Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отуруму өттү. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков орусча текстти кыйналып окуганын коомчулук сынга алууда. Ал эми айрым жарандар мамлекеттик тилде эле баяндама жасаса туура болмок деген пикирлерин айтышууда.
SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин төрагасы орусча текстти кыйналып окуганы катуу сындалды. Мамлекеттин экинчи жүзү болгон адам мамлекеттик тилде сүйлөсө болбойт беле?" деген собол салды.
МАВЛЯНОВА: "Төрага кыргыз тилинде сүйлөсүн деген сөз болгон"
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова аталган отурумга ал дагы барганын айтты. "Биз 4 депутат жана төрага болуп Нур-Султан шаарына барганбыз. Төрага кыргыз тилинде эле сүйлөсүн деген сөз болгон. Бирок ал үчүн 8 тилде синхрондук котормо болушу керек эле. Ал жакка котормочуларды ээрчитип барышыбыз шарт болмок. Ага биздин техникалык мүмкүнчүлүгүбүз жок да", - дейт Махабат Мавлянова.
ОРМОНОВ: "Мамлекеттик чоң кызматтагылар биринчи кезекте кыргыз тилинде так сүйлөшү керек"
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов орус тилинде туура эмес сүйлөсө баса калган туура эмес деген ойдо. "Түрк парламенттер аралык ассамблеянын жыйынында мамлекеттик тилде сүйлөгөн жакшы. Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин отурумунда котормо тууралуу тактап бериштиби билбейм. Кавказ аймагында жашаган элдер орусчаны өздөрүнүн тилине ыңгайлаштырып сүйлөшсө сыймыктанышат. Биз болсо кыйкырып, баса калып жатабыз. Ар бир киши орус тилинде так сүйлөшү керек деген талап жок. Мамлекеттик чоң кызматтагылар биринчи кезекте кыргыз тилинде так сүйлөшү керек. Андан кийин орус тилинде, англис тилинде сүйлөсө болот", - дейт Ормонов.
ТУРУСБЕКОВ: "Жогорку Кеңештин төрагасы АКШга, Орусияга барса деле кыргыз тилинде сүйлөсө болот"
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков спикер Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда мамлекеттик тилде сүйлөсө болот эле деген пикирде. "Төрага отурумда кыргыз тилинде сүйлөсө болот. Өздөрү кыргыз тилинде сүйлөйбүз деп чечишсе, мамлекеттик тилде сүйлөй берсе болмок. Казакстанда эмес АКШга, Орусияга барып деле кыргызча сүйлөсө болот", - дейт Бактыбек Турусбеков.
ГАЙПКУЛОВ: "Кыргызды орус тилин билбейт экен деп талкуулап, сындаган туура эмес"
Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов бул нерсени талкууга алган туура эместигин айтты. "Башка тилди билген киши кыргыз тилин билбей калса, эч нерсе деп айтпайбыз. Ал эми кыргыз тилин билип, башка тилди билбей калса талкуулап, сындайбыз. Бул туура эмес. Төрага мамлекеттик тилде бардык жерде сүйлөсө болот. Спикерди Жогорку Кеңештин депутаттары шайлайт да. Аны орус тилин билет же билбейт деп шайлабайт да.
Бирок ошол эле учурда жогорку кызматта отурган киши сүйлөөнүн алдында, албетте, даярданышы керек", - дейт Гайпкулов.
ЗУЛПУКАРОВ: "Кыргыз улутундагы жарандар өзүнүн эне тилинде гана сүйлөгөнгө милдеттүү"
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров билдиргендей, Кыргыз жаранын орус тилинде туура эмес сүйлөдү деп сындаган болбойт.
"Кыргыз улутундагы жарандар өзүнүн эне тилинде гана сүйлөгөнгө милдеттүү. Башка тилде туура эмес сүйлөп койсо сындаган болбойт. Эл аралык тилдер бар. Ага орус тили кирет. Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда эл аралык тилде сүйлөө керек деген талап болушу мүмкүн. Ошондуктан төрага орус тилинде сүйлөсө керек", - дейт Зулпукаров.
НЫШАНОВ: "Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери төраганы даярдашы керек эле"
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановдун айтымында, ар дайым кыргызча сүйлөп жүргөн адам орус тилинде текст даярдаганда тили бир топ кайрылбай кыйналат.
"Мен эл аралык конференцияларга көп катышам. Ал жерде кыргызчадан башка тилдерге котормо жок болгондуктан, мамлекеттик тилде сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк болбойт. Ар дайым кыргызча сүйлөп жүргөн адам орус тилинде текст даярдаганда тили бир топ кайрылбай кыйналат. Бул жерде биринчи күнөө ал жакка кошо барган аппараттын кызматкерлеринде. Кыргыз тилдүү баяндамачыларды аппарат кызматкерлери даярдашы керек. Баяндаманы 10 сыйра окуганда жакшы болмок. Бул кийинкиге сабак болот. Бала бакчада, мектепте 100 пайыз кыргыз тилинде окуган адам атайын даярдыгы жок башка тилде баяндама жасаганы оор болуп калат", - дейт Нышанов.