КҮНСОБОЛ: Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө катталды. Өлкөнүн аймагына өткөрүп жибергени үчүн өкмөт кандай жоопкерчиликке тартылышы керек?

Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жугузуп алган 3 жаран аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умра зыяратынан келишкен. Мындан улам бүгүн Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Коронавирус аныкталгандар менен бирге учакта 135 адам учуп келген. Илдет жугуп калган жарандар өлкөнүн аймагына кирген соң, обсервацияга алынган эмес. Айрымдар бул боюнча өкмөттүн ишин сындоодо.

SUPER.KG порталы "Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө катталды. Өлкөнүн аймагына өткөрүп жибергени үчүн өкмөт кандай жоопкерчиликке тартылышы керек?" деген собол салды.

ЗУЛПУКАРОВ: "Коронавирустун жайылып кетишине жол бербегенге аракет кылышыбыз керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров коронавирустун жайылып кетишине жол бербегенге аракет кылуу керектигин айтты.

"Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Штабда чектөөлөр, тыюу салуулар кабыл алынган. Ошол иш-чараларды аткарбай койгондор мыйзам алдында жооп берет. Кыргыз мамлекетинде коронавирус катталды. Эми кайсы жерде, кимдер милдетин так аткарбай койгону билинет. Сөзсүз бул маселе боюнча өкмөт өзүнүн чарасын көрүшү зарыл.

Кыргыз мамлекетинде 3 адамда коронавирус аныкталды. Мындан ары коронавирус таркап кетишине жол бербегенге аракет кылышыбыз керек. Бул жерде коронавирустун таркаган жерлерин картадан онлайн катары көрүп жатабыз. Деңиз жеринде, нымдуу жерлерде көп жайылып жатат. Кургак аба, бийик жерлерде коронавирус жуктургандар негедир аз. Кээ бир медициналык профессорлордун сүйлөгөн сөздөрүнө ишене турган болсок, деңиз деңгээлинен 5 жүз миң бийиктикте болгон жерлерде коронавирус алсыз болуп калат экен. Коронавирус жайылып кетүү коркунучу азыраак болот", - дейт Зулпукаров.

НЫШАНОВ: "Коронавирусту жеңгенге аракет кылышыбыз шарт"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов коронавирусту жеңгенге аракет кылуу зарыл деген ойдо.

"Бул маселени чечип алгандан кийин жоопкерчилик тууралуу карашыбыз керек. Сузакта карантин болуп, шаарлардагы дарыканаларда, дүкөндөрдө дүрбөлөң башталды. Президент кайрылуу жасады.

Эми дүрбөлөң токтойт деп ойлоп жатабыз. Дүрбөлөң токтотулса, жоопкерчиликсиз адамдардын айынан вирус өтүп кеткен болсо, анда сөзсүз түрдө жоопкерчиликти укуктук жактан караш керек", - дейт Сайдулла Нышанов.

ОРМОНОВ: "Коронавирус шалаакылыктан жайылып кеткен болсо, жооптуу адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов коронавирус шалаакылыктан жайылып кеткен болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин айтты.

"Алар чек арадан текшерилбей өткөн болсо cөзсүз түрдө жоопкерчилик болуш керек. Эгерде чек арадан текшерилгенде, анализди албай өткөрүп жиберилсе, анда ошол күнү кызматта тургандар сөзсүз түрдө жооп бериши зарыл. Коронавирус шалаакылыктан жайылып кетсе, жооптуу адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы шарт", - дейт Ормонов.

ТОКТОШЕВ: "Коронавирус жайылып кетпеш үчүн кийинки кадамдарды ойлошубуз керек"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев башында эле коронавирус катталган өлкөдөн келген жарандарды карантинге алыш керек болчу деген пикирде.

"Жоопкерчиликти түздөн-түз бирөө тартсын деп айтуу кыйын. Сырттан келгендерди текшергенде билинбей туруп, бир аптадан кийин аныкталышы мүмкүн. Жарандар өлкөгө кирип жатканда симптому байкалбайт. Алардын ооруганын же оорубаганын тактаган аппарат жок. Сырттан келгендерди абдан дыкат текшериш керек эле. Сырттан келгендердин баарын карантинге алуу зарыл болчу. Туура эмес иш кылышты. Эми мындан кийинки кадамдарды ойлошубуз керек", - дейт Эмил Токтошев.

ТУРУСБЕКОВ: "Ар бир адам жоопкерчилик алса туура болмок"

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков ар бир адам жоопкерчилик алса туура болмок деген ойдо.

"Мектептерди, бала бакчаларды, жогорку окуу жайларды каникул болсун деп сунуштаганда сын-пикирлер айтылган. Ишкерлерден кечирим сурап, тойлорду токтотолу деп айткам. Өкмөт штаб уюштурду, алардын программасы бар. Германияга учабыз дегенде визам да бар болчу, анализдеп, жоопкерчиликти карап барган жокмун. Ар бир адам жоопкерчилик алса туура болмок. Өкмөт жетиштүү иштерди кылып жатат, эми ар кимибиз жоопкерчиликтүү болушубуз керек", - дейт Турусбеков.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан