арзан. Ушундай жеңилдиктер бар”, - дейт Жамалдинов.
НУРБАЕВ: "Жогорку Кеңеште төраганын алдында ишкерликти колдоо боюнча атайын аянтча бар"

Жогорку Кеңештин депутаты
Абдывахап Нурбаев парламентте ишкерликти колдоо боюнча бир топ иштер жасалып жатканын айтты.
"Жогорку Кеңеште төраганын алдында ишкерликти колдоо боюнча атайын Бизнес кеңеш түзүлдү. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары болуп мен иш алып барам. Мындан тышкары ар бир фракциядан бирден депутат бар. Ошондой эле бул кеңешке Кыргыз мамлекетиндеги 20дан ашык бизнес ассоциациялардын өкүлдөрүн мүчө кылганбыз.
Ишкерликти колдоо боюнча атайын аянтчада сунуштар менен 6 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Эң башкысы Ачык асман саясаты жана Аба кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча бизнес кеңештин сунушу менен мыйзам кабыл алынып, президент кол койду. Бул кеңеш аркылуу өкмөттүн жана бизнестин өкүлдөрүн чакырып, кээ бир маселелерди ошол аянтчадан чечебиз. Азыр жеке камсыздандыруу компаниялары боюнча көп иштер жасалып жатат", - деди Нурбаев.
МАМАШОВА: "Жогорку Кеңеш инвестициялык климатты жакшыртууга жолдорду издегенге аракет кылып жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты
Айсулуу Мамашова парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маселелерди көзөмөлдөп турарына токтолду.
"Жогорку Кеңеш инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жолдорду издегенге аракет кылып жатат. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маселелерди көзөмөлдөп жатат. Инвестицияга зыяны тийбей турган мыйзамдарды чыгарабыз. Салык кызматы, Бажы кызматы жакшы иштесе инвестициялык климат жакшы болот. Кээ бир учурларда айрымдар инвесторлордун кереги жок деп айтышат. Тышкы инвесторлор болбосо экономиканы өнүктүрө албайбыз. Чет өлкөдөн инвесторлор келсе жаңы технология, жумушчу орундар түзүлөт”, - дейт Мамашова.